Эй мусулмандар! Ислам үчүн биз амал кылбасак, анда ким амал кылат?!

331
0

Эй мусулмандар! Ислам үчүн биз амал кылбасак, анда ким амал кылат?!

 Устаз Юсуф Абу Зар

Хизб-ут-Тахрирдин мубарек Фалестин

жериндеги маалымат бөлүмүнүн мүчөсү

Эй мусулмандар, анбиялардын соңкусу Мухаммад ﷺдан кийин вахий кылымы токтоду. Ал заттан адамзаттын колунда рисалат жана Куръандан башка эч нерсе калбады. Пайгамбарлар заманы аягына жетип, анбиялардан кийин рисаланы көтөрүп чыккан силерден башка эч ким калбады. Ал тургай, адамдардын колу менен жер жана деңизде бузгунчулук кеңири жайылып, тогуттук даражасына жеткенин ачык-айкын көрүп турабыз… Жада калса, адамдар жахилият караңгылыгына чөктү. Адамдар чөгүп караңгылыктын түбүнө жетейин деп турат, аларды бул караңгылыктан куткарып, силер нурга алып чыгасыңар. Жатка алынган жана ушул аркылуу дин да сакталган Китепти Аллах силердин колуңарга аманат кылып тапшырды жана аны жаюуну силердин мойнуңарга жүктөдү. Аллах Азза ва Жалла айтат:

﴿الر كِتَابٌ أَنزَلْنَاهُ إِلَيْكَ لِتُخْرِجَ النَّاسَ مِنَ الظُّلُمَاتِ إِلَى النُّورِ بِإِذْنِ رَبِّهِمْ إِلَىٰ صِرَاطِ الْعَزِيزِ الْحَمِيد﴾

«Алиф, Лам, Ро. Биз сага, адамдарды Жараткандын изни-ыктыяры менен караңгылыктан нурга — кудурет жана алкоо, мактоо ээси болгон Заттын жолуна — алып чыгышың үчүн түшүргөн Китеп»                                                                                                          [14:1]

Расулуллах ﷺдан кийин бул рисаланы адамзатка көтөрүп чыгуучулар – силерсиңер. Силер жөнүндө Аллах Таала мындай дейт:

﴿كُنتُمْ خَيْرَ أُمَّةٍ أُخْرِجَتْ لِلنَّاسِ تَأْمُرُونَ بِالْمَعْرُوفِ وَتَنْهَوْنَ عَنِ الْمُنكَرِ وَتُؤْمِنُونَ بِاللَّهِ وَلَوْ آمَنَ أَهْلُ الْكِتَابِ لَكَانَ خَيْراً لَّهُم مِّنْهُمُ الْمُؤْمِنُونَ وَأَكْثَرُهُمُ الْفَاسِقُون﴾

«Силер адамдар үчүн чыгарылган умматтардын эң жакшысы болдуңар. Анткени, силер маъруфка буюрасыңар, мункардан кайтарасыңар жана Аллахка ыйман келтиресиңер. Эгер ахли китептер да ыйман келтиришкенде, өздөрү үчүн жакшы болоор эле. Алардын момундары да бар, (бирок) алардын көпчүлүгү фасыктар»                                                             [3:110]

Эй мусулмандар!

Ислам адамзатка жан берип, дарттардан арылтат. Бүгүнкү күндө материалдык адашуудан жана рух боштугунан адамзат тажады. Бактысыз кылуучу системалар жана адаштыруучу пикирлерден азап тартты. Бүткүл жер жүзүн кыйроо жакасына жеткирген бул пикирлер менен адамдар Аллахка башка кудайды шерик кылып, Аллах уруксат бербеген капитализмди түзүм кылып алышты. Акыбетте, бул алсыз адамдарга зулум кылып, адам табиятына тескери болгон илманийликти мыйзам кылып орнотту.

Ислам көлөкөсү жоголгон жана Халифалык күнү кайып болгон убакта, Ислам Умматы имарат бузулушу, устундар кулатылышы, душмандар өкүмдар болушу, умматтар арасында алсыроо сыяктуу мусибаттарга дуушар болду. Ислам Умматы Ислам менен шыфаа табышы керек. Мына ошондо ал аркылуу башка умматтар да шыфаа табат. Ислам менен жамдалышы лазым, мына ошондо башка умматтарга да жан кирет. Мындан башка жашоо-жан жок. Аллах Азза ва Жалла айтат:

﴿يَا أَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُوا اسْتَجِيبُوا لِلَّهِ وَلِلرَّسُولِ إِذَا دَعَاكُمْ لِمَا يُحْيِيكُمْ﴾

«Эй момундар, Аллах жана Анын Расулу силерди түбөлүк жашоо бере турган нерсеге чакырганда, аны кабыл алгыла»                                                                                     [8:24]

Оору анык, дабаасы дайын. Умматтын жанданышы жана сакайышы Аллахтын дини турмушта колдонулушуна, мамлекеттин, Халифалыктын тикеленишине байланыштуу. Аллахтын Халифалыгы Умматты Ислам шарияты менен башкарып, рисалатты кайра көтөрүп чыгууга жардам берет.

Эй мусулмандар!

