«Светтик мамлекет»

484
0

«Светтик мамлекет»

Азыр коомчулукта жаңы конституция долбоорунан “светтик” деген сөздү алып салуу же калтыруу боюнча аздыр-көптүр талкуулар жүрүүдө. Биз бул талкууга туура жандашуу үчүн, албетте,бул терминдин мааниси, “светтик мамлекеттин” маңызы о.э. алардын тарыхы тууралуу маалыматтарга ээ болушубуз зарыл.

“Светский” сөзү латынча saecularis сөзүнүн орусча котормосу. Кыргызча “дүйнөбий” деп аталып жүрөт, ал арабча “дунявий” сөзүнөн алынган. Анын терминдик мааниси жөнөкөйлөтүп айтканда мындай: Жаратуучу барбы-жокпу, ахирет барбы-жокпу – булар тууралуу талкуу болбойт. Талкуу бул дүйнө жашоосу тууралуу гана жүрөт. Адамзаттын дүйнө жашоосундагы мыйзамдарга эч бир диндин тиешеси болбошу керек. Мыйзамдар адамдар тарабынан тажрыйбага, акылга, илимге таянылып чыгарылат. Мисалы, эгер абортко тыюу салуу мыйзамы зарыл болсо, дин абортко тыюу салганы үчүн эмес, тажрыйба жана илимде зыяндуулугу далилденгени, көпчүлүк адамдар аны туура деп эсептегени үчүн ушундай мыйзам кабыл алынышы керек. Адамдар эч бир диний ишенимге мажбурланбашы керек. Мамлекет ишине, айрыкча, саясатка дин таптакыр аралашпашы керек.

Жогорудан маалым болгондой, “секуляризмдин” бүгүнкү күндөгү аныктамасынан анын динге каршы концепция экендиги ачык-айкын эле көрүнүп турат. Ал бүгүнкү деңгээлине жеткенге чейин, заманга жараша бир топ өзгөрүүлөргө учураган б.а. ал өз тарыхына ээ.

Тарыхта “жогорку орто кылым” (XI-XIV) деп аталган доордо Европа өлкөлөрү Байыркы Рим империясынын мураскору катары “Ыйык Рим империясы”нын курамында болушкан. Аны император башкарат эле. Рим католик чиркөөсү элди христианчылык кудайынын атынан башкарууда империянын руханий б.а. идеологиялык куралы болгон. Чиркөө адамдарга “император кудайдын жердеги өкүлү, ага баш ийүү – кудайга баш ийүү” деп түшүндүрөт эле. Анткени, христанчылык дини адам турмушунун бардык тармактарын камтыган түзүм эмес эле. Анда, негизинен, Байыркы Римден мураска калган мыйзамдар колдонулчу. Бирок чиркөөнүн б.а. Рим папасынын саясий чөйрөдө орду зор болгон.Император жана королдор бийлик башына анын макулдугу менен келет эле. Аны коргоочу рыцарлык ордендер болгон. Мындан сырткары, Ватикан таасири империя курамына кирбеген Англия, Франция сыяктуу католик өлкөлөргө да жайылган болчу.Мамлекеттер жана княздыктар ортосундагы чие маселелер папанын дипломатиялык аралашуусу менен чечилген. Бардык өлкөлөрдө чиркөөгө караштуу ири жер аянттары болгон. Мындан сырткары, куралдуу күчүн жана үлкөн курулуштарын каржылоо үчүн, ал адамдардан ар түрдүү жыйымдарды жыйып турган. Ошентип, калк император бийлигин, чиркөө жетекчилигин, анан калса, өздөрүнүн жергиликтүү жетекчилеринин зулуму астында абдан кыйналып кеткен.

14-кылымдын экинчи жарымында Кичи Азиядагы мусулман түрк султандары Византияга караштуу жерлерди фатх кылууну баштаган. Жана фатхтар Европаны көздөй тереңдеп жүрүп олтурган. Ислам дүйнөсүндөгү илимий ачылыштар Европага тээ 10-кылымда эле жетип барган болсо да, Европадагы бийлик аны андан ары өркүндөтүүгө каршы болгон. Окуу жайларында юриспруденция боюнча Байыркы Римден мураска калган мыйзамдар о.э. католицизм билимдери, латын тили окутулган, кийинчерээк медицина, философия кошулган. 14-15-кылымдарда, мусулмандар фатхынан чоочуган византиялыктар Европага качышкан. Алар менен Европага исламий дүйнөнүн математика, астрономия, география, физика жаатындагы ж.б. илимий ачылыштары да кошо барды. Себеби, Византияда алардын латын тилине которулган котормолору бар эле. Ал тургай, европалыктар грек философиясы менен араб тилинен латынчага которулган талкуулар аркылуу таанышышкан.

