«Терроризм»ге каршы күрөш – Батыштын Ислам жана анын баалуулуктарына каршы күрөштөгү о.э. Үммөттү жок кылуудагы негизги куралы

355
0

 «Терроризм»ге каршы күрөш – Батыштын Ислам жана анын баалуулуктарына каршы күрөштөгү о.э. Үммөттү жок кылуудагы негизги куралы

АКШ СССРге каршы күрөшүндө жеңишке жетип, коммунизмди мабда жана идеология катары жашоодон четтеткенден кийин, дүйнөлүк саясатта жеке өкүмдар болуп алды. АКШ коммунизмден «көңүлү тынчыган» болсо да, бирок, өзүнүн гегемондугу убактылуу экендигин жана башка бир күч каалаган убакта бутка туруп, аны дүйнөлүк саясаттан шыпырып салууга кудуреттүү экендигин, колонияларынан ажыратып, андан жетекчиликти тартып алышы мүмкүн экендигин эсинен чыгарбады. Ал күч – Ислам мабдасы о.э. өз акыйдасы жана дини үчүн жанын курман кылууга даяр болгон мусулмандар эле. Ошол себептен да, АКШ мусулмандар кайрадан бутка турушуна, ойгонушуна жана биригип кетишине жол бербестик үчүн Ислам идеологиясын негизги жана жападан-жалгыз душман кылып белгиледи. Себеби, Американын келечегине коркунуч туудура турган күч Ислам идеологиясында гана бар.

 АКШ ушундай максатта 2001-жылы 11-сентябрь окуясын уюштуруп, “ким биз менен болбосо, ал бизге каршы” урааны менен Ислам жана мусулмандарга каршы кеңири масштабдуу согушун баштады. АКШ алгач Усама бен Ладен жана “Ал-Каида” уюмун “мокочо” кылып көрсөтүү аркылуу дүйнө жүзүн өзү менен биригүүгө мажбурлады. 2001-жылы Афганистанга, 2003-жылы Иракка бастырып кирди. АКШ Афганистанга бастырып киргенден бери 19 жылдан ашуун убакыттын ичинде Афганистанда 110 миңден ашуун мусулман курман болду. Ирак баскыны учурунда 655 миң мусулман өлтүрүлдү.

 “Save the Children” уюму жарыялаган отчётто келишинче, жыл сайын дүйнөдөгү эң кооптуу он мамлекет: Афганистан, Яман, Түштүк Судан, Борбордук Африка Республикасы, Конго Демократиялык Республикасы, Сирия, Ирак, Нигерия, Сомали жана Малиде 100 миңден ашуун бала өлүп жатат. Аталган мамлекеттерде 2013-2017-жылдар аралыгында кеминде 550 миң бала негизинен согуш жана ачарчылык, инфраструктуранын талкаланышы, антисанитария сыяктуу согуштун акыбеттери себептүү өлгөн. “Эгер 5 жашка чейинки балдар да эсепке алынса, өлгөндөрдүн саны 870 миңге жетет”, – деп айтылат отчётто.

А бирок, АКШнын бул согушу ал күткөндөй натыйжа бербеди, тескерисинче, мусулмандардын ойгонушуна жана өз динин көздөй алгылыктуу кадамдарды ташташына түрткү болду. Иш ушунчалык деңгээлге жетип, Ислам өз түзүмүнө ээ болгон мабда экендиги жана Халифалык мамлекетин тикелөө Аллах тарабынан фарз кылынган амал экендиги дүйнөлүк деңгээлде талкуулана турган темага айланып калды. Ал тургай, АКШ жана Европа мамлекеттеринин жетекчилери: “Алар Индонезиядан баштап Испанияга чейинки аймакта Халифалык мамлекетин кайрадан тикелегени жатышат”, “Биз “Израиль” мамлекетин жок кыла турган аракет менен бетме-бет келип жатабыз, алар батышты Ислам дүйнөсүнөн шыпырып салып, жалпы Ислам Үммөтүнө Халифалык орнотулушу менен шарият негизинде башкара турган бирдиктүү исламий мамлекетти тикелешет”, – деп айтууга мажбур болушту. Алар бул аркылуу, дүйнө жүзүнүн этибарын дагы бир жолу өздөрү үчүн негизги душман деп эсептеген Ислам жана мусулмандарга буруп, мусулмандар менен аёосуз күрөшкө үндөдү.“Ал-Каида”га каршы күрөш “актуалдуу” болбой калды. Ошондон кийин АКШ башчылыгындагы Батыш колонизаторлору “жаңы душман”, “жаңы мокочо” пайда кылуу аракетин башташты. Аларды буга үндөгөн нерсе, мусулмандардын араб өлкөлөрүндө диктатор режимдерди кулатып, ордуна Ислам динин талап кылып чыгышы болду. Аларга бул иште “ИШИМ” уюмуна каршы күрөшүү шылтоосу аябай пайдалуу болду.

 Сирияда башталган элдик көтөрүлүш, мусулмандардын Исламдан башкасына ыраазы болбой, кыргын, ачарчылык жана сууктарга карабай дининде бекем турушу – АКШ жана Батыш мамлекеттеринин ого бетер кутуруп, согуштук кылмыштарга көз жумуп коюшуна алып барды. Асад режими жана Путин башчылыгындагы орус канкорлору Сириядагы мусулмандарга каршы ар түрдүү химиялык жана биологиялык куралдарды колдонушту. Путиндин тили менен айтканда, “Сириядагы согуш Россия үчүн заманбап курал-жарактарды сыноо үчүн ыңгайлуу полигон” болду. Сирияда 2011-жылы башталган элдик козголоңдон бери 470 миң адам курман болду, 117 миң адам дайынсыз жоголду. Зыяндын жалпы көлөмү 143 миллиард долларга жетти. 27438 имарат талкаланды. Эң жаман жери, 5 миң мектеп бузулду. 6,2 миллион адам чет өлкөлөргө чыгып кетти. 7,6 миллиондук ички качкындар агымы пайда болдуЖумушсуздук 50 пайызга жетти. Калктын 82,5 пайызы жакырчылыктын эң төмөнкү чегинде жашап жатат. Учурда Түркияда 3,6 миллион, Ливанда 2 миллион, Иорданияда 655 миң качкын бар.

