ХАЛИФАЛЫК КУЛАТЫЛГАН КҮНДӨН БАШТАП ДҮЙНӨНҮ КААПЫРЛЫК ЭЭЛЕП АЛДЫ, БУЛ НЕРСЕ АГА ЧАКЫРЫК ТАШТАП, ТОКТОТУП КОЁ ТУРГАН ХАЛИФАЛЫКТЫН ЖОКТУГУНАН ЖҮЗӨГӨ АШТЫ!

387
0

Халифалык кулатылган күндөн баштап дүйнөнү каапырлык ээлеп алды, бул нерсе ага чакырык таштап, токтотуп коё турган Халифалыктын жоктугунан жүзөгө ашты!

Он үч кылым Халифалык дүйнөгө нур төгүп, капырлык менен күрөшүп келди, Батыштын жырткычтыгына, зулумуна каршы турду. Халифалык Батыштын зөөкүрдүгүнө жол берген жок. 15-16-кылымдарга үстүртөн көп чаптыруу менен, Халифалык Батыштын курчап турган башка элдерге, өлкөлөргө зулум кылуусуна жол бербегенин көрөбүз. Европанын чыгышында Усманий Халифалык турса, түштүгүндө Усманий Халифалыктын вилаяты саналган Магриб (Түндүк Африка) өлкөлөрү турган, башкача айтканда Европа башка өлкөлөргө баскынчылык жасашына мүмкүнчүлүк болбогон. Ошондуктан Халифалыкка кол салууга батына албаган батыштыктар деңиз аркылуу Халифалыктын үлкөн территориясын айланып өтүшүп Индияга, Кытайга, Америкага жол ачышты. Мына ушундан тартып Европанын колониялдык саясаты башталды. Европалыктар негизинен мусулман өлкөлөрүнө кирбеген аймактарды басып алып, элин кул кылып, байлыктарын талап-тоношту. Түштүк-Чыгыш Азия, Латын Америкасы, Түндүк Америка Европанын чеңгелине түштү. Кулчулуктун символуна айланган, миллиондогон кулдардын экспорт өлкөсүнө айланган Африкада европалыктар Сахаранын ылдый тарабын (мусулман өлкөлөрүнө кирбеген аймактарын) басып алып, үрөй учурган геноциддерди жасаганын билебиз.

18-19-кылымдарга келип шариятты чабал колдонуунун жана жихадды токтотуунун натыйжасында Халифалык начарлай баштады, ал тургай «оорулуу киши» атыгып калды. Канга, байлыкка тойбогон Европа эми мусулман өлкөлөрүнө да жутуна баштады. Европа Халифалыкты да басып алып, Халифалыкты бүтүндөй жок кылуу үчүн мусулмандар арасында улутчулдук, мекенчилдик (бөлүнүп эгемен болуу), секуляризм пикирлерин жайды. Европа бул үчүн кылымдарга созулган саясий, маданий баскынчылыктарды алып барды, мусулмандардын арасынан Батышты колдогон малай адамдарды даярдап чыгарды. Ошентип 1924-жылы 3-мартта Батыш кылым кылмышкери Мустафа Кемалдын колу менен Усманий Халифалыкты кулатты. Жердеги Аллахтын орун басарлыгы жоюлду. Мусулмандар гана эмес, кайрымусулмандар да коргоосуз калышты.

Халифалык начарлап, кийин кулаган соң, Батышты зулум кылуудан, башка улуттардын байлыктарын талап-тоноодон тоскон күч кайып болду. Жогоруда айтылгандай, Батыш канга да, байлыкка да тойбойт. Алардын байлык, жер талашуусу ушундай бир жыртычтыкка алып келди дейсиң, натыйжада, адамзат тарыхында болбогон, миллиондогон адамдардын өмүрүн алган биринчи жана экинчи дүйнөлүк согуштар жүз берди. Экинчи дүйнөлүк согуш аяктап жатканда, капыр державалар дүйнөнү бөлүп алууга келишишти, колониялык системаны сактап калуу үчүн Бириккен Улуттар Уюмун түзүштү. Ошондон бери бул уюм дүйнөгө капиталисттик демократиялык идеологияны таңуулап келет, эмне туура, эмне туура эместигин белгилеп берет. Бул эрежеден чыккандар катуу жазаланат, санкциялар колдонулат, а түгүл согуш ачылат.