Ошентип, 15-кылымда Европада илимпоздор жана философтор жетишип чыкты. 15-16-кылымдар аралыгындагы бул доор “кайра жаралуу философиясы” деп аталып калды. Тарыхта бул доор “Ренессанс”  (кайра жаралуу, ойгонуу) доорунун бир бөлүгү катары каралат  (14-16-кылымдар). Бул илимпоздор жана философтор европадагы жашоо түзүмүнө канааттанышкан эмес, балким, нааразы болушкан. О.э. алар тигил жактан кирип келе жаткан Исламды да кабыл алгылары келишкен эмес. Алар өзгөчө жашоо тууралуу ойлонушкан. Акыбетте, байыркы грек, байыркы рим цивилизациялары негизинде ойгонууну негиз кылып алышты. Ушундан улам, бул доор кайра жаралуу доору деп аталып калды.

Бизге тарыхтан окутканы боюнча, ренессанс доору дегенде эле сүрөтчүлүк, айкелчилик, музыкачылык көз алдыбызга тартылат. Негизи, европа калкы ойгонуусуна алардын эмес, “ренассанс философиясынын” таасири зор болгон. Буга чейинки католицизм окуусунда – кыскача жана жөнөкөйлөтүп айтканда – акыл кудайды таануу жана библияны түшүнүүдө гана иштеши керек деп окуткан. Б.а. динди руханийлер айткандай билип, ага амал кылуу керек болгон. Табиятты, жашоону таанып-билиш үчүн акыл иштетүүнүн, тажрыйба топтоонун, эксперименттер жүргүзүүнүн кажети жок дешкен. Б.а. библияга тескери келе турган илимдин кереги жок дешкен. Ал эми, жаңы жетишип чыккан илимпоздор менен философтор болсо, мунун тескерисин айтышкан. Алардын айрымдары илимди дин менен ылайыкташтырса болот десе, айрымдары, кудайдын бар экенин моюнга алып, бирок, илим динден алдын туруш керек дешкен, дагы бирөөлөрү кудайды жок дешкен. Негизи, чындап келгенде, алардын илимий тыянактары же андан келип чыккан пикирлери христианчылык динин жокко чыгарат эле. Себеби, христианчылык дини алар тастыктап койгон нерселерди жокко чыгарууга алсыздык кылар эле. Мисалы, христиандык окуу Күн Жерди айланат десе, Галилей телескобу аркылуу Жер Күндү айланарынадалилдерди келтирген. Негизи, Галиллей кудай бар деген. Ошондуктан, ал: “Кудай эки китеп жазган, алар: библия жана табият” деген. Демек, бул табият илим менен үйрөнүлөт дегени. Бул болсо, христианчылык окуусуна тескери келген. Ошондуктан, дин өкүлдөрү мындай илимий пикирлерге каршы күрөштү баштап жиберишкен. Ушундан улам, айрым илимпоздор куугунтукка учурап, айрым философтор инквизиция отуна өрттөлүшкөн. Мисалы, илимпоздор Коперник, Галилейлер өмүр бою куугунтукта болушкан. Ал эми философ Бруно өрттөлгөн.

Илимпоздордун инквизицияга илинбей калышынын дагы бир себеби, ошол кезде капиталисттик мамилелер өнүгүп, буржуазия табы пайда болуп калган эле. (Тарыхта бул доор “коммерциялык капитализм” деп аталат. 15-18-кылымдар). Ал эми алардын өндүрүшү өнүгүүсү үчүн болсо, илимпоздордун илимий ачылыштары, өнөржай ойлоп табуулары зарыл эле. Ошондуктан, буржуазия илимпоздорду сактап калууга кызыкдар болгон.

Коммерциялык капитализм мындайча келип чыккан эле. 1453-жылы Усманий султан Мухаммад Фатих Константинополду фатх кылды. Бул фатхтар Европалыктардын Чыгыш Азия менен болгон кербен соода жолдорунбууп салды. Ал эми, Африканы айланып өтүүчү суу жолдоруна Португалия ээлик кылар эле. Анда Португалия жана Испания мусулмандар Андалусиясынан жерлерин кайтарып алгандан кийин, кубаттуу державаларга айланып калышкан болчу. Алгач Португалия,андан соң Испания байлыкка жетишүү жана христианчылыкты жаюу үчүн кеме куруу жана деңиз кезүү иштерин күчөтүп жиберишти. Акыры Португалия Африканы айланып өтүп, Индия, Кытайга жетти. Испания Индияны табам деп жүрүп, “жаңы дүйнөнү” – Американы ачты. 17-кылымда Англия, Франция, Голландия алардан озуп кетти. Ошентип Европада соода б.а. базар өнүктү. Америкадан агылып келген алтын-күмүшкө Азиянын татымалдары, жибек, фарфорлору сатып алынып келип жатты. Бул соодагерлер абдан байып кетишти. Мануфактураларга ээлик кылып калышты. Сүткор банктар, акционердик коомдор, биржалар түзүлдү. Буржуазия ушундайча пайда болду. Алар эми бийликке умтулуп калышты.

