Бирмадагы акыркы окуялар боюнча
Бирмада (Мьянма) полиция кызматкерлери менен нааразы тараптын ортосунда күнүгө кагылышуулар жүз берүүдө. Демонстрацияга чыккандарды таркатуу үчүн ок атылып, суу чачуучу машиналар суу бүркүп жатат.
Буга чейин генералдар 1-февралда бийликти төңкөрүш жолу менен алып, өлкөнүн лидерлерин камап, бир жылга өзгөчө абал жарыялаган. Алар өлкөдө шайлоо аркылуу бийликке келген президент Аун Сан Су Чжини шайлоону бурмалап жеңип чыккан деп айыптап, камакка алышкан.
Бирмадагы акыркы окуяларга АКШнын президенти Жо Байден өлкөдөгү демократияга жана мыйзам үстөмдүгүнө каршы чабуул катары баалады. Ошондой эле АКШга караштуу маалымат каражаттары демонстранттарды коргогон маалыматтарды активдүү жайылтууда.
Белгилүү болгондой, 1948-жылга чейин Мьянма Британиянын колониясы болуп келген. 2-дүйнөлүк согуш учурунда 1942-45 жылдар аралыгында гана аны Япония убактылуу басып алган. Япония дүйнөлүк согушта жеңилгендиктен, Мьянмада кайрадан Британия көзөмөлүн орноткон.
2-дүйнөлүк согуштан кийин АКШ башка колонизаторлорду алсыратып, алардын колонияларын тартып алуу үчүн деколонизация саясатын алып барды. Ушунун алкагында, Бирма да Британия колонизаторлугунан – “эгемендүүлүк” шылтоосу аркылуу – Америка таасири астына өткөн. Бирок, АКШ Кытайды СССРге каршы күчөтүү үчүн, Бирманы Кытайга тапшырган. СССР алсырагандан тарта 1987-жылдары демократия беткабы астында АКШ таасири кайрадан Бирмага кирип келди.
1989-жылкы шайлоодо АКШ колдогон Аун Сан Су Чжи жетектеген Демократиялык лига утуп чыкты. Бирок, аларга бийлик берилбестен, башчысы үй камагына алынды. Ошондон бери Кытай колдогон аскерийлер менен АКШ колдогон демократтардын ортосунда күрөш уланып келди. 2015-жылкы парламенттик шайлоодо Аун Сан Су Чжинин Демократия үчүн улуттук лигасы жеңишке жетишти жана ал президент болуп шайланды. Бирок, бул дегени Кытайга малай аскерийлердин таасири биротоло жоголду дегенди түшүндүрбөйт эле. Алардын бийликте күчтүү таасирге ээ жана батышпарас кадрлардын Батышка толук малайлык кылуусуна тоскоолдуктар жаратып келишкен. Анткени, Кытайдын Мьянмада үлкөн кызыкчылыктары жатат. Анын «Бир алкак, бир жол» стратегиясынын алкагында «21-кылымдын деңиз жибек жолу» долбоору бар. Мына ушул долбоордо Кытай-Мьянма-Бангладеш коридору зор мааниге ээ. Мьянманын Янгон порт шаары Малакка булуңуна абдан жакын жайгашкандыктан, бул булуңдан дүйнөлүк товар айлануунун чейрек бөлүгү өтөт. О.э. Мьянма эң чоң нефть-газ запастарына ээ. Анда чалгындалган газ запасы Кувейттикине барабар. Учурда Мьянма газынын 80%ы Кытайга экспорттолот. Ошондуктан, бул байлыктар Кытайдын энергия коопсуздугу үчүн өтө маанилүү.
Жыйынтыктап айтканда, акыркы аскерий төңкөрүш өлкөдө Кытайдын позициясын бекемдөө максатында кылынган аракет. АКШ болсо өзүнүн малайларын коргоо жана дүйнөлүк коомчулукту Мьянма аскерийлерине каршы бурууга жана Эл аралык уюмдар аркылуу маселени чечкенге аракет кылмакчы.
Мумтаз Маверанахрий