АКШда башаламандык
6-январда АКШ президенти Трамптын тарапкерлери жыйын өтүп жаткан Конгресстин имаратына бастырып киришти. Жыйында шайлоочулар коллегиясынын жыйынтык добушун бекетүү каралып жаткан. Маалымат каражаттары кабарлашынча, полиция менен элдин кагылышуусу учурунда өлгөндөр жана жарадар болгондор катталган. Атайын күчтөрдүн жардамында Конгресстин имаратына бастырып кирген эл таратылды. Вашингтон шаарынын мэри 15 күнгө чейин өзгөчө абал киргизди, башкача айтканда өзгөчө абал режими Жо Байдендин инаугурациясына чейин күчүндө болот. Кийинчерээк Сенат жана Конгресстин өкүлдөр палатасы бирге жыйын өткөрүп, 3-ноябрда өткөн президенттик шайлоодо Жо Байден жеңип чыккандыгын бекетишти. Ал эми, Трамп шайлоонун жыйынтыгына макул эмес болсо да, 20-январда бийликти өткөрүп берерин маалымдады.
АКШ бул пандемия доорунда дүйнөгө жаңы-жаңы сюрприздерди тартуулоодо. Бул окуяларды сюрприз дегенден башкача атай албайсың, себеби дүйнө АКШдан күтпөгөн окуяларга күбө болуп жатат. Мисалы, 2020-жылы май айында Жорж Флойд өлтүрүлгөндөн кийин АКШда жайылган нааразылык акцияларында күч органдары митингчилерди кандай ырайымсыздык менен сабап, камакка алганын көрдүк. Бул жагдай сөз эркиндигин, ой-пикир билдирүү эркиндигин туу тутуп, башка өлкөлөргө таңуулап, ушул шылтоо менен бул өлкөлөрдүн ички ишине аралашкан АКШнын жүзүндөгү масканы сыйрып салды. АКШ менен диктатор мамлекеттердин айырмасы болбоду.
Эми минтип шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон эл Конгресстин имаратына бастырып кирип башаламандык уюштурушту. Мындай окуяларды АКШнын тукуруусу менен «түстүү революциялар» болуп өткөн үчүнчү дүйнө өлкөлөрүндө гана көрүү мүмкүн эле. Башкача айтканда, АКШнын даражасы ушул өлкөлөрдүн деңгээлине түштү. Бул жагдайды АКШнын жооптуулары да моюндап атышат. Мисалы АКШнын мурунку президенти кичүү Жорж Буш мындай билдирүү берди: «Минтип шайлоонун жыйынтыгын банан республикаларында гана талашат, биздин демократиялык өлкөбүздө эмес». (Банан өлкөсү – туруксуздукка, коррупцияга, адилетсиздикке малынган экономикасы начар өлкө). Дүйнө АКШны аң-таң болуп карап турат, а түгүл, мыскылдоодо. Албетте бул окуялар АКШ адам укугун дүйнөгө таңуулоого укугу жок экенин ырастоодо. «CNN» каналынын мурунку бөлүм башчысы Жилл Догерти мындай дейт: «Мындан кийин АКШ дүйнөгө: «Биз демократиянын үлгүсү болобуз» эч качан айта албайт».
Бул окуяларды бир гана Трампка байлаганга болбойт, маселе андан тереңирээк. Адамдар демократиялык идеяларга ишенимин жоготкондо пикирлөөсү тарып, ушинтип жеке адамга байланат, же улутчулдук жана башка пикирлерди кармана баштайт. Андан тышкары, инсан ойлоп тапкан кемчиликтүү капиталисттик (демократиялык) система материалдык пайда үстүнө курулган. Ошондуктан, капитализмде эң жогорку баалуулук – материалдык пайда. Байлар, гигант компаниялар пайда табуу үчүн адам укугун ойлоп да коюшпайт. Мындан улам, капитализм коомдо ресурстардын адилетсиз бөлүштүрүлүшүнө шарт жаратат. Албетте бул абал коомдо толкундоолорго себеп болот. Ал эми, пандемия бул процесстерди ылдамдатып жиберди. Ошон үчүн бизди дагы жаңы-жаңы сюрприздер күтүп турат.
Учурда Америкага жана капиталисттик системанын бардык түрлөрүнө каршы турган система жок. Башкача айтканда, капитализимге каршы турган идеологиялык мамлекет жок. Эгер адилеттик орнотчу, туруктуулук, байгерчилик алып келчү Ислам системасы бар болгондо, капитализмде жашап жаткан адамдар канчалык адилетсиздикте жана зулумда жашап жатышканын көрүп, Исламга топ-топ болуп умтулушмак (киришмек). Ошондуктан, мусулмандар Ислам Умматын гана эмес, дүйнөнү капитализмдин зулумунан куткаруучу үчүн Халифалыкты тикелөөгө аракет кылышы керек.
Харун Абдулхак