Таалим конференциясында жыныстык тарбия сунушун киргизүү – Исламга каршы согуш

235
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Таалим конференциясында жыныстык тарбия сунушун киргизүү Исламга каршы согуш

Хизб-ут-Тахрирдин Судан вилаятынын аялдар жаатынын расмий сүйлөөчүсү басма сөз билдирүүсүн жарыялап, ушуларды баса белгиледи: «Таалим конференциясында жыныстык таалим берүү маселесинин ортого салынышы – балдарды Батыш хазаратынын баалуулуктары негизинде тарбиялоо саясаты жана Судан өкмөтүнүн сакталып калган Ислам өкүмдөрүнө каршы согушу».

Билдирүүдө Судан Таалим министри мындай ыплас маселени көтөргөнү үчүн жооп бериши, бул жыныстык тарбиядан кандай баалуулук назарга алынганын ачыкташы шарт экендиги айтылды.

Билдирүүдө дагы ушулар баса белгиленди: «Колонизаторлорго кул болгон режимдин оозунан ушундай сөздөрдүн чыгышы о.э. аял киши денесин жабышы ага жарашпайт деп эсептеши таң калычтуу эмес. Бул – эл аралык жана регионалдык конвенцияларга ыйман келтирүү жана аларды Судан мыйзамдарына, мыйзамчылыгына негиз кылуу аракети. Ушул конвенциялар Судан калкын исламий өздүгүнөн ажыратып, аларды Батыштын идеологиялык түзүмүнө киргизүүнү көздөйт. Алгач Батыш хазаратына негизделген «Балдар укугу жана бейпилдиги боюнча Африка хартиясына» кол коюлган, мына бүгүн болсо «жыныстык тарбия» деген нерсени угуп турабыз. Мындан кийин, Аллах сактасын, булардан да үрөй учурганы болушу мүмкүн».

Билдирүүдө ушул суроолор ортого салынды: «Бул «дурус баалуулуктар», колдонмолор деген нерседен эмне максат кылынган?! Мындай маалыматтарды мусулман балдардын мээсине зордоп жайгаштыруунун эмне кереги бар?! Кафирлердин хазаратынан издегидей, эмне, балалык жана өспүрүмдүк доордогу жыныстык маалыматтар Исламдын мыйзамчылыгында жокпу?!».

Билдирүү ушундай жыйынтыкталды: «Алар инсаний баалуулуктар деп Батыш хазаратын назарга алышат. Колонизатор кафирлер муслима аялдарды, мусулман балдарды жана исламий үй-бүлөнү жек көрүшкөндүктөн, аларды өздөрүнүн ыплас хазаратынын баткагына матырышмакчы. Бул – Батыш мамлекеттеринин көрсөтмөсү жана таалим түшүнүгүнө да байланышы жок, жыныстык аракеттердин вакиъсине да жана бул аракеттерди Ислам көз карашы боюнча тартиптештирүүгө да байланышы жок.

Исламдын балдарды тарбиялоо, өспүрүмдөрдүн аң-сезимин жогорулатуу жана жаштарды билимдүү кылуу боюнча өз жолу бар. Пайгамбарлык минхажы негизиндеги рошид Халифалык мамлекетинде булар Ислам өкүмдөрүнө ылайык колдонулат.

 Роя гезити, №321, 2021-жыл, 13-январь.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here