Ислам – исламий тарыйкат менен гана жашоого кайтып келишине ыйман келтиришибиз фарз!

274
0

Ислам – исламий тарыйкат менен гана жашоого кайтып келишине ыйман келтиришибиз фарз!

 Исламий тарыйкат – бул Исламды мамлекет ичкерисинде колдонуу жана тышкы саясатта Исламды даъват (жихад) жолу менен дүйнөгө алып чыгуу болуп, бул иштер Халифалык мамлекети астында, анын башчылыгында ишке ашырылат. Халифалык жок болуп, анын ордун куфр башкаруусу (мабдаъсы) толук ээлеп алганда, аны жашоого кайтаруу тарыйкаты Пайгамбарыбыз с.а.в.дын Меккедеги иштеринен (сүннөтү, тарыйкатынан) алынат. Мында бир топ (хизб) үммөттүн колу менен Халифалыкты турмушка кайрадан алып келүүдө Пайгамбарыбыз с.а.в.дын тарыйкаты менен барышы важиб болот.

Ислам башкаруудан, жашообуздан ажыратылган соң – ал тирүүлүгүн жоготту. Улуу адамдар, топтор жана жамааттар Исламды жашоого кайрадан алып келүү үчүн аракет кылып жатышат. Алар бул жоопкерчиликти мойнуна алышып, Аллахтын нусратына болгон ишениминде чалкештик агымына кирип калышты. Кээ бирлери Ислам жихад менен жашоого кайтып келет десе, башкалары парламенттик же президенттик башкаруу астында да Ислам менен жашасак болот деген пикирде жүрүшөт.

Бүгүнкү күндө халифалык башкаруу системасы жок болуп, анын ордун куфр башкаруусу толук ээлеп алгандыктан, биз исламий башкарууну кайрадан алып келишибиз керек! Ар бир иш сүннөткө ылайык жана шаръий чечим астында чечилиши важиб болгондуктан, бул проблеманы да Пайгамбарыбыз с.а.в.дын тарыйкаты менен ишке ашыруу важиб.

Пайгамбарыбыз с.а.в. Меккедеги иштери аркылуу куфрду Исламга алмаштыруу тарыйкатын көрсөтүп берген. Бул тарыйкат Исламды жашоого кайрадан алып келүү жолунда бирден-бир шаръий өкүм болуп, ар бир момун-мусулман ага ыйман келтириши керек жана андан башка жолду карманышы жаиз эмес.

Курайштын бир топ өкүлү келип Пайгамбарыбыз с.а.в.ды келишүүгө чакырышты. О.э. алар ар түрдүү басымдарды өткөрүп, зулумдарды кылышты. Ошондо Пайгамбарыбыз с.а.в.дын абасы Абу Талиб “мени да өзүңдү да кыйнаба, мага такаатым жетпеген ишти жүктөбө” деп айтканда, Пайгамбарыбыз с.а.в.: “Эй абаке ушул ишти ташта деп оң ийниме күндү, сол ийниме айды коюшса да таштабаймын.  Же Аллах муну ишке ашырат, же ушул жолдо өлүп кетемин”, – деген. Ушундан көрүнүп тургандай, бул жеңил-желпи жол эмес. Тескерисинче, Пайгамбарыбыз с.а.в. жанын сайган, ар бир момун үчүн өмүр-өлүм маселеси болгон тарыйкат жолу болуп эсептелет. Аны жүзөгө чыгаруу үчүн сахабалар жана миңдеген мусулмандар өмүрүн курмандыкка чалышты. Алар куфр менен ар кандай келишимге ыраазы болбогону үчүн зулум көрүштү. Мухажир болуп чет өлкөлөрдө жан сакташты. Камал (блокада) болуп көптөгөн жылдар ач-жылаңач калышты. Ушул зулумдардын баары – Пайгамбарыбыз с.а.в.дын куфр менен келишүүгө барбаганы, исламды аалий-бийик кылуу жолун (тарыйкатын) вахийден гана алганы себептүү болду.

Бул тарыйкат кыяматка чейин өзгөргүс шаръий өкүм болуп, куфрду жоюп Исламды өз ордуна кайтаруудагы жападан-жалгыз жол болуп калат! Бул бирер хизб же жамааттын табанний кылган пикири эмес. Себеби, бул Ислам өкүмү болуп, исламий раъйларда келишпестик болушу мүмкүн эмес! Бирер мусулман бул тарыйкатты четке какса, же Исламды жашоого куфр тарыйкаттары менен алып келүүнү көздөсө, ал катуу күнөөкөр болот. Тарыйкат маселесинде арабызда ихтилаф болушу мүмкүн эмес! Ушул күндөрдө алдыбызда турган бардык проблемалар т.а. алсыздык жана кордугубуз мына ушул тарыйкатка кайдыгерлигибизден болууда. Куфр тарыйкаттарынан таасирленип, Исламды куфр тарыйкаттары менен аалий кылууга умтулуп өмүрүбүздү сая кетиргенибизден болууда. Исламды демократия тарыйкаты менен бийик кылууга умтулуу, демократияны гана күчөтөт!

Себеби, Исламдын жашоого кайрадан кайтып келиши Аллахтын нусратына көз каранды, ал эми Аллахтын нусраты болсо үммөттүн нусратка татыктуу болушуна байланыштуу! Нусратка татыктуу болуу жана анда бекем туруу болсо – ар бир проблеманы ар кандай абалда өз тарыйкатына т.а. өзүнүн шаръий өкүмүнө байлап ишке ашырууга канчалык аракет кылышыбызга байланыштуу. Ал тургай, жогорку максаттарды ишке ашырууда да өзүбүздүн кубатыбызга таянышыбыз, же тобокел кылып, адамдар ойлоп тапкан жолдор менен барышыбыз бизди кыйроого алып барат. Аллах Өзүнөн алыстатып, өз алдыбызча таштап койбосун!

Абдураззак Муъмин

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here