Түркия менен Израиль ортосундагы мамиле күчөшү мүмкүн

349
0

Түркия менен Израиль ортосундагы мамиле күчөшү мүмкүн

Түркия жана Израиль ортосундагы мамилелер жана эки тараптуу дипломатиялык алакалар март айына чейин жолго коюлушу мүмкүн. Түркия президентине караштуу айрым булактар муну тастыкташты. Президенттин коопсуздугу жана жана тышкы саясат боюнча комитеттин мүчөсү Масъуд Хакки Чашин “эгер Израиль бир кадам койсо, Түркия эки кадам басарын” билдирди. Түркия Израилден көптөгөн курал-жарак сатып алганын эске салган Чашиндин билдиришинче, бул алакадан Израиль көптөгөн утуштарга ээ болот. О.э. ал АКШда Жо Байден дайындалышы менен жаңы келечек пайда болушун жана көп нерселер өзгөрүшүн кошумчалады.

Түркия-Израиль мамилеси боюнча адис Селин Насинин билдиришинче, мусулман мамлекеттер менен дипломатиялык алака орното баштаган Израилдин Түркияны да бул тизмеге кошуусу эл аралык майданда Израилдин аброю үчүн да маанилүү.

Түркиянын президенти Режеп Таййип Эрдогандын билдирүүлөрү да ал баскынчы яхудий вужудуна жакындашууну каалай тургандыгын көрсөтүп турат. Израил жана Түркия ортосундагы акыркы алакалар жөнүндөгү кабарларга мамилесин билдирген Эрдоган: “Биздин Израиль менен разведка кызматындагы алакабыз эч качан үзүлгөн жок, бүгүнкү күнгө чейин уланууда. Биз бул жерде кээ бир мамлекеттер сыяктуу эң жогорку чекиттеги адамдар менен кээ бир проблемаларды башыбыздан өткөрүп жатабыз. Эгер эң жогорку чекитте мындай проблемалар болбогондо, Израил менен мамилебиз таптакыр башкача болмок”, – деди.

Эрдоган мырза Израилдин Палестинадагы саясатын кабыл алуу мүмкүн эместигин баса белгилеп, андай болбогондо Израиль менен Түркия ортосундагы алаканы эң жогорку деңгээлге жеткирүүнү чын көңүлдөн каалай тургандыгын кошумчалады.

Комментарий: Калкы мусулман болгон Түркия мамлекети яхудий вужудун мамлекет катары тааныган алгачкылардан болуп тааныды. Ошондон бери яхудий вужуду менен саясий-экономикалык, аскерий-дипломатиялык жана туризм тармактарындагы мамилеси үзүлбөдү. Мусулмандар исламий көрүнүшү үчүн добуш берген Эрдоган өкмөтү доорунда мамиле эң жогорку деңгээлге чыкты. “Мавий мармара” окуясы сыяктуу кээ бир абалдарда мамиле бир аз аксагандай көрүнгөнү менен, АКШнын “таарынычты токтоткула” деген буйругу мамиле дагы кайрадан мурункудай эң жогорку деңгээлге чыгышына жетиштүү болду.

Тарыхта исламдын адилеттүүлүгүнө күбө болгон Түркия сыяктуу бир мамлекеттин – мейли көпчүлүк калкы, анын ичинде жетекчилери мусулман болсо да – баскынчы яхудий вужудун таанышы жана аны менен кызматташуусу, анын идеологиялык мамлекет эместигин көрсөтүп турат. Эгер Түркия идеологиялык мамлекет болгондо бул жаатта өз идеологиясынан келип чыккан позициясын карманат эле. Түркия жана башка араб мамлекеттери идеологиялык мамлекет болбогондуктан капитализмдин этегин карманууга мажбур. Натыйжада коюлуп жаткан ар бир кадамда капитализмдин жашоодогу өлчөөсү т.а. кызыкчылык бирден-бир негиз болуп кала берет. Кызыкчылык эмнени талап кылса, ал тургай үммөткө, динге, Аллахка кыянат кылууну талап кылса да, ал баары бир биринчи даражага коюлат. Мындан башкача болушу мүмкүн эмес. Мусулман өлкө болуп туруп Ислам идеологиясын четке каккан, куфрга жагынып, анын идеологиясын ээрчиген өкмөттөрдүн абал мындан башка кандай болушу мүмкүн?! Түркия эле эмес, бардык Ислам өлкөлөрүнүн баарында абал ушундай.

Ар кандай мамлекет өз каалоосуна ылайык өкүм жүргүзүшү үчүн, ал мамлекет албетте өз идеологиясына ээ болушу керек. Себеби, өз идеологиясына ээ болгон мамлекет гана башкага көзкаранды болбойт.

Ушундай болгон соң, Исламий өлкөлөрдөгү өкмөттөр өз акыйдасына тескери болгон капиталисттик, демократиялык идеологиядан баш тартып, Исламий идеологияга таянган абалда кадам коюшу керек. Мына ошондо гана жашоодо пайда-зыянды эмес, адал-арамды өлчөө кыла турган улуу мамлекетке айланат. Антпесе, капиталисттик мамлекеттер артынан желип-жортуудан башкага жарабайт.

Киямуддин Шариф

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here