ҮММӨТ САЯСИЙ МАЙДАНДАН ЧЕТТЕП КАЛЫШЫНЫН НЕГИЗГИ СЕБЕБИ (2)

345
0

 بِسْمِ اللَّهِ الرَّحْمَنِ الرَّحِيمِ

ҮММӨТ САЯСИЙ МАЙДАНДАН ЧЕТТЕП КАЛЫШЫНЫН НЕГИЗГИ СЕБЕБИ (2)

Үммөт биринчи күндөн баштап пикирлөө негизинде вужудга келди, себеби Ислам ата-бабаларын ээрчүүнү катуу каралаган. Мисалы, “Бакара” сүрөсүнүн 170-аятында Аллах Таала төмөнкүдөй хытаб кылат:

وَإِذَا قِيلَ لَهُمْ اتَّبِعُوا مَا أَنزَلَ اللَّهُ قَالُوا بَلْ نَتَّبِعُ مَا أَلْفَيْنَا عَلَيْهِ آبَاءَنَا أَوَلَوْ كَانَ آبَاؤُهُمْ لَا يَعْقِلُونَ شَيْئًا وَلَا يَهْتَدُونَ

 “(Мушриктерге): «Аллах түшүргөн өкүмдөргө моюн сунгула», делинген кезде, алар: «Жок, биз аталарыбызды кандай жолдо тапкан болсок, ошого ээрчийбиз», дешет. Эгер аталары эч нерсеге акылдары жетпеген, туура жолду таба алышпаган болушса дагыбы?”. Же “Маида” сүрөсүнүн 104-аятында:

وَإِذَا قِيلَ لَهُمْ تَعَالَوْا إِلَى مَا أَنزَلَ اللَّهُ وَإِلَى الرَّسُولِ قَالُوا حَسْبُنَا مَا وَجَدْنَا عَلَيْهِ آبَاءَنَا أَوَلَوْ كَانَ آبَاؤُهُمْ لَا يَعْلَمُونَ شَيْئًا وَلَا يَهْتَدُونَ

“Качан аларга: «Аллах түшүргөн нерсеге жана пайгамбарга келгиле», делинсе, алар:«Биз үчүн ата-бабаларыбызды эмненин үстүндө тапкан болсок, ошол жетиштүү»,дешет. Эгер ата-бабалары эч нерсени билбей турган жана Туура Жолду таба албай турган болушса дагыбы ыя?!”.

Булар адам жашоодо жолугушу мүмкүн болгон ар бир иште пикирлөө о.э. ушул иш жөнүндөгү Аллах Тааланын акыйкат чечимин табуу жөнүндө кыскача пикирлер болуп, аны Исламий Үммөткө сунуштайбыз. Үммөт мындан сабак алып, ушул нерсе Үммөттө пикирлөөнү пайда кылып калар жана ушул сабак аны жакшы Үммөткө айландырып, өздүгүнө кайтарып калар деген үмүттө ушуну сунуштайбыз. Себеби, бул Үммөт түп негизинен чыгып кетти. Бул Үммөт он кылымдан бери пикирлөөдө артта калды жана бир нече жолу ушундай пикирлөөгө аракеттенген убакта ошол аракет кылгандарды “Үммөткө зыян жеткирет, Ислам жана мусулмандарга зыян жеткирет” деп жар салган аалымдар балээсине дуушар болду. Мунун себеби, Каффалга окшогон аалымдар тобу пайда болуп, алар ижтихаддын эшигин жабууга чакырышты. Ижтихадга тыюу салууга аракет кылып, адамдарды ижтихад «коркунучтуу» экендигине ишендиришти. Мусулмандар да ушул чакырыкты кабыл алышып, ага амал кылышты. Аалымдар ижтихад кылууну каалашпады, муфаккирлер андан кооптонушту, адамдар болсо мужтахиддерди жаман көрүштү. Бардык континенттердеги мусулмандар бул пикирди кабыл алышты. Ошону менен пикирлөө токтоду, таклид кылууга (ээрчүү) өтүп, акылдары иштен чыкты жана ижтихад кылууга эч ким батынбады. Натыйжада бул нерсе адамдардагы пикирлөөнү токтотуп койду, иштер Аллах Таала айткан деңгээлде Ал Зат ыраазы боло турган тартипте болуп жатканын текшерүү, акыйкатты жалгандан ажыратуу кыйын ишке айланды жана бул жараян бүгүнкү күндө да уланууда. Адам баласы табиятынан жалкоо махлук. Ошондуктан, Үммөт бүгүнкү күнгө чейин иштер жөнүндө пикирлөөдөн тыйылып турат. Он кылымды пикирсиз өткөрдү. Ошондуктан, мындай Үммөттө пикирлөөнү аракетке келтирүү жана ага пикирлөөнүн маанисин түшүндүрүү оңой иш эмес.

