Бишкек шаары “кызыл” зонага киргизилди

263
0

Бишкек шаары кызылзонага киргизилди

Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлү, эпидемиолог Зуридин Нурматов билдирди.

“Үч күндөн бери Бишкек шаары “кызыл зонада” турат. Чүй аймагы “сары зонага” кирип калды. Калган региондордо абал дурус”, – деди Нурматов

Министрлик илдетке чалдыккан адам өзү жүргөн чөйрөсүндө канча адамга жугузду деген көрсөткүч менен өлчөп турат. Эгерде бир адам 50дөн ашык адамга жугузган болсо ал аймак “кызыл зонага” өтөт.

Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиевдин билдиришинче, Кыргызстанда коронавирус инфекциясынын үчүнчү толкуну май-июнь айларында башталышы мүмкүн.

Учурда ооруканаларда 648 дарыланууда, алардын ичинен 34 адам оор абалда.

О.э. 29-мартта башталган эмдөө иши азыркыга чейин планга ылайык жүрбөй жатат. 15-апрелге чейин 75 миң жаран эмделиши керек болсо, сегиз күндүн ичинде COVID-19га каршы болгону 545 адам эмделген.

Сереп: Буга чейин, президент Садыр Жапаров УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевге 2010-жылдагы июнь окуясындагы материалдарды кайрадан иликтөө боюнча тапшырма берген. Себеби, Жапаров тарабынан сунушталып жаткан жаңы конституция долбоору көптөгөн талаш-тартыштарга жем таштап, каршылыктарга дуушар болду. Жаңы конституцияны “ханституция” деп атап алган батышчыл саясатчылар Россияны ыраазы кылуу үчүн жаңыланып жаткан о.э. президенттин ыйгарым укуктарын кеңейте турган өзгөрүүлөргө олуттуу каршылык көрсөтүп жатышат. А бирок, батышчыл күчтөрдүн талабына кулак салбаган Жапаров Россиянын колдоосунан үмүттөнүп, конституцияны өзгөртүү боюнча референдумду 11-апрелге белгиледи. Референдумдан кийин батышчыл саясатчылардын ыктымалдуу каршылыктарын жана элди бийликке каршы көтөрүү аракеттеринин алдын алуу максатында Садыр Жапаров июнь окуяларын иликтөөнү тапшырды. Себеби, 2010-жылдын июнь окуяларында негизги ролду батышчыл “убактылуу өкмөттүн” мүчөлөрү ойногон эле. Жапаров июнь окуяларын кайрадан иликтөө аркылуу алардын ар бирине “компромат” даярдап коймокчу болууда.

Мындан тышкары, Жапаров ушул кезге чейин убадаларынын бирин да аткарбады. “Кумтөр” маселесин көтөрүп чыгуу менен элдин ишенимине кирген Садыр Жапаровдун президент болгондон кийин “Жерүй” алтын кенин Россияга берип жибериши о.э. ал бийликке келгенден бери баалар тынымсыз өсүп жатышы элдин президентке жана жаңы өкмөткө болгон ишенимин жокко чыгарууда. О.э. Садыр  Жапаров май айынан баштап “светтин” баасын арзандатууга убада берген. Бирок, Садыр Жапаров “Kazinform”го берген интервьюсунда: “Токтогул суу сактагычындагы абал ушундай улана берсе, “кооптуу абалга келип калат”. Ошол себептен кошуна мамлекеттерден электр энергиясы импорт кылуу маселеси каралып жатат, Казакстан 0,9—1 миллиард кВт/саат электр энергиясын экспорт кылууга даяр экендигин билдирди”, – деди. Мындан тыянак чыгарсак, демек Жапаровдун электр энергиясына болгон бааны төмөндөтүү убадасы да аткарылбайт. Батышчыл күчтөрдүн мындай абалдан пайдаланып калууга аракет кылары табыгий көрүнүш. Алар референдумду жана аткарылбаган убадаларды шылтоолоп элди бийликке каршы козголууга чакырышы мүмкүн. Ушул кезге чейинки бардык төңкөрүштөрдө Бишкек негизги ролду ойногон. Негизи, өзгөрүүлөр борбордон башталып, андан кийин өлкөнүн башка аймактарына жайылышы табигый көрүнүш. Ошол себептен да расмий бийлик болушу мүмкүн болгон нааразылык акциялары менен митингдердин алдын алуу максатында Бишкекти “кызыл” зонага айландырды. Эгер кырдаал курчуп кете турган болсо коронавирус шылтоосунда борборго толук карантиндик абал киргизилет. Буга азыртадан даярдык көрө башташты. Бишкек шаарындагы мектептер менен бала-бакчаларды 12-апрелден баштап онлайн форматына өткөрүү боюнча чечим кабыл алынды.

 Абдурахман Адилов

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here