Адамдар үчүн чыгарылган жакшы Үммөт болдуңар
Аллах Субханаху ва Таала айтат:
كُنْتُمْ خَيْرَ أُمَّةٍ أُخْرِجَتْ لِلنَّاسِ تَأْمُرُونَ بِالْمَعْرُوفِ وَتَنْهَوْنَ عَنْ الْمُنكَرِ
“Силер адамдар үчүн чыгарылган үммөттөрдүн эң жакшысы болдуңар: маъруфка буюрасыңар, мункардан кайтарасыңар жана Аллахка ыйман келтиресиңер”. [3:110]
Бул хытаб (кайрылуу) пендеге жоопкерчиликти жүктөй турган жана милдетин өтөөгө үндөй турган хытаб.
Бул хытаб биз мусулмандарга, айрыкча, даъватчыларга үлкөн аманатты жүктөйт. Бул ушундай бир аманат болуп, Аллах Таала аны асмандарга, жерге жана тоолорго сунуштаганда алар көтөрүүгө алсыздык кылып, баш тартышкан аманат.
Аллах Таала айтат:
“Албетте Биз бул аманатты асмандарга, жерге жана тоо-таштарга сунган элек, алар аны көтөрүүдөн баш тартышты жана андан коркушту. Инсан болсо аны өз мойнуна алды”. [33:72]
“Бул аманат эмне эле?” – деген суроого аалымдарыбыз ушул аяттан жана башка булактардан келип чыгып, “шарият сунуштары жана Аллахтын фарздары” деп жооп беришет. Башкача айтканда, Аллах Тааланын Өз акысына, адамдардын акысына жана башка махлуктардын акысына тиешелүү буйруктарды, кайтарууларды, көрсөтмө-таалиматтарды жана өкүмдөрдү өз ордуна коюу боюнча Аллахтын ишенген өкүлү болуу сунушу. Аллах Таала бул аманатты жеткирүү милдетин адамдардын арасынан тандап алган пайгамбарларга жүктөдү. Пайгамбарлардын акыркысы болгон Мухаммад соллаллаху алайхи ва саллам көз жумган соң, аманатты өтөө милдети мусулмандардын мойнуна түштү. Сахабалар, табиъиндер, табъа табиъиндер жана алардан кийин келген солих мусулмандар бул аманатты сыймык менен өтөштү.
Натыйжада мусулмандар дүйнөнүн кожоюндарына айланып, дүйнөгө жетекчи жана үлгү болушту. Хидаят жана жакшылыкты бүт дүйнөгө жайышты, динин коргоп, Исламды дүйнө жүзүнө рахмат жана нур катары көтөрүп чыгышты. Мусулмандардын урааны: “Аллах бизди адамдарды адамдарга сыйынуудан ааламдардын Роббисине ибадат кылууга, бул дүйнө тардыгынан акырет кеңдигине, диндер зулумунан Ислам адилетине алып чыгуу үчүн жиберди”, – деген ураан эле.
Чындыгында, Ислам көптөгөн кылымдар бою жашоодо колдонулду. Буга дүйнө жүзү күбө. Исламдан мурун да, кийин да бирер мабда ал сыяктуу колдонулбады. Мисалы, коммунизм 70 жылга араң жетти. Капитализм беш кылымдан бери бүгүнкү күнгө чейин жетип келди. Ислам болсо, 13 кылым колдонулуп, ушул убакыттын ичинде жеке адам, коом жана мамлекеттин жашоосун ийгиликтүү көрүнүштө тартипке салып келди. Ислам мыйзамдары мамлекеттин ичкериси жана тышкарысында адамдардын каржы, соода, саламаттыкты сактоо жана билим берүү тармактарындагы бардык проблемаларын чечти, бул жаатта “адам адамдан жалаң гана таквасы менен абзел” деген көз карашта, адамдын улутуна жана терисинин түсүнө карабастан, адам деген этибарда чечим берди.
