Учурдагы чегара окуялары тууралуу

282
0

Учурдагы чегара окуялары тууралуу

Эл аралык саясаттан алганда, Орто Азия өлкөлөрү ортосундагы чегаралар бүтүндөй Россия көзөмөлү астында. Ал региондогу чегара маселелеринен өзүнүн колонизаторлук кызыкчылыктарына пайдаланат. Мисалы, эгер ЕАЭБ уюмуна киргизиш үчүн Тажикстанга басым жасамакчы болсо, Кыргызстан УКМКсындагы кураторун ишке салат да, ал кыргызстандыктар аркылуу  чегара чырын келтирип чыгарууну уюштурат.

Бул жолку чегара окуясы болсо, Кыргызстан президенти Россияга барардын алдында болуп жатат. Окуянын демилгечилери Тажикстан тарап болуп калууда б.а. ФСБнын Тажикстандагы куратору уюштурууда. Демек, чегара маселелери Кыргызстан президенти Россияга көтөрүп бара турган маселелер катарына киргизилет. Негизи, ал Кыргызстан бийлиги үчүн артыкбаш баш оору эле. Бирок, бул Россия кызыкчылыгына дал келет. Анткени, Кыргызстан сурана турган айрым маанилүү маселелер артка сүрүлөт да, алардын ордун чегара маселеси ээлейт. Россия аны чечүүгө кийлигишүүсү үчүн, Кыргызстанга өз талаптарын коёт (мисалы, уран кендерин алуу, ГЭСтер куруу иштерин орус инвесторлоруна берүү сыяктуу). Кыргызстан бийлиги болсо, Россия коё турган талаптар үчүн соодалашуусу мүмкүн болгон башка иштердин айрымдарынан баш тартып, анын шарттарын кабыл алуу менен кайра тартат. Негизи, Россия чегара маселесин эч качан бир жаңсыл чечип бербейт, анткени, чегара маселелери ал каалаган убакта пайдалана турган “бомба” болуп турушу керек.

Регионалдык саясатка келсек, региондогу бийликтер Россиянын ушул колонизаторлук саясаты алкагынан чыкпастан туруп, өз кызыкчылыктарына пайдаланып калууга урунушат. Мисалы, Жээнбековдун учурунда, Россия Тажикстанды ЕАЭБге киргизүү үчүн ага басым жасаган жана чегара маселесинде Кыргызстанды аз-маз колдоп койгон. Ошондуктан, ал учурда чегара окуяларын уюштурууда демилгечи тарап Кыргызстан болгон жана бийлик алар аркылуу жарандары алдында аз да болсо упай алган.

Азыркы окуяларда болсо, демилгечи тарап Тажикстан болууда. Буга Тажикстан тараптын билдирүүлөрү жана сүкүт сактоолору далалат кылып турат. Тажикстан бийлиги Кыргызстандагы азыркы абалдан өз кызыкчылыктарына пайдаланып калуу үмүтүндө ушинтип жатат. Биринчиден, өзүнө карата элинин нааразылыгын муну менен алаксытып, өзүн элдин коргоочусундай кылып көрсөтүүдө. Экинчиден, Кыргызстан менен болгон контрабандалык соодада артыкчылыктарга ээ болгусу келет. Анткени, бул бизнестердин түбү да ошол тажик чиновниктерине барып такалат. Ошентип, чегара маселелери мамлекеттик деңгээлде каралып жатканда, бул жана ушул сыяктуу тармактарда соодалашуулар жүрөт.

Өзбекстандын чегара маселелерин козгоп жатышы да ушул сыяктуу эле. Мисалы, анын суу, бажы, инвестиция, диндарларды экстрадициялоо ж.б. тармактарда коё турган талаптары бар. Бирок, чегара маселесинде ал өтө кылдат. Ошондуктан, ОДКБ тузагына түшүп калбагыдай иш алып барат.

Эми чегара чыр-чатактарынын курмандыктары болуп жаткан карапайым адамдарга келсек, колонизаторлор жана алардын малайлары болгон жергиликтүү бийликтер жарандарын “улутчулдук” жана “мекенчилдик” идеялары аркылуу кул кылып пайдаланышууда. Эмесе, эл өзү ойлоп көрсө болмок. Мисалы, Тажикстан менен Кыргызстандын ортосундагы такталбаган жайга тажикстандык да, кыргызстандык да көчөт олтургузду. Эртеси экөөнүкү тең сууруп ташталды. Кимге пайда, кимге зыян? Чегара абалы ушундай болуп турган чакта, ал жерде бак өстүрүп, пайда көрүү кимдин акылына сыят? Эгер көчөт тигүү менен чегараны өзү тарапка оодуруп алам десе, мамлекеттик деңгээлде чечилбей жаткан нерсе, ушул көчөт менен чечилип кетмек беле? Ошондуктан, адамдар эмне үчүн чегара окуяларынын курмандыктары болуп калып жатышканына терң назар салуулары керек. Ислам харам кылган “улутчулдук” жана “мекенчилдик” идеяларынын дүйнө-ахиреттеги кесепеттерин ойлонуулары зарыл.

Бул чегара маселелери бүгүнкү күндө бийликтер көрүп жаткан иш-чаралар менен эч качан чечилбейт. Тескерисинче, ал чечимдер бул маселени улам чиелеништирип бара берет. Мисалы, дипломатиялык жол менен чечебиз дешсе, кызыкдар тарап каалаган күнү аны бузуп салат. Аскерий чечебиз дешсе, согуш чыгат, эки тарап тең орустун чириген аскерий техникаларын алып келип, бири-бирин атып калат.

Негизи, бул маселенин бүгүнкү чечими даъватта жатат. Эки мусулман бир тууган эл улутчулдук жана мекенчилдик туйгуларын тыйып, каафир колонизаторлор тыгыштырган бул идеяларды ыргытып салуулары керек. Анын ордуна бири-бирин толук Исламга чакырсын. Билгени билбегенине үйрөтсүн. Мына ошондо, каафирлердин өз ара кырды бычак кылып коюп башкара бермей планы жокко чыгат.

Ал эми, чегара маселелерин түпкү чечими болсо, Халифалык Мамлекетин тикелөөдө жатат. Анткени, Халифалык бүгүнкү дүйнөдөгү империалисттик системаны уратып, алар чийген чегараларды жокко чыгарат, каафир колонизаторлорду өлкөлөрүбүздөн кууп чыгат, улутчулдук жана мекенчилдик идеяларын жоготуп, “мусулмандар – бир туугандар” идеясын киргизет.

Демек, аракет кылуучулар мына ушул жолдо аракет кылып калышсын.

Абдулхакийм Караханий

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here