«Стамбул конвенциясы» өз ичине алган сегиз кооптуу түшүнүк (1)

360
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

«Стамбул конвенциясы» өз ичине алган сегиз кооптуу түшүнүк (1)

Устаз Ханнан Хумайрий

Хизб-ут-Тахрир–Тунис вилаятынын аялдар жаатынын расмий сүйлөөчүсү

Биринчи: гендер.

Стамбул конвенциясынын 3-беренесинин (с) жана (d) пунктунда мындай делет:

(с) «Гендердик» – бул белгилүү бир коом тарабынан аялдар жана эркектер үчүн ылайык деп табылган вазыйпалар, кулк-мүнөз, иш-аракеттер».

(г) «Аялдарга карата жыныска негизделген зомбулук» – аялга каршы анын аял болгондугу себептүү же аялдарга терс таасир көрсөтө турган түрдө жасала турган бардык зомбулуктарды түшүндүрөт.

Стамбул конвенциясы «жыныска негизделген зомбулукка» каршы күрөшүүгө багытталган, бул гендер назариясына тыгыз байланышкан.

Бул назарияга ылайык, гендер биологиялык жыныска т.а. аял менен эркекке байланыштуу эмес, аларга өз жыныстарын жана каалооорун мыйзам-эрежесиз эч кандай тоскоолдуксуз өздөрү белгилөө ыктыяры берилишине байланыштуу.

Ушул туура эмес назарияны көрүп турганыңардай, жыныстык идентификацияны адамдын эркек же аял болуп төрөлүшү менен белгиленбеши керек. Бул назарияга ылайык, кыз бала кыз бала болуп, уул бала уул бала болуп төрөлбөйт, балким, алардын жынысы коом жана өкүмдар сакафаттын күчү менен белгиленет. Ошондуктан, Стамбул конвенциясы адамга өз жынысын тандоо мүмкүнчүлүгүн берет.

Мындай бузуку пикир динди турмуштан бөлгөн материалдык хазараттын табигый жемиши болуп эсептелет. Ислам хазаратына келсек, ал – роббаний хазарат. Ислам өз түшүнүктөрүн адамзат табиятынын маңызын үйрөткөн Куръандан алган. Бул маңыз ушул аят каримада ачык баян кылынды:

يَا أَيُّهَا النَّاسُ إِنَّا خَلَقْنَاكُم مِّن ذَكَرٍ وَأُنثَىٰ وَجَعَلْنَاكُمْ شُعُوبًا وَقَبَائِلَ لِتَعَارَفُوا إِنَّ أَكْرَمَكُمْ عِندَ اللَّهِ أَتْقَاكُمْ إِنَّ اللَّهَ عَلِيمٌ خَبِيرٌ

 «Эй инсандар, чындыгында Биз силерди бир эркек жана бир аялдан жараттык да бири-бириңер менен таанышып (дос-жолдош болушуңар) үчүн силерди (түрдүү) элдер жана уруу-элеттер кылып койдук. Албетте силердин Аллах алдындагы эң урматтууңар эң такваларыңар. Албетте Аллах Билүүчү жана Кабардар»                                                                    [49:13]

Экинчи: «аялдарга карата зомбулук» деген нерсе менен аял-эркек ортосундагы теңсиздик деген нерсени атайылап, жаман ниетте байланыштыруу. Стамбул конвенциясынын кириш сөзүндө «аялдарга карата зомбулуктун системалуу табияты жыныска негизделгендиги о.э. аялдарга карата зомбулук аялдарды эркектер алдында социалдык жана саясий жактан моюн сунуучу абалда сактоо механизмдеринен экендиги» айтылат.

Стамбул конвенциясына ылайык, аялдын жолдошу же ага-инилери жана башка үйдө же коомдук турмушта эркек киши тарабынан зомбулукка учурап жатканы ушул эркектин аклий жана психологиялык натыйжасы. Т.а. бул эркек аялга зомбулук кылып жатканда «аялга ушундай жол менен мамиле кылынмайынча ал түшүнбөйт, себеби, мен эркек киши, ал болсо аял киши» деген жашыруун ишенимден келип чыгып зомбулук кылат.

Конвенциядагы мындай түшүнүк өтө кооптуу жаңылыштык. Себеби, бул нерсе үй-бүлөдө болобу, коомдук турмушта болобу, эркек киши менен аял кишинин ортосунда жаңжалды жана күрөштү келтирип чыгарат. Акыбетте, коом түркүктөрүн сындырат, жамаатта жарака пайда кылып, коомдук турмуштагы эркектер менен аялдардын ортосундагы кызматташтыкты кыйратат. Аллах Таала айтат:

وَمِنْ آيَاتِهِ أَنْ خَلَقَ لَكُمْ مِنْ أَنْفُسِكُمْ أَزْوَاجاً لِتَسْكُنُوا إِلَيْهَا وَجَعَلَ بَيْنَكُمْ مَوَدَّةً وَرَحْمَةً إِنَّ فِي ذَلِكَ لآيَاتٍ لِقَوْمٍ يَتَفَكَّرُونَ

«Анын аяттарынан (дагы бири) Ал силер бирге турушуңар үчүн өзүңөрдөн жуптарды жаратышы жана ортоңордо мээрим жана сүйүү пайда кылышы. Албетте мында пикирлеген коом үчүн аят-үлгүлөр бар»                                                                                        [30:21]

Негизги ыктоо мындай: эркек киши аял кишидеги тынчтык жана мээрим-сүйүүгө умтулат жана мунун тескериси да ушундай. Арийне, конвенция ушул негизги ыктоону душмандыкка, кемсинтүүгө жана жек көрүүгө айлантты жана бул Аллах Субханаху ва Таала адамзат табияты жана фитраты жөнүндө бизге кабар берген акыйкатка тескери.