Ислам мамлекетин тикелөө аркылуу динди турмушта колдонуу жолундагы аракет бүткүл Умматтын айланасында өтө кызуу кетүүдө. Мына, Хизб-ут-Тахрир силердин араңарда ачык-айкын аракет кылууда, аны тааныйсыңар, даъватын да билесиңер. Ал Ислам долбоорун көтөрүп чыгууда. Бул долбоор силердин долбооруңар, Аллах аны мойнуңарга аманат тапшырган жана муну да билесиңер. Аллахтын китебинен кожоюндук шарияттыкы болуп, Аллах түшүргөн өкүмдөр менен өкүм жүргүзүү жана Ислам мамлекетин тикелөө фарз экенин билесиңер. Себеби, ушуну менен дин турмушта колдонулат. Мамлекет менен Умматты бириктирүү жана Умматты бөлүп салган чегараларды жок кылуу – шариятта буйрулган шарттардын бири. Уммат өз токтомун өзү кабыл алышы үчүн өз бийлигине ээ болушу, өз байлыктарынан өзү пайдаланышы үчүн душманга малайлык кылуу кишендерин талкалашы шарт. Силер муну ишке ашырууга каршылык кылып жаткандар – колонизатор кафирлер жана аларга малай акимдер экенин да билесиңер. Бирок, силер Хизб-ут-Тахрирдин түзүлгөндөн бери кафирлерге жана алардын малай акимдерине каршы пикирий-саясий күрөш алып барып жатканын, бул долбоорду көтөрүп чыгып, аны ишке ашыруу үчүн аракет кылып жатканын жана силерди да даъват кылып жатканын, баарын билесиңер.

Умматты ойготуу үчүн бир нече жолдор пайда болуп, бул үчүн бир канча кыймылдар жүзөгө келди. Алардын айрымдары башынан эле Аллахтын жолунан жүз үйүргөн болсо, айрымдары реалдуулуктун басымы астында шаръий фарзды ташташты жана буга реалдуулуктагы мүмкүн иш деген нерсени «хужжат» кылып, Аллахтын жолунан адашышты. Аллахтын сиротул мустакиминен тайган бул кыймылдардын баары силерге ашыкча жүк болуудан, талыккан Умматты дагы да алдан тайдыруудан башка нерсеге жарабады. Кимде-ким күч-кубатты ушулардан издесе, кор болгону гана калды, кимде-ким мындан өсүү-пайданы көздөсө, артка кеткени гана калды. Өлкөлөрүбүздү азат кылууну максат кылган уюмдар акыбетте аны душманга тапшырышты, алардын арасынан залимдерге моюн сунушканы да, Умматтын маселесин душмандын колуна тапшырышканы да, баары адашууда. Алардын бийликке келишинде Уммат тажрыйба майданына айланып калды. Бирок, баары ийгиликсиз тажрыйба болуп чыкты. Бул ийгиликсиздик өлкөлөрүбүздүн ал четинен бул четине чейин кеңири жайылды. Мисалы, Тунис, Ирак, Алжир, Фалестин, Мисир жана Яман… сыяктуу. Негизи, Аллах Таала айтат:

﴿وَأَنَّ هَذَا صِرَاطِي مُسْتَقِيماً فَاتَّبِعُوهُ وَلَا تَتَّبِعُوا السُّبُلَ فَتَفَرَّقَ بِكُمْ عَن سَبِيلِهِ ذَلِكُمْ وَصَّاكُم بِهِ لَعَلَّكُمْ تَتَّقُونَ﴾

«Албетте, мына ушул Менин Туура Жолум. Демек, ушул жолду ээрчигиле, (башка) жолдорду ээрчибегиле, алар силерди Анын жолунан үзүп коёт, балким таква кылаарсыңар, деп силерди мына ушул нерселерге буюрду»                                                                                     [6:153]

Эй азиз Уммат!

Эй мусулмандар!

Хизб-ут-Тахрир силерге өз даъватын маселеңердин о.э. Исламыңардын талаптарынын анык көрүнүшү катары жеткирүүдө. Бул даъватты болжолдуу эмес, шарият өкүмдөрү негизинде ишке ашырууда. Хизб өз аракетинде сокурларча же тартипсиз тажрыйбалар негизинде иш кылбады, балким, даъватты шаръий тарыйкатына ылайык алып барды. Бул иште жеңишке жетүү о.э. кифая пайда болушу үчүн силердин жардамыңар талап кылынат. Демек, Исламга нусрат-жардам берүү үчүн Хизб-ут-Тахрир менен бирге аракет кылгыла, Халифалыкты тикелөө үчүн ага жардам бергиле. Себеби, силер да, Хизб да бир кемедесиңер, Ислам менен гана кутуласыңар. Кемечи чөгүүгө жол бербейт, жетекчи өз калкын алдабайт. Силер дүйнөгө фарз-важибдер өңүтүнөн карагыла, убада жана башараттарга этибар бергиле. Силерге – Аллахтын уруксаты менен – нусрат убада кылынды, үстөмдүк-жеңиш кушкабары берилди. Ушундай болгон соң, диниңерди үстөм кылгыла. Себеби, аракет кылган адам түшүм алат. Ойгонуу мафкура жана нусраттан башка нерсе эмес. Бул иште Аллах силердин колдоочуңар болуп, Ал аракетиңерди натыйжасыз калтырбайт.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here