АР БИРИҢЕР БАШКАРУУЧУСУҢАР, АР БИРИҢЕР КОЛ АСТЫҢАРДАГЫЛАРГА ЖООПКЕРСИҢЕР

320
0

Ар бириңер башкаруучусуңар, ар бириңер кол астыңардагыларга жоопкерсиңер

Пайгабарыбыз саллаллаху алейхи ва саллям айткан бул хадисте ар бир мусулмандын жоопкерчилиги белгиленүүдө. Ар бир мусулман башкаруучу: ата үй-бүлөнүн, мугалим окуучулардын, ишкер жумушчуларынын, редактор басылманын, аким элинин… башкаруучусу. Ар бири өзүнүн кол астындагыларга жоопкер, кантип башкарып, канчалык Исламга ылайык жетектеп жатканы туурасында Аллахтын алдында жооп беришет. Бул хадистин уландысында мындай делет: «Ар бириңер башкаруучусуңар жана ар бириңер кол астыңардагыларга жоопкерсиңер. Имам – башкаруучу жана ал өз жаранына жоопкер. Эркек киши – башкаруучу жана өз кол астындагыларга жоопкер. Аял – жолдошунун үйүндө башкаруучу жана өз кол астындагыларга жоопкер. Кызматкер – кожоюнунун малын сактоочу жана өз кол астындагыларга жоопкер. Ар бириңер башкаруучусуңар жана кол астыңардагыларга жоопкерсиңер».

Учурдагы капитализм доорунда бул жоопкерчилик өзгөчө бир таңкыс нерсеге айланды, дээрлик жок десек болот. Жоопкерчиликтин жоктугунан улам адамдар көптөгөн бактысыз, көңүл иренжиткен абалдарга туш болушууда. Адамдар Исламдан алыстап, кызыкчылык, киреше, байлык биринчи орунда турган капитализмдин идеяларын ээрчип? аманатка кыянаттык кылышууда. Бул жерде акимдердин жоопкерсиздигин айтып өтүү өзгөчө мааниге ээ. Себеби жеке адамдын жоопкерсиздиги анын кол астындагылар менен чектелсе, акимдин жоопкерсиздиги жаамы өлкөгө терс таасирин тийгизет. Жогорудагы хадисте да «Имам – башкаруучу жана ал өз жаранына жоопкер» делип акимдин жоопкерчилиги өзгөчө баса белгиленип келген.

Бүгүнкү күндүн акимдери жоопкерчилик дегенди таптакыр унутушту, айрымдары жашырып олтурбастан ачык эле өз элине кыянаттык кылышат, элдин байлыгын жеп, өзү менен кошо колонизаторлорго жедирип, баласын же жакын адамын өзүнөн кийин бийликте калтырышат. Колонизатор Батыш дал ушундай адамдарды мусулмандардын башчылыгына алып келет, себеби андай адамдар аркылуу элдин байлыгын талап-тоноо, мусулмандардын биримдигин бузуу, капиталисттик демократия системасын бекемдеп, элди Исламдан алыстатуу жеңил болот. Эгер чынчыл, өз элин ойлогон адам жетекчиликке келсе, ал да жоопкерсиз болууга мажбур. Анткени эл аралык, мамлекеттердин ортосундагы келишимдер, ар кандай эл аралык жана регионалдык уюмдар андай чынчыл жетекчини өз элине кыянаттык кылууга аргасыз кылат. Себеби бул келишимдер жана уюмдар жалаң гана колонизатордун пайдасын камсыздайт. Ошондуктан элге жоопкерсиз мамиле жасалгандыктан улам, аким менен калк эки топ болуп калды. Эл акимди жаман көрөт «акыбызды жеп койду» деп, аким элди жаман көрөт «булар мени бийликтен кулатат» деп. Алардын ортосундагы ажырым уламдан-улам кеңейүүдө. Андай акимдер тууралуу Пайгамбарыбыз саллаллаху алейхи ва саллям таасын айткан: «Менден кийин жалган сүйлөгөн, муну билген жана ошону менен иш кылган башчылар болот, ким алардын жалганын тастыктаса, зулумуна жардам берсе, ал менден эмес, мен андан эмесмин».

Мусулмандардын ата-бабалары жоопкерчилик кандай болорун, жаранга кандай мамиле кылуу керектигин иш жүзүндө көрсөтүп беришти, алар жогорудагы пайгамбарыбыздын «Ар бириңер башкаруучусуңар жана ар бириңер кол астыңардагыларга жоопкерсиңер» деген васиятын абдан жакшы түшүнүшкөн. Алардын амалы Кыяматка чейин алтын тамгалар менен сакталып калат. Мусулмандар алар жөнүндө жакшы билишсе да, айрым учурларды учкай айтып өтүүнү эп көрдүм.

