Аясофия мечитинин имамы мээлүн Исламдан баш тартууга чакырды
Аясофия мечитинин имамы профессор Мехмет Бойнукалын өзүнүн твиттер баракчасында 1921-1924-жылдардагы Башмыйзамда мамлекеттин дини Ислам болгонун, мээлүн Ислам болбогонун белгилеп, өлкөнү ага кайтууга чакырды.
Бул билдирүү өз кезегинде кемалчылардын чабуулуна кабылды. Маселен, медиа жетекчи Хади Өзышык имамга акаарат коштолгон сөздөрү менен “Сен бир имамсың, сага саясат кыл деген кызмат берилген жок. Сенин кызматың мечитке келген адамдарга күнүгө беш маал намаз окутуу. Сен кимге таянып, кимден күч алып жатасың” деди.
Өз кезегинде Бойнукалын, “Имамдык кызматтан тышкары Ислам укукчусу, профессормун жана Исламды жеткирүү менин милдетим. Бул милдетти Раббибиз бардык илим ээлерине жүктөгөн. Аллах Таала китеп берилгендерге мындай деген: “Албетте, ал Китепти адамдарга ачык баян кыласыңар жана жашырбайсыңар!» деп убада-шерт алган эле. Кийин алар бул убада-шерттерин арттарына ташташты жана аны арзан баадагы нерселерге алмаштырып жиберишти. Алардын бул алды-саттылары кандай гана жаман нерсе!” (Аали Имран сүрөсү 187).
Менин негизги максатым, Ислам жергесинде Аллахтын сөзү кандай келген болсо ошондой жеткирүү”, – деп жооп калтырды.
Миңдеген жылдар бою философтор изденип тапкан идеология капитализм болду. Инсандын алсыз акылынан чыккан бул идеология “ылайыкташтыруу, орточо чечимге” негизделди. Мунун каршысында, Ислам өзүнүн өрнөктүү 14 кылымдык өтмүшүндө бул ылайыктуулук чечимин таштандыга таштаган. Анткени, жаратылган макулуктун табиятын Жаратуучудан да жакшыраак ким билиши мүмкүн?
Мунун каршысында, мээлүн Ислам зынакорлукка, аракечтикке, сүткорлукка а түгүл ширк амалдарга сүкүт сактай турган бийликти калыптандырат. Аларды жазалоодон адамдардын эркиндиги шылтоосу тосуп турат. Эрдоган чакырган Ислам мына ушундай. Ал өзү да тастыктагандай, бүгүнкү күндө Түркия бийлигинин Халифалыкты, шарий башкарууну алып келүү сыяктуу дарты да жок.
Эми салыштырып көрүңүз, Мекке мушриктеринин Расулуллах с.а.в.дын дааватын токтотуп, “ибадатыңды кыл, бирок биздин салтыбызга, мыйзамыбызга аралашпа” деген эскертүүсү менен бүгүнкү мээлүн Исламды таңуулап жаткандардын чакыруусунда кандай айырма бар? Бүгүнкү капиталисттик түзүм менен мушриктердин түзүмүндөгү Аллахтын динине каршы күрөштө кандай айырма бар?
Андыктан, биз мусулмандар башыбызга түшүп жаткан зулумдуктардын бир кылымга созулушу дал ушул ооздору менен аят-хадистерди сүйлөп, амалында капитализмди колдонуп, колонизаторлорду дос туткан акимдердин саткындыгынан улам болуп жатканын түшүнүшүбүз керек. Алардын сөздөрүнө алданбай, амалына, башкарып жаткан мыйзамдарына маани берели. Мусулмандар сергек болсо, айрыкча аалымдарыбыз акыйкатты айтып жаткан учурда бул саткындар кылмыштарын кыла албай калат.
Демек, биздин алдыбызда акыйкатты айтып, акимдерди сөзүбүз менен, колубуз менен кыянаттыктан кайтара турган же коркоктук кылып мээлүн Ислам аркылуу Батыштын малайлыгын кыла турган эки жол бар.
Аалымдарыбыз коркок миң, баатыр бир өлөт деп бекеринен айтпаган! Андыктан, Батыш зулумдугунан баш тартып, Ислам нурун жаюучулар менен бирге Рошид Халифалыкты тикелөөгө шашылалы!
Мумтаз Маверанахрий