Негизи, секуляризмдин калыптануусунда “реформация” идеясынын орду зор болгон. Реформация доору (1517-1648) тарыхта секуляризмдин алгачкы этабы катары каралат. Өзү реформация идеясы 14-кылымдын 2-жарымында англиялык профессор ЖонУиклиф тарабынан көтөрүлгөн.Уиклиф: “Чиркөөнүн башы папа эмес, Христос” деген. Дагы “Авторитет чиркөө эмес, библия” деген. О.э. ал чиркөө жерлерин конфискация кылууга чакырган. Библияны англис тилине которгон, аны өз тилинде окуп түшүнгөн эл Рим чиркөөсү чындап эле диндин атын пайдаланып эзип жатканын түшүнүшкөн. Уиклифтин жактоочулары өз доорунда куугунтукка учураса да, бирок, анын идеялары Англияга жайылып үлгүргөн. Себеби, Англия Рим империясына карабагандыктан, ага карата чиркөөнүн басымы да азыраак болгон. (Ошондуктан да, реформациянын алгачкы үлгүсү катары, тээ кийин, 1520-жылы Англия королу Ватикан менен мамилени үзүп, жаңы англикан чиркөөсүн түзгөн жана ага өзү башчы болуп алган).А бирок, Ватикан империя составындагы өлкөлөрдө Уиклифтин идеясы жайылышына катуу каршы турган. Ошондуктан да, реформация идеясын Чехияда жайылткан Ян Гус өрттөп жиберилген.

16-кылымда Усманий халиф Сулайман Конуний Австрияга чейин фатх кылып барды. Бул доордо Рим империясы алсыраган. Империянын алсыздыгынан пайдаланып, анын тутумундагы княздыктар эгемендүү мамлекет болууну көздөп калышкан. Германияда реформатор Мартин Лютер айрым княздар тарабынан колдоого алынган. Курфюрст Фридрих Саксонский Лютерди инквизициядан сактап калган, 2 жыл бекитип библияны немис тилине которткон. Аны жазалоо тууралуу императордун буйругуна княздар расмий протест билдиришкен. Ошондуктан, бул агым протестантизм деп аталып калган. Ошентип, лютеранство,кальвинизм протестанттык агымдары пайда болгон. Айрым княздыктар протестанттык агымдарды кабыл алышса, айрымдары католик бойдон калышкан. Акыбетте, алардын арасында 30жылдык согуш келип чыккан. Тарыхта бул конфессиялар аралык согуш деп айтылып жүрөт, негизи, конфессиялар “эгемендүүлүк” үчүн болгон согушка курал болушкан. Протестантизм реформациясы буржуазия тарабынан да колдоо тапкан. Себеби, алардын бийликке жетүүсү үчүн да жаңы иделогиялык курал зарыл эле. Бул капиталисттер да христианчылыктан кечкен эмес, бирок, алар үчүн арзан жана жеңил христианчылык керек эле. Алар чиркөөнү баккысы келбейт эле, бийик соборлорду кургусу келбейт эле, христианчылыктын катаал эрежелери астында да жашагысы келбейт эле.

Акыры келип, император Усманий халифалыкка биргеликте каршы туруу үчүн, Вестфаль тынчтык келишимин түзүүгө аргасыз болду.Вестфаль келишими боюнча, империя тутумундагы өлкөлөр эгемендүүлүк алып, алардын королдорунун укуктары император укуктарына теңелди. Католицизм менен протестанттар бирдей укукка ээ болушту. Чиркөө жерлери конфискацияланды. Папанын бийлиги төмөнкү чекке түшүрүлдү. Бийлик королдордун колуна өттү, жергиликтүү конфессия чиркөөлөрү алардын идеологиялык куралдары болуп калды. Бирок, мурун чиркөөдө эбегейсиз бийлик болсо, эми ал мамлекеттин бир тармагы гана болуп калды.Бирок, бул чыныгы секуляризм болбогон.

Ошентип, бийлик буржуазия колуна өтпөй калды.Буга чейин, 1624-1626-жж. “Дыйкандар согушу” болуп өткөн эле. Муну буржуазия сырттан колдоп-кубаттаган, себеби, бийлик жана чиркөө алардын иштерине да жолтоо болуп, тапкан пайдаларынын үстүнө олтуруп алган эле. Бирок, бул көтөрүлүш аёосуз бастырылган.