АКШ жана Батыш мамлекеттери дүйнөнүн түрдүү өлкөлөрүндө Ислам жана мусулмандарга каршы чабуулдарын жаап-жашыруу максатында “терроризм”, “диний экстремизм”жана  фундаментализм терминдерин колдонуп келишет. АКШ өз кызыкчылыгына ылайыкташтыруу үчүн терроризмге ушундай аныктама берди. Бул күрөштүн алкагында Батыш мамлекеттери Ислам баалуулуктарына жана исламий көрүнүштөргө каршы күрөштү бир мүнөткө да токтотушпады. Алар мусулмандарды жырткыч, канкор, хазарат эмне экендигин билбей турган, аялдарды кордой турган, түрү суук, иштери жийиркеничтүү, кийимдери кир, ой жүгүртүшү тайыз адамдар кылып сүрөттөштү. О.э. жетекчи жана башчылары катынпоз, аялдар соодасы менен алектене турган, дини ырым-жырымдардан турган, Пайгамбары аял жандуу, элдери караңгы, жакыр, түрдүү оорулар мекени деп сүрөттөштү. Мындан тышкары, Исламга тиешелүү нерсеге шек-күмөн жаратууга жана андан коркутууга аракет кылышты. Учурда Исламдын өз мамлекети жок. Ошондой болушуна карабастан, капитализм идеологиясы Ислам идеологиясы каршысында күндөн-күнгө кризиске жүздөнүп барууда. Ошол себептен да, алардын Исламга каршы күрөштү ачык жарыялоодон башка чарасы калбады.

 Американын Ислам жана мусулмандарга каршы согушу Борбор Азиядагы диктатор режимдерге да ыңгайлуу болууда. Алар ушул шылтоо менен өздөрүнө жакпаган кыймыл жана адамдарды жок кылып же куугунтуктап жатышат. Мындан тышкары, жок эле коркунучтарды көбүртүп көрсөтүү аркылуу Батыштын арзыбаган садакасын алууга умтулушууда.

Мисалы, Кыргызстанда 2014- жылы Атамбаевдин демилгеси, Коргоо кеңешинин токтому менен диний тармак боюнча мамлекеттик саясаттын 2020-жылга болжолдогон жаңы концепциясы иштелип чыкты. Натыйжада дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия, Ички иштер министрлиги жана УКМК бөлүмдөрү биргеликте “диний түзүлүштөрдүн иш-аракетин анализдөө, мыйзамдык документтерге кошумча жана өзгөртүүлөрдү киргизүү” боюнча сунуштарды иштеп чыгышты. Өзгөртүүлөрдүн натыйжасында 150дөн ашуун мусулман, анын ичинде, ондогон аялдар жасалма айыптар менен камакка алынды. 2016-жылы жай мезгилинде президент Алмазбек Атамбаев  “Экстремисттик ишмердүүлүккө каршы күрөшүү жөнүндөгү” мыйзамга кол койду. Натыйжада, ак жеринен камактарда жаткан мусулмандарды башка туткундардан бөлүп, мусулмандар үчүн атайын жабык түрдөгү камактар курулду жана диний ишеними үчүн камалган мусулмандар жабык түрдөгү камакка көчүрүлдү.  

Vlast.kz” сайтынын кабарына таянсак, Казакстан өкмөтү диний экстермизм жана терроризмге каршы күрөш боюнча 2018-2022-жылдарга болжолдонгон жаңы мамлекеттик программаны тастыктады. Казакстан Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасынын орунбасары Нургали Билисбеков бул документти министрлер кабинетинин отурумунда сунуштап, “программа радикалдык көз караштардагы адамдарга о.э. зордукчул экстремисттик кыймылдарга жана терроризмге каршы багытталганын” айтты.

 Борбор Азия республикаларынын арасында Ислам жана мусулмандарга карата душмандыгы жана ырайымсыз күрөшү менен атагы чыккан Өзбекстан режими да “терроризм” жана “экстремизм”ге каршы күрөшкө жыл сайын 800 миллион доллардан ашуун каражат жумшайт. Бүгүнкү күнгө чейин өзбек режиминин түрмөлөрүндө миңдеген мусулмандар Роббим Аллах дегени үчүн гана азап тартып жатышат, жүздөгөн мусулмандар адам чыдагыс кыйноолор астында – Аллахтан үмүт кылабыз – шейит болушту.

Түркмөнстан жана Тажикстан режимдери да жогоруда айтылган шериктеринен кем калышпады.

 Батыш мамлекеттери Ислам дини, анын баалуулуктарына, мусулмандарга жана Халифалык мамлекетин тикелөө жолунда ишмердүүлүгүн жүргүзүп жаткандарга каршы күрөштө ар кандай паскечтиктен жана жийиркеничтүү иштерден тыйылбай жатышат. Алар ооздору менен Аллахтын нурун өчүрүүнү каалап жатышат. Ушундай болгон соң, кафирлер жана алардын малайлары жактырышпаса да, Аллах биз аркылуу өз нурун толук кылышы үчүн колубуздан келишинче аракет кылышыбыз жана буга олуттуу көңүл бурушубуз керек.

Абдурахман Адилов

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here