Пандемияда айрым товарлар 100 эсе кымбат сатып алынган

262
0

Пандемияда айрым товарлар 100 эсе кымбат сатып алынган

Кыргызстандын Башкы прокуратурасы Саламаттык сактоо министрлиги коронавирус эпидемиясы башталган кезде мамлекетке 5 миллион сомдон ашуун суммада зыян келтиришкенин билдирди.

Маалыматка ылайык, 2020-жылдын 6-майында медициналык атайын кийим, мээлей жана бахила сатып алуу боюнча бир фирма тандалган. Натыйжада 1,5 сомдук кыска бахиланын ордуна 150 сомдук кончу узун бахиладан 150 миңи, мындан тышкары, техникалык атайын талапка жооп бербеген 101 мээлей сатылып алынган.

Буга чейин вице-премьер-министр Эльвира Сурабалдиева Кыргызстанга сырттан келген гуманитардык жардамдарды жеп коюшкан, эл кырылып атканда кырсыктан бизнес жасаган фактылар бар экенин айтып чыккан. Мындан сырткары оору боюнча чыныгы сандар жашырылып, адамдардын өлүмүн азайтып жазышкан. Элге айткан сандар менен чындап илдеттен каза болгондордун ортосунда миңдеген айырма чыгат.

Кыргызстан эл аралык каржы уюмдарынан пандемия шартында 346 млн доллар карыз жана кредиттерди алган. Анын бир бөлүгү болсо жогоруда чиновник айткан аткаминерлер сол чөнтөккө солоп кеткен. Ал эми, карыз берген тараптар кандай шарттар менен акча бөлгөнү азырынча ачыктала элек.

Жыйынтыктап айтканда, капитализмдин табиятына ылайык, капиталисттер оорудан да акча иштеп калуунун үстүндө баш катырышты. Айрыкча, дүйнөдөгү экинчи кирешелүү тармак катары саналган фармацевтика компаниялары дүйнөнү киреше майданы кылып алды. Алар коркууга түшүп калган калктарга вакцина жана башка дары дармектерди өткөрүү менен өздөрүнүн кирешелерин арттыруу үстүндө долбоорлорду иштеп жатат. Алардын пайдасынан жергиликтүү фарм компаниялар да үлүш алып калууга ашыгууда. Кыргыз бийлиги болсо ушул капиталисттер менен шерик болуп, элине кыянаттык менен дары-дармектерди сыноодон өткөрүүдөн да кайра тартпай жатат. А түгүл, бахила сыяктуу товарларды жүз эсе кымбат сатып алуу менен элине кыянаттыктарын арттырып жатышат.

Демек, биз мусулмандар эл аралык уюмдардын, аларды колдонуп жаткан колонизатор капиталисттердин жана алардын кызыкчылыгы жолунда кызмат кылган бийликтин иш-аракеттерине сактык менен мамиле кылышыбыз шарт. Муну менен катар өз Исламыбызга жүздөнүп, анын өкүмдөрүн турмушка ашырууга шашылалы. Анткени, Исламдын Саламаттыкты сактоо тармагы пайданы эмес, ооруну дабалоону максат кылгандыктан, ар кандай пандемия же жугуштуу ооруларга каршы ийгиликтүү күрөшүп келген. Демек, биз үммөттү жана адамзатты бүгүнкү күндүн балээлеринен Ислам мабдасын толугу менен жашоого алып келүү аркылуу гана азат кыла алабыз!

Мумтаз Маверанахрий

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here