Хизб-ут-Тахрир менен Халифалык – бир түгөй эгиздер
Үстүбүздөгү хижрий 1442-жылы, миладий 2021-жылы кылым кылмышкери Мустафа Кемалдын колу менен Халифалыктын кулатылганына жүз жыл болду. Балким, бул Аллах Азза ва Жалланын динди жаңылоочу кишилерди чыгарып берген жаңы жүз жылдыктын башталышы болсо ажеп эмес. Динди жаңылоодо аткаруучу саясий вужудду т.а. Пайгамбарлык минхажы негизиндеги экинчи рошид Халифалыкты тикелөөдөн улуураак жана чырайлуураак жаңылоо иши болбосо керек. Себеби, биз ошондо Ислам байрактары башыбыз үстүндө желбиреп жатканын, Расулуллах ﷺдын башараттары жүзөгө чыкканын о.э. басып алынган мусулман өлкөлөрүбүздүн колонизатор кафир Батыш жана анын малайларнан, жуундукорлорунан азат кылынганын өз көзүбүз менен көрөбүз.
Мен Хизб-ут-Тахрир менен бирге 1989-жылдан бери иш алып барам. Хизб менен Ливан жана Сирияда тааныштым. Мына, жылдар өтүүдө. Биз бүгүн 2021-жылда турабыз, ушул даъват жүгүн мойнума алганыма 32 жыл болуптур. Ошондон бери Халифалыкты тикелөө идеясы максатыбызга айланып, пикирий жана саясий күрөш алып баруу, нусрат талап кылуу аркылуу бийликти ээлөө – тарыйкатыбыз болуп келүүдө. Мен Хизбге алгачкы байланган убагымдан тартып, ким менен талкуулашпайын, ал өзүнүн пикирин айтса, мен андан далил сурайт элем, бирок, андан «сиз Хизб-ут-Тахрирденсизби?» деген сөздү угат элем. Кандай жыйында болбосун Халифалык жөнүндө сүйлөсөм, «сиз Хизб-ут-Тахрирден экенсиз» деген сөздөрдү укчумун.
Жакамды кармап, өзүмө өзүм суроо берем: Кантип эле, далилге Хизб-ут-Тахрир гана ээ болсун?! Ушунча исламий кыймылдар болсо да, Халифалыкты тикелөө үчүн бир гана Хизб-ут-Тахрир аракет кылабы?!
Көп узабай, мен Хизбде дарс алып, пикирлерин терең үйрөнүп, аракетине шуңгудум. Бул арада Хизб адабияттары жана исламий сакафаты менен таанышып, башка кыймылдарды күзөттүм. Анткени, Хизб-ут-Тахрир анын исламий сакафатына ээ болгон ар бир кишиге ушул сакафатты дагы да терең үйрөнүүнү сунуштайт. Мына ушулардан кийин, чынын айтсам, мен далилдери мындан да күчтүүсүн, жолу мындан да туурасын табуу үчүн аларды салыштырат элем. Мен бир гана Аллах Азза ва Жалланы ыраазы кыла турганын издедим. Бирок, далилдерди текшерип, пикирлерге назар салып, аларды амалий жол менен салыштырууну – булардын баарын мага ким үйрөттү?! Албетте, Хизб-ут-Тахрир үйрөттү.
Тез арада, менин терең үйрөнүү жана катуу изилдешим аяктап-аяктабастан, Халифалык мамлекетинин башкаруу түзүмүнө, экономика түзүмүнө, ижтима түзүмүнө, таалим саясатына, башкаруу жана маъмурий жихаздарына, жазалар түзүмүнө, саясий түшүнүктөрүнө жана саясий караштарына, муну менен бирге, саясий, пикирий жана фикхий жоопторуна… туш болдум. Көргөн замат, булар курулай сөздөр гана болбостон, аклия жана нафсияларды пайда кылды, экөөсүнөн исламий шахсия пайда болууда. Т.а. далилдерди мыкты түшүнүүгө негизделген аклиялар о.э. эч артка кайтпастан толук шаръий өкүмдөргө моюн сунуп, итаат кылуучу нафсиялар жана бул экөөсүнөн исламий шахсиялар пайда болуп жатканын көрдүм. Башкача айтканда, Пайгамбарлык минхажы негизиндеги биринчи Халифалыкка ылайык заттардай болууга умтулган исламий шахсияларды пайда кылып жатканына күбө болдум.