Мусулмандар дүйнөгө жетекчи болгон көптөгөн кылымдар бою дүйнөдө адилеттүүлүк, кадыржамдык жана бейпилдик өкүм сүрдү. Залимдин мазлумду кордошуна, кубаттуу мамлекеттер алсыз мамлекеттер үстүнөн өкүмдарлык кылышына жол бербеди. Ислам мамлекети мазлумдар менен алсыздардын коргоочусу болду. Бул абал, мусулмандар качан өз динине, даъватка жана жихадга этибарсыз болгонго чейин уланды…
Рошид халифалардан Абу Бакр Сыддык розияллоху анху алгачкы Халифалыкка отурган кезде айткан: “… Бир коом Аллахтын жолунда жихад кылууну таштаган болсо, анда, Аллах аларга кордук менен сокку бербей койбойт. Бирер коом арасында бузукулук жайылган болсо, анда, Аллах аларга жалпы балээ жибербей койбойт”, – деген сөздөр тастыкталды.
Мусулмандар дүйнө кербенинен артта кала башташты. Кафирлер башка калк жана улуттарга эле эмес, ал тургай, Ислам мамлекетине каршы барууга батынышты. Халифалык мамлекети кулатылган соң кафирлердин дүйнө жүзүнө бузукулук таратышына тоскоолдук кыла турган күч калбады. Капитализм жана колонизатордук түзүмү колдонулушунун натыйжасында дүйнө жүзүн жакырчылык, ачарчылык жана зулм каптады. Ислам дининин баалуулуктары тебеленди, Пайгамбарыбыз мазакталды. Мусулмандар болгону Роббим Аллах дегени үчүн гана куугунтукталып, кысымга алынышты, намыстары тебеленип, камактарга алынып, өлтүрүлдү. Мусулмандар жана исламий өлкөлөр эле эмес, дүйнө жүзү бардык маселеде боштукка дуушар болду. Дүйнө жүзү пикирий жетекчисиз жана маданий көрүнүшүн белгилеп бере турган идеологиялык башчысыз калды. Бүгүнкү күндө дүйнөнүн – иштерди ага пайда алып келе турган көрүнүштө башкара турган, дүйнө мамлекеттеринин мамилесин өз ара бей пайда күрөшсүз тартиптештирип бере турган, бүтүндөй адамзаттын аракетин анын кадыржамдыгын камсыздоочу жолго жетектей турган – саясий жетекчиси жок. Бул болсо, Ислам Үммөтү ушул милдетти өз мойнуна алышын талап кылат. О.э. жоопкерчиликти сезген абалда, Расулуллах соллаллаху алайхи ва салламдын аманатын Аллах ыраазы боло турган көрүнүштө өтөөнү талап кылат.
Бүгүнкү күндө “нажат табуу жана адамзатты зулматтан нурга алып чыгуу үчүн эмне кылуу керек” деген суроолорго жооп берүүгө татыктуу тарап бир гана Ислам Үммөтү болуп турат. Себеби, адамзатты кыйроо жана анархиядан куткарууга ал гана кудуреттүү. Мунун бирден-бир жолу Ислам рисолатын даъват жана жихад аркылуу дүйнгө алып чыгуучу пайгамбарлык минхажы негизиндеги Халифалык мамлекетин кайрадан тикелөө. Мына ошондо Аллах биздин мойнубузга жүктөгөн аманатты өтөгөн жана Аллах Өз китебинде мактаган Үммөт болобуз. Аллах таала айтат:
وَكَذَلِكَ جَعَلْنَاكُمْ أُمَّةً وَسَطاً لِّتَكُونُوا شُهَدَاءَ عَلَى النَّاسِ وَيَكُونَ الرَّسُولُ عَلَيْكُمْ شَهِيداً
“Силерди башка адамдар үстүндө күбө болушуңар жана пайгамбар силердин үстүңөрдө күбө болушу үчүн орто (адилеттүү) бир үммөт кылдык”.[2:143]
Абдурахман Адилов
#أقيموا_الخلافة
#ReturnTheKhilafah
#YenidenHilafet
#خلافت_کو_قائم_کرو
#TurudisheniKhilafah