Мурун колониализмде түздөн-түз басып алып, байлыктар талап-тонолсо, 20-кылымга келип колониализмдин көрүнүшү өзгөрдү. Баскынчылык астындагы өлкөлөр эгемендүү болушту, бирок ошондой болсо да бул өлкөлөр иш жүзүндө колониализм астында калды. Башкача айтканда, колонизатор бул өлкөлөрдө таасирин сактап калды: бийликке колонизатор макулдаган адамдар жана партиялар келет, өлкөнүн кен байлыктары менен ушул колонизаторго тиешелүү компаниялар шугулданат. Ушундайча капиталисттик демократиялык идеология колониализмге жол ачты, колониализмди бекемдеди.

Дүйнөнү каапырлык ээледи, мыйзамдар, мамилелер, пикир, туйгулар капиталисттик демократиялык идеологияга негизделди. Капитализмде эч бир моралдык норма болбогондуктан, адамдар «токой мыйзамы» менен жашап калышты. Натыйжада адамзат бактысыздыктын иримине кептелди. Мисалы социалдык жакты алып карасак, адамзат чоң кыйроодо экенин көрөбүз. Капиталисттик демократиялык системада аялдар көп запкы тарткандар болууда. Дүйнөдө күн сайын 137 аял жакын адамы тарабынан өлтүрүлөт, ал эми Германия менен Францияда 2-3 күндө бир аял өлтүрүлөт, АКШда ар мүнөт сайын 20 адам үй-бүлөлүк зомбулукка туш болот.

Колонизаторлордун кен байлыктарды танап-тоноосуна шарт жараткан бул система байлыктардын адилетсиз бөлүштүрүлүшүн күчөттү. Мисалы, жер калкынын 10 пайызы дүйнөнүн 90 пайыз байлыгына ээлик кылат, ал эми калган 10 пайыз байлыгына жер калкынын 90 пайызы ээлик кылат. Мындай адилетсиздиктен улам, жер калкынын дээрлик жарымы жакырчылыкта жашайт, жакырчылыктан улам ар мүнөт сайын 18 жаш бала бул дүйнө менен кош айтышат. Бул тизмени уланта берсең, арты үзүлбөйт. Наркомания, араккечтик, өз өмүрүнө кол салуу, адам өлтүрүү, кылмыштуулук жана башка көптөгөн проблемалар чечилгис бойдон калууда. Албетте мунун баарына себеп дүйнөнү каапырлык ээлеп алып, өкүм жүргүзүп жатканында, ошондой эле бул каапыр системаны токтотуп коё турган, адилеттик орното турган Халифалыктын жоктугунда. Азыр дүйнөнү каптаган зулумду токтоткон күч жок. Батыштан жардам суроо – өзүн өзү өлтүрүүгө барабар. Батыш бул колониализмдин урашына жол бербейт. Батыш анын ач көздүгүн кандырган, капырлыгын бекемдеген системадан баш тартпайт. Ошондуктан халифалыкты тикелөөгө аракет кылуубуз зарыл. Бул зарылдык гана болуп калбастан, мусулмандардын мойнундагы милдет. Пайгамбырыбыз с.а.в. дүйнөгө Ислам аркылуу адилеттик орнотууну, зулум көрүп жаткан калк жана улуттарды куткарууну, адамдарды акчага сыйынуудан, Аллахка сыйынууга алып чыгууну бизге аманат калтырды. Аны аткарунун бир гана жолу – Халифалыкты тикелөө! Муну менен мусулмандарды гана эмес, дүйнө калкын капырлыктын зулумунан куткарган болобуз. Мына ошондо мурунку салих мусулмандардын жолун улап, башка калктарга зулум кылбастыгы үчүн капырларды курчоого алып, дүйнөнү колония кылуусуна жол бербейбиз.

Харун Абдулхак

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here