Баарынан да ажайыбы – деталдуу далилдерге негизделген 191 беренеден турган дастур мукаддимасы жана дастур долбоору китеби. Куръан менен Сүннөт – Пайгамбарыбыз ﷺ негиз салган биринчи мамлекетти тикелеген. Кийин бул эки булак мухажир жана ансарлардын колу менен Пайгамбарлык минхажы негизиндеги биринчи рошид Халифалыкта уланды. Бүгүнкү күндө кулоо алдында турган капитализм жана кулатылган коммунизм кылымында бул эки булагыбыз болгон Куръан жана Сүннөт Ислам мамлекетин тикелөө үчүн сунушталган китептерге, пикирлерге жана түшүнүктөргө негиз болду.
Дастур долбоору же дастур мукаддимасы китебин окуп жатып, кыялда эмес, чындыкта, назарияда эмес, иш жүзүндө Исламий мамлекетте жашайсың… кудум халифаны жана ага берилип жаткан байъатты, анын муавиндерин жана мамлекет жихазын баамдайсың. Эл аралык мамилелерин: армия жана кошуун, ички коопсуздук жана аскерий идарага күбө болосуң. Аткара турган саясаты белгиленген мамлекеттин тикеленишинде чоң мааниге ээ болгон өнөр жайды көрөсүң. Халифа мамлекеттин тышкы иштеринде муавиндерди жер жүзүнө даъватты жеткирүүчүлөр жана мамлекет ишмерлери катары делегат кылып жиберишин, муну Ислам мамлекетинин башка мамлекеттер менен мамилелерди тартиптештирүүчү тышкы саясатына ылайык аткарышын көрөсүң. Казылык кеңешин, анын казылары түрдүү иштерди аткарууларын, мисалы, соода сатык жана базар иштери үчүн дайындалган мухтасиб казылардан тартып, жаран менен акимдер ортосундагы мазалим казысына чейин, баарына күбө болосуң. Мамлекет казынасын, Байтулмалды, анын экономика түзүмүнө ылайык киреше жана чыгашаларды көрөсүң жана диниңер кандай гана инсаний жана дүйнөлүк экенин сезесиң. Ал тургай, замандын куралы болгон массалык маалымат каражаттары да Пайгамбарлык минхажы негизиндеги экинчи рошид Халифалык долбоорунун ээси болгон Хизб-ут-Тахрирдин этибарынан четте калбаганын көрөсүң. Хизб Халифалык мамлекети үчүн маалымат саясатын белгилөөгө жооптуу басма сөз чөйрөсүн долбоорлоштуруп койгонун, мындан мамлекеттин ичинде жана сыртында бир бүтүн исламий коомду куруу көздөлгөнүнө күбө болосуң. О.э. мындан Исламдын согуш жана тынчтык абалындагы улуулугун, адилетин жана кошуундарынын кубатын көрсөтүү, башка кайрыисламий түзүмдөр бузгунчу жана залимдигин, кошуундардын алсыздыгын ачыктоо максат кылынганын көрөсүң. Бул китепти окуп, эркек менен аялдын ортосундагы мамилелер белгиленип, баяндап берилгенин, аял кишинин акы-укуктары, тынчсыз күндөрдө анын мойнундагы вазыйфалары көрсөтүп берилгенин сезесиң. Ал тургай, китептер силерди Уммат межлисине (шуро жана мухасаба межлисине) жеткирет. Силер булардан Умматты айгинелөө о.э. Исламды таза, анык жана тунук исламий сакафат негизинде көтөрүп чыкчу жаштарды даярдоо көздөлгөнүнө, ушул сакафатта Исламдагы таалим саясаты калыптанганына күбө болосуң. Бул таалим саясаты адамга турмуш майданында зарыл болгон иштерди үйрөтүшүн, ар бир эркек жана аялга анык, системалуу багыттар негизинде акысыз таалим берүүнү мамлекетке жүктөгөнүн, ар бир изилдөөчүгө керектүү мүмкүнчүлүк жаратуу үчүн аларды ал тургай мектеп жана университеттер сыртында да китепкана жана лабараториялар менен камсыздашын, мындан көптөгөн мужтахидтер, ачылыш жасоочулар жана аалымдарды даярдоо максат кылынганын көрөсүң.
