МОМУНДАР МААНИ БЕРИШИ ЗАРЫЛ БОЛГОН ИШТЕР

319
0

بِسْمِ اللَّهِ الرَّحْمَنِ الرَّحِيمِ

 МОМУНДАР МААНИ БЕРИШИ ЗАРЫЛ БОЛГОН ИШТЕР

(1)

Момундар шахадат келмесин айтуу менен Аллахтын пендеси-кулу экендигине күбөлүк беришкен. Бирок, бул чыныгы же жасалма күбөлүк  берүү экендигин ашкере кылып коюу үчүн Аллах Таала ар түрдүү сыноолорду жиберет. Аллах Таала айтат:

وَأَنزَلْنَا إِلَيْكَ الْكِتَابَ بِالْحَقِّ مُصَدِّقًا لِمَا بَيْنَ يَدَيْهِ مِنْ الْكِتَابِ وَمُهَيْمِنًا عَلَيْهِ فَاحْكُمْ بَيْنَهُمْ بِمَا أَنزَلَ اللَّهُ وَلَا تَتَّبِعْ أَهْوَاءَهُمْ عَمَّا جَاءَكَ مِنْ الْحَقِّ لِكُلٍّ جَعَلْنَا مِنْكُمْ شِرْعَةً وَمِنْهَاجًا وَلَوْ شَاءَ اللَّهُ لَجَعَلَكُمْ أُمَّةً وَاحِدَةً وَلَكِنْ لِيَبْلُوَكُمْ فِي مَا آتَاكُمْ فَاسْتَبِقُوا الْخَيْرَاتِ إِلَى اللَّهِ مَرْجِعُكُمْ جَمِيعًا فَيُنَبِّئُكُمْ بِمَا كُنتُمْ فِيهِ تَخْتَلِفُونَ

Сага болсо (эй Мухаммад), өзүнөн мурдагы китеп(терди) ырастоочу жана ал (китептер) үстүндө күбө болгон бул Китепти чындык менен түшүрдүк. Демек, адамдар ортосунда Аллах түшүргөн нерсен менен өкүм кылгын жана сага келген акыйкаттан жүз үйрүп, алардын каалоо-нафсилерине ээрчибе! Силерден ар бир (коом) үчүн (өзүнчө) шарият жана жол кылып койдук. Эгер Аллах каалаганда, баарыңарды бир үммөт кылып койгон болор эле. Бирок, Өзү берген нерселерде силерди сыноо үчүн (ар бир үммөткө өзүнчө шарият,жол кылып койду). Демек, жакшы иштерге шашылгыла! Баарыңардын Аллахка кайтышыңар бар. Кийин Ал Зат силерге талашкан нерсеңердин кабарын берет.[5:48]

  1. Момундар үчүн бүгүнкү күндөгү эң зарыл болгон фарз т.а.

Аллахтын амри – бул куфр жана мункарларга ыраазы болбостон, аны өзгөртүү үчүн о.э. Аллах пенделери үчүн түшүргөн абалга алып келүү үчүн баш катыруу, бул ишти ар кандай иштен жогору коюу, аны ишке ашыруу максатында мүмкүн болушунча курмандык берүү. Ушуга кайдыгер болуп жаткандарга Аллах Тааланын өкүм-буйругун эскертүү да ушул шке салым кошуу болуп эсептелет. Ал эми мункарларга толуп-ташкан вакиъге карата унчукпай туруу, сүкүт сактоо же бир нерсе кылып жаткандай болуп көрүнүү момун үчүн арам, себеби акыйкаттан жүз үйрүп, алардын каалоо-нафсилерине ээрчүү болуп калат.

Сүкүт сактоо шарият боюнча вакиъде болуп жаткан ишке ыраазылык белгиси болуп, эгер ал иш мункар иш болсо, сүкүт сактоочу да ага салым кошуп жаткан болуп эсептелет.Төмөндө анын далилдерин келтиребиз:

«مَنْ رَأَى مِنْكُمْ مُنْكَرًا فَلْيُغَيِّرْهُ بِيَدِهِ, فَإِنْ لَمْ يَسْتَطِعْ فَبِلِسَانِهِ, فَإِنْ لَمْ يَسْتَطِعْ فَبِقَلْبِهِ وَذَلِكَ أَضْعَفُ الْإِيمَانِ»

««Силерден кимде-ким бирер мункарды көрсө, аны колу менен кайтарсын. Эгер (колу менен) кайтара албаса, тили менен (кайтарсын). Эгер (тили менен да) кайтара албаса, дили менен (кайтарсын т.а. ыраазы эместиги – жаман көргөн нерсесине болгон мамиледей – ар бир аракетинен, көрүнүшүнөн билинип турсун). Бул болсо ыймандын эң алсызы». Бул хадисти Муслим Абу Саид аркылуу риваят кылган.(Сайтыбыздагы “Сүкүт сактоо – демократияны колдоп-кубаттоого далил” темасын окуп чыгыңыз). Аллах Таала айтат:

أَلَيْسَ اللَّهُ بِأَحْكَمِ الْحَاكِمِينَ

Акыры Аллах өкүм кылуучулардын эң (адилеттүү)  өкүм кылуучусу эмеспи?! [95:8].

أَفَحُكْمَ الْجَاهِلِيَّةِ يَبْغُونَ وَمَنْ أَحْسَنُ مِنْ اللَّهِ حُكْمًا لِقَوْمٍ يُوقِنُونَ

Динсиздик өкүмдар болуусун каалашабы, ыймандары толо болгон коум үчүн Аллахтан да чырайлуу өкүм кылуучу ким бар?! [5:50].

Дагы бир далил: Муслим Нафиънин мындай дегенин риваят кылды: Ибн Умар мага мындай деди: Мен Расулуллах (с.а.в)дын мындай дегенин уктум:

«مَنْ خَلَعَ يَدَاً مِنْ طَاعَةٍ لَقِيَ اللَّهَ يَوْمَ الْقِيَامَةِ لاَ حُجَّةَ لَهُ، وَمَنْ مَاتَ وَلَيْسَ فِي عُنُقِهِ بَيْعَةٌ مَاتَ مِيتَةً جَاهِلِيَّةً»

«Кимде-ким итааттан баш тартса кыямат күнү Аллахка хужжаты жок абалда жолугат. Кимде-ким мойнунда байъаты жок абалда өлсө, жахилият өлүмү менен өлүптүр».

(уландысы бар)

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here