Адам өз абалына кайтышы үчүн пикирлөөсү керек, себеби пикирлөө – бул адам үчүн берилген жана адамды башка махлуктардан, ал тургай периштелерден да абзел кылган улуу неъмат болгон акылдын табигый жемиши. Мисалы, коом жеке адамдардан турат. “Адамдар оңолсо т.а. сен жакшы болсоң, мен жакшы болсом коом да жакшы болот…”  деген пикирди карап көрөлү. Коомду көрүп турабыз, ал эч кимге жашыруун сыр эмес. Бирок, пикирлеп көрсөк коомду түзө турган факторлор адамдар эле эмес экендигин билебиз. Бул пикир коомдун вакиъсине туура келбейт. Себеби, азыркы коомубуздагы жетекчи катмар социализмде жашап, анын тарбиясын алган адамдар. Анан эмне үчүн коом капиталисттик коомго айланып калды? Мурунку эле адамдар, өзгөргөн жок, алар башка мамлекеттерден келишкен жок. Анан эмне үчүн азыр коом капиталисттик коом болуп калды? Ушул жөнүндө пикирлеп көрдүңүз беле? Коомдун түзүлүшүндө адамдардан тышкары дагы үч фактор бар. Алар; пикирлер, туйгулар жана мыйзамдар. Ушул төрт нерсе жакшы болсо, коом жакшы болот. Булар өзгөрсө коом да өзгөрөт. Социалисттик коомдо комунисттердин тарбиясын алган адамдардан тышкары социализм пикирлери бар эле. Т.а. социализм коомунда мисалы: чайкоочулук, эмгексиз акча табуу жаман иш деген сыяктуу пикирлер; чайкоочуну эл душманы катары көрүү сыяктуу туйгулар; ошол пикир-туйгулардан келип чыккан чайкоочуну узак мөөнөткө камакка алуу сыяктуу мыйзамдар бар эле. Өткөн кылымдын аягында бул пикир-туйгулар капиталисттик пикир-туйгуларга өзгөрдү т.а. чайкоочу-бизнесменге, чайкоочуну жаман көрүү – ага суктанууга, чайкоочуну камакка алуучу мыйзамдар болсо, бизнесменге жардам берүүчү мыйзамдарга, мыйзам аркылуу анын иштерин коргоого өзгөрдү. Натыйжада коом капитализм коомуна өзгөрдү. Демек, этибарыбызды ушул төрт нерсеге: адамдар, пикирлер, туйгулар жана мыйзамдарга каратышыбыз зарыл. Себеби, ушул аркылуу коомубуз жогорку деңгээлдеги, өнүккөн коомго өзгөрсүн!

Адамды түзгөн факторлор төртөө: акыйда(катъий ишенген негизги пикир), ибадат, ахлак жана мамиле. Адам баласы ушулар оңдолушу менен жакшы адамга айланат. Пикирлер, туйгулар жана мыйзамдар болсо адам кабыл алган акыйдага байланыштуу. Себеби, ар кандай пикир-туйгу бирер акыйдадан келип чыгат. Пикир-туйгулар тарыхта буттарга ишенүү акыйдасынан келип чыккан болсо, учурда негизинен “кудайсыздык” же “динди турмуштан ажыратуу” деген демократиялык акыйдалардан келип чыгууда. Тарыхта адамзат бузук акыйдалар о.э. андан келип чыккан пикир-туйгу жана мыйзамдар себептүү көптөгөн азап-кыйынчылык, жабыр-зулумдарды башынан өткөрдү. Өткөн кылымда бул азап-кыйынчылык, жабыр-зулумдар өтө эле көбөйүп кетти. 10 миллиондогон бейкүнөө адамдардын кырылышы, бир нече калктар көптөгөн жылдардан бери ачарчылыкта, азап-тозокто жашашы, дүйнөнүн көпчүлүк бөлүгү ар дайым кооп-коркунучта жашап жатышы жашыруун сыр эмес. Акыркы кылымга келип бул кыйынчылыктар жогорку чегине жетти. Адамдардын Бирмадагы сыяктуу тирүүлөй өрттөлүп жатышына, Сомали же Сириядагы сыяктуу айлап-жылдап ачарчылыкта  жашап жатышына, же Чыгыш Түркстандагы сыяктуу мусулмандардын жырткычтык менен кыйноого алынып жатышына көңүл бура турган, жардам бере турган мамлекет калбады. Булардын бардыгы коомдо ката акыйда жана андан келип чыккан жийиркеничтүү пикир-туйгулар, ыплас мыйзамдар өкүмдар болушунун натыйжасы. Ислам өлкөлөрүндө саясий (иштер жөнүндө пикирлей турган) уюмдар жоктугу себептүү элдер баш мыйзамдарды кабыл алууда негизги иштер жөнүндө болсо да пикирлебей, акыйкат же акыйкат эместиги жөнүндө ойлонбой калышты. Ошондуктан, бүтүндөй адамзат акылга да, адам табиятына да туура келбей турган, дилдерди кайгыга батыра турган акыйдалар өкүмдарлыгында азап-тозок, жабы-зулумдар астында жашап келет. Буга негизинен биз – Ислам Үммөтү жоопкербиз, себеби, Аллах Таала бул милдетти бизге жүктөгөн:

كُنْتُمْ خَيْرَ أُمَّةٍ أُخْرِجَتْ لِلنَّاسِ تَأْمُرُونَ بِالْمَعْرُوفِ وَتَنْهَوْنَ عَنْ الْمُنكَرِ وَتُؤْمِنُونَ بِاللَّهِ

وَلَوْ آمَنَ أَهْلُ الْكِتَابِ لَكَانَ خَيْرًا لَهُمْ مِنْهُمْ الْمُؤْمِنُونَ وَأَكْثَرُهُمْ الْفَاسِقُونَ

“Силер адамдар үчүн чыгарылган үммөттөрдүн эң жакшысы болдуңар: маъруфка буюрасыңар, мункардан кайтарасыңар жана Аллахка ыйман келтиресиңер”. [3:110]

Аллах Таала дагы мындай деген:

وَكَذَلِكَ جَعَلْنَاكُمْ أُمَّةً وَسَطًا لِتَكُونُوا شُهَدَاءَ عَلَى النَّاسِ وَيَكُونَ الرَّسُولُ عَلَيْكُمْ شَهِيدًا

Ушул сыяктуу (хак жолго хидаят кылганыбыз сыяктуу), силерди башка адамдар үстүндө күбө болушуңар жана пайгамбар силердин үстүңөрдө күбө болушу үчүн орто (адилеттүү) бир үммөт        кылдык”.[2:143]

Ислам Үммөтүнө бул үлкөн милдетти жүктөгөндө, аны жардамсыз таштап койгон жок. Тескерисинче, туура жол-хидаятты көрсөтүп берүүчү Куръанды түшүрүп, анда бардык нерсенин баяндады. Качан Куръанга кайтабыз? Аллах Таала айтат:

وَنَزَّلْنَا عَلَيْكَ الْكِتَابَ تِبْيَانًا لِكُلِّ شَيْءٍ

“Сага — бардык нерсени баян кылып берүүчү Китепти-Куръанды түшүрдүк”. [16:89]

Адамзатка Аллах Таала акыл неъматы менен бирге дагы бир улуу неъматты тартуулады. Ал неъмат – Ислам неъматы. Качан акылыбызды иштетебиз? Качан Ислам неъматына кайтабыз? Качан жахилий түзүмдөрдүн жабыр-зулумдарынан Ислам нуруна чыгабыз? О.э. эл аралык саясий майданда да иштердин акыйкатын ачыктап, адамзатты караңгылыктан нурга алып чыгып, мойнубуздагы сыймыктуу милдетти качан өтөйбүз?! Саясий майдандан четтегенибизге 100 жыл болду, дагы деле убагы келе элекпи? Куфр саясатынын жахалат караңгылыгында ушунча жүргөнүбүз жетишер, эми Ислам неъматына шашылалы! Аллах Таала айтат:

الْيَوْمَ يَئِسَ الَّذِينَ كَفَرُوا مِنْ دِينِكُمْ فَلَا تَخْشَوْهُمْ وَاخْشَوْنِي

 الْيَوْمَ أَكْمَلْتُ لَكُمْ دِينَكُمْ وَأَتْمَمْتُ عَلَيْكُمْ نِعْمَتِي وَرَضِيتُ لَكُمْ الْإِسْلَامَ دِينًا

“Бүгүн эми кафир кимселердин силерди диниңерден (чыгаруудан) үмүттөрү үзүлдү. Демек, алардан коркпогула, Менден корккула! Бүгүн силерге диниңерди толук кылдым, ниъматымды кемчиликсиз, толук кылып бердим жана силер үчүн (бир гана) Исламды дин кылып тандадым”.[5:3].(уландысы бар).

Гариб Муслим

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here