Реформациядан кийин, протестантизм илимге тоскоолдук кылбагандыктан, Бойль, Ньютон, Лейбниц, Паскаль ж.б. көптөгөн илимпоздор чыгып, илимий ачылыштар жасашты. О.э. протестантизм ишкердикке жакшы көз карашта болгондуктан, илимий ачылыштарды ишке салуу менен өнөр жай ойлоп табуулары жүз берди. Буржуазия андан ары өнүгүп, 18-кылымдан тартып, капитализмдин “өнөржай” доору келди. Бул кылымдарда пар кыймылдаткычы, суу насосу, жип ийрүүчү машина ойлоп табылды. Металлургия иштери өнүктү.Натыйжада, фабрикалар жана машина куруучу заводдор пайда болду. Транспорт жана байланыш каражаттары ойлоп табылып, ишке салынды. Ошентип, капиталисттер дүркүрөп өсүп, алардын бийликке келүү мезгили келип жетти. Бул убакка келип, буржуазия өкүлдөрүндө королдордун бийлигинен да, анын идеологиялык куралы болгон чиркөөдөн баш тартуу зарылдыгы пайда болуп калган эле. Демек, аларга жаңы идеология, жаңы башкаруу түзүмү керек болчу. Бул идеология “агартуу доору”нун (ор. “эпоха просвещения” 18-кылым) философтору тарабынан иштелип чыкты. Шарль Монтескьё, Жан Жак Руссо, Иммануил Кант ж.б.лар мына ошолордон болушкан. Алар тарабынан,негизинен, төмөнкү пикирлер калыптанды:

– Адамды жана табиятты таанууда акыл эң биринчи орунда турат

– Акыл иштешинин эң алдыңкы көрүнүшү – дүйнөнү илимий көз карашта таануу

Булардын натыйжасы катары

– “Адам укуктары жана эркиндиктери” пикири киргизилди.

Жана дагы, ушул “укуктар жана эркиндиктер”ди турмушка ашыра турган мамлекет тууралуу:

– “динди мамлекеттен ажыратуу”

– “бийликтин үч бутагы”

пикирлери киргизилди.

Адам Смит, Мальтус, Рикардо сыяктуу экономисттер тарабынан капиталисттик экономикалык система иштелип чыкты.

Булардын баары Томас Жефферсон тарабынан системалаштырылып, мамлекетте колдонула турган түзүмгө айландырылган.

Мындай системанын иштелип чыгышы жана элге жайылышы Англия, Франция ж.б. өлкөлөрдөгү буржуазиялык революциялардын болушуна алып келди жана натыйжада бул өлкөлөрдө христианчылык дини турмуштан ажыратылган, христианчылыктын ахлак жана ибадаттан турган өкүмдөрү чиркөөгө гана чектелген, мыйзамдарды парламент чыгара турган, экономикасы капиталисттик экономика болгон светтик мамлекеттер курулду. Чыныгы светтик мамлекеттер ушулар болушту жана ошондон ушул күнгө чейин бул жолду улам өркүндөтүп келишүүдө.

Жогорудагылардын баарынан маалым болгондой, “светтик мамлекетти” илимпоздор жана философтор – королдук башкарууга жана анын куралы болгон христианчылык динине каршы – иштешип чыккан. Аны капиталисттер пайдаланып, демократия атын жамынган капиталисттик башкарууну алып келишти. Кийин, капиталисттер колонизаторлук иштерин алып барып, дүйнөдө империалисттик саясат жүргүзүштү.Бир учур келип, алар Исламий Халифалык мамлекетин кулатууга жетишишти. Ошондон кийин, Ислам динине карата христиан динине карата кылгандаймамилени кылышты. Исламды ахлак жана ибадатка гана чектеп, анын башкаруу, саясат, экономика ж.б. түзүмдөрүн турмуштан ажыратышты. Бирок, Ислам табияты турмуштун бардык тармактарын камтыган мабдаъ болгондуктан, капиталист кафирлер мунун өтөсүнө чыга алышкан жок. Мына Ислам мабдаъ катары кайрадан кайтып келүүдө. Аны колдонуучу Халифалык мамлекети тикеленүү алдында турат. Мындан корккон империалист кафирлер, нукура Исламды көтөрүп чыккан мусулмандарга“экстремизм” тамгасын жабыштырышууда.

Сөзүбүздү тыянактасак, бүгүнкү конституцияда светтик сөзү болобу же болбойбу, айырмасыз, мамлекет баары бир светтик бойдон калат. Ошондуктан, мусулмандар бир сөздүн үстүндө талашып-тартышпастан, улуу ишти алып баруулары тийиш. Ал Исламды кайра жашоого алып келүү үчүн Халифалык мамлекетин тикелөөгө аракет кылуу.

Абдулхакийм Караханий

 

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here