Жапаровдун алгачкы визити Орусияга болот
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров 24-25-февралда Орусияга алгачкы жолу расмий визит менен барат. Бул тууралуу Президенттик аппараттын маалымат кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, cапар учурунда Жапаров Орусиянын президенти Владимир Путин менен жолугушат. Ошондой эле, Орусиянын өкмөт башчысы Михаил Мишустин, Федерация кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенко жана Мамлекеттик думанын төрагасы Вячеслав Володин менен жолугушары күтүлүүдө.
Буга чейин “Слово Кыргызстана” гезитинин 19-февралдагы санына президенттин “Өнөктөштүк байланыш” аттуу макаласы жарыяланган. Анда ал Кыргызстан менен Орусиянын элин бириктирген орток баалуулуктар, орус тилинин Кыргызстандагы ролу, эки өлкөнүн мындан аркы кызматташтыгы тууралуу ойлорун жазган. Муну менен катар алдыда Орусияга белгиленген иш сапарында Орусия менен Кыргызстандын ортосунда кайчылаш жылды быйыл кайрадан улантууну сунуштай турганын жазган.
Жогорудан маалым болгондой, Кыргызстан толук түрдө Орусиянын көзөмөлү астында саясат жүргүзүүгө мажбур абалда. Анткени, буга чейин Жапаров өзү билдиргендей, бийлик башына келген адам келээрде эле көз каранды абалда такка отурат. Анткени, Кыргызстан Орусиянын таасириндеги КМШ, ЕАЭБ, ЖККУ сыяктуу уюмдарга мүчө.
Ал эми Орусиянын таасиринен чыгууга үндөгөн саясатчылар болсо, АКШ, Кытай же Европага күнкор болууну гана каалашат. Бул ири мамлекеттер болсо өлкөбүздү өз олжолоруна айлантуу үчүн ар түрдүү колонизаторлук ыкмаларын ишке салып келет. Демек, учурда колдонулуп жаткан империалисттик-капиталисттик түзүм менен элдин үмүтүн актоо мүмкүн эмес. Анткени, Кыргызстанга өнүккөн мамлекет катары көрүнүп жаткан АКШ, Европа, Кытай өлкөлөрү, а түгүл СССР дагы колонизаторлук саясаттын негизинде экономикалык жактан өнүгө алган. Башкача айтканда, алар Азия жана Африкадагы 3-дүйнө өлкөлөрүнүн сырьёлорун ит бекер ташып кетүү, алардын арзан жумушчу күчүнөн пайдалануу жана бул аймактарды өз товарлары үчүн базарга айлантып алуунун натыйжасында экономикалык өсүшкө жетишти.
Демек, Кыргызстан мындай колонизаторлук саясаттан кутулуу үчүн башка мусулман боордоштору менен биргеликте, бүткүл дүйнөлүк Исламий Халифалыкты тикелөөлөрү шарт. Үммөт алдында мындан башка капитализм зулматынан кутулуунун жолу жок. Ансыз, өлкө ар дайым “арстандан качып аюуга коргологон” абалда кала берет.
Мумтаз Маверанахрий