Акимдин жоопкерчилиги жөнүндө кеп кеткенде дароо эле рошид халифалар эске түшөт. Алардын бири фарук Умар розияллоху анху аким тууралуу мындай дейт: «Аллах алдында эң бактылуу башчы – бул жарандары бактылуу болгон жетекчи. Эң бактысыз башчы – бул жарандары бактысыз болгон жетекчи». Умар розияллоху анху жоопкерчиликке кайдыгерлик кылып коюудан абдан корккон, ал мындай дейт: «Эгер бир төө Ефраттын жээгинде кырсыкка учурап өлсө, Аллах ал жөнүндө мени суракка алуусунан коркомун».

Мусулман башчыларынын эл алдындагы мындай жоопкерчилиги мусулмандарды акимдин тегерегинде биригүүнү кепилдеп гана калбастан, а түгүл, кайрымусулмандарды бир четинен суктандырса, бир четинен мусулмандардын бийлик жүргүзүүсүн талап кылууга үндөдү. Себеби мусулман башчы анын карамагына кирген ар бир жаранга: мусулманга да, кайрымусулманга да жоопкер. Маселен мусулман кошууну Самаркандды фатх кылып, бул фатхта айрым бир шарият эрежелери бузулгандан улам, Самарканддан чыкмакчы болот. Бирок мындай жоопкерчиликти көрбөгөн, жалаң гана зулум тартып келген Самарканд эли мусулман кошуунун калууну талап кылышкан.

Ошондой эле мусулмандар Шамды фатх кылып жатышканда да ушундай окуя жүз берди. Абу Убайда розияллоху анху Хомс калкынын жизясын өздөрүнө кайтарып берип жатып: «Биз башка иштер менен алек болуп, силерге жардам бере албадык жана коргой албадык», – дейт. Анын мындай инсаний улуу позициясы хомстук христиандарга катуу таасир кылып, алар: «Мазлум абалыбыздан көрө силердин достугуңар жана адилетиңер биз үчүн абзел», – дешип, мусулман кошууну менен биргеликте Византия падышасы Ираклийге каршы согушууга чечим кылышат. Ислам тарыхында ушул сыяктуу окуялар абдан көп. Бул окуяларды угуп Аллахка такбир, мактоо гана айтасың. Пайгамбарыбыз саллаллаху алейхи ва саллямдын «кол астыңардагыларга жоопкерсиңер» деген васияты акимди жана элди бул дүйнөдө жана Кыяматта бактылуу кылып, кайрымусулмандардын жүрөгүн багындырды.

Мындай улуу жоопкерчиликтин пайда болушуна эмне себеп? Албетте Ислам! Ислам гана инсанды ушундай улуу даражаларга көтөрөт. Ошондой эле, жоопкерчилик (элди башкаруу) Ислам өкүмдөрүн колдонууга бекем байланышкан. Алардын тыгыз байланышы жөнүндө Пайгамбарыбыз саллаллаху алейхи ва саллям мындай дейт: «Ислам жана Султан – эгиз ага-инилер, алардын бири экинчисисиз болбойт. Ислам – негиз, ал эми, султан – сакчы. Эмненин негизи болбосо, ал ойрон болот, эмненин сакчысы болбосо, ал кыйрайт». Бул хадистин шархында Ибн Таймия рохимахуллох айтат: «Эгер, султан адилет болсо, адамдардын иштери да дурус болот, султан адилетсиз болсо, ага жараша адамдар да бузулат».

Аалым Калакашандий «Субхул Аъша» китебинде мындай дейт: «Халифалык менен дин корголот, Исламдын тазалыгы сакталат, караңгылык жарыктанат, жаза-хаддар колдонулуп, тыюу салынган нерселерге жол берилбейт, бузукулук жана тукум аралашуусу токтотулуп, чек аралар корголот, арам иштерге жол берилбейт».

Көрүнүп тургандай мусулмандар Халифалыкты тикелеп Исламды колдонгон доорлордо улуу фатхтарды жасашып, адилеттик орнотушту, аким өзүнүн кол астындагыларга кандай жоопкер экенин дүйнөгө көрсөтүштү. Ошондуктан биз да мурункудай улуу болууну кааласак, акимдердин адилетинен улам эл акимге дуа тилеп, акимдер элге дуа кылган доорду башыбыздан өткөрүүнү каалсак, Ислам минхажына кайтуубуз шарт. Бул Халифалыкты тикелөө жолу!

Харун Абдулхак

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here