Бул жана башка нерселерди Хизб-ут-Тахрир 550дөн ашык баракта басып чыкты. Чырайлуу сөздөр менен эмес, Китеп-сүннөттөн, сахабалар ижмасы жана кыястан шаръий далилдер келтирүү менен баян кылды. Ал чындыгында исламий дастур болушу т.а. ага амал кылууну мусулмандарга фарз кылган шаръий өкүмдөр болушу керек.
Булардын баарына ээ болуу бир нерсени гана – олуттуу аракетти жана оор эмгекти түшүндүрөт. Аллах Субханаху каалаган абалда туралы, бизге жана бүткүл Умматка нусрат беришине ылайык бололу.
﴿وَلَيَنصُرَنَّ اللَّهُ مَن يَنصُرُهُ إِنَّ اللَّهَ لَقَوِيٌّ عَزِيزٌ﴾
«Албетте, Аллах Ага жардам бергендерге нусрат-жардам берет. Шек-күмөнсүз Аллах күчтүү, кудуреттүү» [22:40]
Бул – Хизб-ут-Тахрирдин, саясий Хизб катары 68 жылдык тынымсыз саясий иш-аракети. Кандайдыр бир адабият жана китептерди жазгандардын көпчүлүгү бул жолдон жүз үйрүп кеткен бир убакта, Хизб ушул даъватты кайраттуулук менен, маселени назарий жана амалий жактан карап, дагы эле аракетин улантууда.
Ооба, ушулардан улам Хизб-ут-Тахрир менен Халифалык, Халифалык менен Хизб-ут-Тахрир бир эненин (Ислам, анын Китеби жана сүннөтүнүн) курсагынан түшкөн эгиздерге айланды. Аллахтын уруксаты менен, Хизб-ут-Тахрир өз максатына берилип бекем турду. Бул максат үчүн эмне зарыл болсо, баарын жазды жана күндөрдү түндөргө улап, дагы эле аракетин улантууда. Хизб-ут-Тахрир, анын даъватын бирер нусрат ээлери кабыл алып, мурдагы ансарийлер сыяктуу ансарларга айланышмайынча о.э. Аллах Субханаху ушул каламында айткандай, Хизб да Аллахтын жардамы менен, бул нусратка ылайык болушмайынча ушул аракетин токтоосуз улантат:
﴿وَالسَّابِقُونَ السَّابِقُونَ 0 أُولَئِكَ الْمُقَرَّبُونَ 0 فِي جَنَّاتِ النَّعِيم 0 ثُلَّةٌ مِّنَ الْأَوَّلِينَ 0 وَقَلِيلٌ مِّنَ الْآخِرِينَ﴾
«Алдыңкы болуучулар (бейиш ниъматтарына жетишүүдө да) алдыңкы болуучулар! Мына ошолор наз-ниъмат бактарында (Аллах Таалага) жакын кылынуучулар. (Ал алдыңкылар) мурунку (үммөт)төрдөн көпчүлүк, кийинкилерден (Мухаммад алайхис-салам үммөттөрүнөн) болсо аз» [56:10-14]
Мына, Хизб-ут-Тахрир өз амири улуу аалым Ата ибн Халил Абу Рошта (Абу Ясин) хафизахуллах, андан мурунку эки амир т.а. Хизбдин негиздөөчүсү Такийюддин Набаханий (Абу Ибрахим) жана Абдулкадим Заллум (Абу Юсуф) рахимахуллахтардын жолун жолдоду. Аллах Тааладан бизди динди жаңылай турган, шариятын жана мамлекетин тикелей тургандардан кылышын сурайбыз.