Үчүнчү: диндерди айыптоо жана Исламды бутага алуу.

Конвенциянын кириш сөзүндө дагы мындай делет: «Аялдарга карата зомбулук тарыхий жактан аялдар менен эркектер ортосундагы теңсиздиктин тең салмаксыздыгын чагылдырууда. Бул болсо, эркек кишинин аял кишиге өкүмдар болушуна, кемсинтишине жана аялдарды толук эркиндигинен бөлүүгө алып келүүдө».

Бул түшүнүк эркек менен аялдын ортосундагы мамилелерди карама-каршылык көз карашынан келип чыгып чектейт. Т.а. көпчүлүктүн түшүнүгү жана тыянагы бүткүл тарыхта эркек менен аял жаңжалдашып, эркек зордук кылып келген, тарыхта эркек аялды жеңип келген деген назарияга негизделген.

Мындан биз конвенциядагы «тарыхий» деген сөздөн диний нерселер, өзгөчө, Ислам назарга алынганын көрүп жатабыз. Мисалы, «күчтөрдүн тең салмаксыздыгы» дегенде аял менен эркектерге тиешелүү Ислам өкүмдөрүн назарга алышат.

Биз ушул тыянагыбызга Абдулмажид Шарафийдин «Ислам жана жаңы заман» деген китебиндеги мына бул сөздөрүн мисал кылып келтиребиз: «Бүткүл Ислам коомдорунда, өзгөчө, араб коомдорунда аялдардын төмөн даражадагы деңгээли жөнүндө кеңири жайылган пикирлер Исламдагы таалим жана өкүмдөргө байланыштуу. Мындай пикирлер Исламга таандык таалим жана өкүмдөргө барып такалат. Себеби, Ислам өкүмдөрү аялдын социалдык турмушка кошкон салымын бузуп, аялды атасы болобу, жолдошу болобу, эркек кишинин өкүмдарлыгына киргизет жана аны кумарлануу, перзент көбөйтүү жана кызматкерлик каражатына айлантат».

Шарафийдин бул сөздөрү да Батыштагы илманий ойчулдардын сөздөрүнөн кымындай айырмаланбайт. Алардын баары тарыхта эркек менен аялдын ортосундагы бузулган тең салмактуулуктун негизги себепчиси аялдарды басынтып, кызматкерге айланта турган дин, үрп-адат жана тарыхий социалдык саркындылар деген пикирде.

Стамбул конвенциясы дал ушундай бузгунчу түшүнүктөргө курулган. Тунистеги илманий, малай саясий элита да коомдогу илманий түшүнүктөрдү дагы да өнүктүрүү үчүн мына ушул Стамбул конвенциясын колдонууга катуу аракет кылууда.

Төртүнчү: мамлекетке мусулмандардын итикаддары үстүнөн ырайымсыз саясат алып баруу үчүн өкүмдарлык берүү.

Стамбул конвенциясынын 12-беренесинде мындай делет: «1-пункт: мамлекеттер аялдардын социалдык жана маданий кулк-мүнөздөрүн өзгөртүп, эркектерди ушуга үндөө үчүн зарыл чараларды көрөт. Бул чаралардан максат – аялдарды кемсинткен максаттарды жана эркек киши менен аял кишинин ортосундагы адаттагы ролго негизделген социалдык жашоо тариздерди, үрп-адат жана каада-салттарды түп-тамыры менен жок кылуу».

«5-пункт: мамлекеттер ушул маданияттар, диндер, үрп-адаттар жана каада-салттар о.э. «сыймык» деп айтылып жаткан нерселердин ушул конвенция алкагына кирген зомбулук аракеттерин актоодо негиз болбошун камсыздашат».

12-беренеден конвенциянын коомду илманийлештирүү жана бузукулукту жаюу долбооруна кызмат кылуу үчүн бүткүл мамлекеттерди сапарбар кылып жатканы ачык көрүнүп турат, ал тургай, бул мамлекеттер Тунис сыяктуу мусулман мамлекети болсо да.

Стамбул конвенциясы мамлекетти анын долбооруна кызмат кылган аскерге айлантууда. Анын долбоору Ислам өкүмдөрүнө каршы күрөшүү болуп, капиталисттик демократиялык идеологияны кеңири жаюуда көрүнөт. Негизи, демократияда мамлекет ар кандай идеологиялык долбоор каршысында бейтарап турушу керек, укук жана эркиндиктерди коргоо үчүн бардык тараптарга карата калыс позицияны карманышы лазым делет. Бирок, ага карабастан бул конвенция мамлекетти динге, өзгөчө, Ислам динине түздөн-түз душманга айлантууда.

Демек, бул конвенция мамлекет аркылуу бүткүл адамзатты репрессия кылууда, анын табигый муктаждыктарын бастырып, мажбурий жаңы коом жана жаңы системага карай багыттоодо. Ал эми, бул система – айбандык жана айбандар системасы. Мындан колонизатор илманий күчтөр зордоп тыгыштырып жаткан ушул идеологиялык назариянын ыпластыгы жана кыйроого бет алганы ачык көрүнүп турат.

Роя гезити

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here