Британия АКШнын Сириядагы саясий чечимин колдоп-кубаттоодо. Сирия дүйнөлүк коалициясы муну алкыштоодо

243
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Британия АКШнын Сириядагы саясий чечимин колдоп-кубаттоодо. Сирия дүйнөлүк коалициясы муну алкыштоодо

«Заман васл» веб-сайты хижрий 1442-жылы 19-жумадулаввал, миладий 2021-жылы 3-январь күнү жарыялаган кабарда ушулар айтылды:

«Сирия улуттук коалициясы Британия өкмөтүнүн Сириядагы кылмыштарга жооптуу адамдарды жоопко тартуу милдетин аткарганын алкыштады, айрыкча, Британиянын Сирия режимине жана анын шериктерине карата Европа Союзу тарабынан коюлган санкцияларды Британиядагы атайын санкциялар системасына көчүрүү туурасындагы токтомун кубануу менен кабыл алды.

Сирия улуттук коалициясы кече жума күнү жарыялаган билдирүүдө Бириккен Королдук менен кызматташууга даяр экенин билдирди. Бул кызматташуу боюнча коалициянын атайын тобу кылмышкерлер жоопко тартылып, Коопсуздук Кеңешинин резолюцияларына ылайык саясий чечим аткарылганга чейин АКШнын «Цезарь» деген санкцияларынын аткарылышын күзөтүп барат.

Анын сөздөрүнө ылайык, Сирия режими тарабынан Сирия калкына каршы жасалган геноцид, адамзатка каршы кылмыштар жана адам укуктарын одоно бузуу сыяктуу кылмыштар эл аралык тараптардан тиешелүү позицияны карманууну талап кылат. Бул – кылмышкерлерди жоопко тартууну кепилдеген о.э. өткөөл доордун адилети саясий чечимдин алкагында болушун камсыздаган позиция».

Роя:

Британиянын Сирияга аралашуусу да Американын саясий чечимин колдоп-кубаттоо линиясы бойлоп жүрүүдө жана муну ал кылмышкер Асад режимине санкцияларды киргизүү аркылуу ишке ашырууда. Тигил малай, саткын коалиция болсо Американын «Цезарь» санкцияларын кубануу менен кабыл алгандай, муну да ошондой кубануу менен кабыл алууда. Негизи, «Цезарь» санкцияларынан максат Асад режимин сактап калуу о.э. саясий чечим менен алектенүү үчүн аны кайра иштеп чыгуу болгон, дагы эле ошондой болуп калууда. Эл аралык коомчулуктун Женевада кабыл алган уу саясий чечими да, Коопсуздук Кеңешинин №2254-резолюциясы да ушул көз карашта болуп, максат – Шам козголоңун жок кылуу жана ыплас канкор режимди бекемдөө.

 

Роя гезити, №321, 2021-жыл, 13-январь.

 

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here