بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ
Ирак Күрдстаны коррупционерлерге каршы Октябрь ыңкылабы жолунан бара жатат
Устаз Али Бадрий
Ирак Күрдстаны вилаятында шаршемби күндөн бери демонстрациялар болууда. Демонстрацияда жумушчулардын маяналарын төлөө талап кылынууда. О.э. коррупцияга жана мамлекеттин каражаттары талап-тонолушуна, вилаяттагы нефть байлыктарынын бийликтеги партиялардын лидерлеринин жана алардын үй-бүлөлөрүнүн кызыкчылыгына кызмат кылышына чекит коюу талап кылынууда. Көп узабай демонстранттар менен коопсуздук күчтөрү ортосунда кагылышуу башталды жана алты адам каза болду, ондогону жараат алды, дагы ондогону камакка алынды. О.э. партиялардын кеңселери өрттөлдү жана абал дагы да курчуду. Демонстранттар вилаят өкмөтүн жана Багдаддагы Союз парламентиндеги үч күрд партиясынын кеңсесин өрттөштү. Алар Масъуд Барзаний жетектеген Күрдстан Демократиялык партиясы, Ирактын каза болгон президенти Жалал Талабаний тарабынан түзүлгөн Күрдстан Улуттук Союзу партиясы жана каза болгон күрд саясатчысы Ниширван Мустафа түзгөн Тагйир кыймылынын кеңселери эле. Кийин демонстрациянын көлөмү кеңейип, Сулайманиянын жанындагы алты шаарчага чейин жайылды. О.э. жергиликтүү булактардын айтымында, демонстранттар Түндүк Дахук шаарына чейин жеткен. Борбор Арбилде нааразылык демонстрацияларынын алды алынып, коопсуздук күчтөрү тартылды. Жергиликтүү булактардын айтымында, Күрдстандагы Дахук үй-бүлөсүнүн топтору өкүмдар партияларга каршы демонстрацияларга катышуу чакырыгын кабыл алышкан о.э. топтолууга урунушкан. Бирок, Барзаний партиясына караштуу коопсуздук күчтөрү алардын топтолушун алдын алып, ондогонун камакка алган. Булактар Барзаний партиясынын Күрдстан вилаятынын борбору Арбил шаарына демонстрациялардын келишин алдын алуу үчүн күчөтүлгөн тартип-чаралар көрүлгөнүн кошумчалашты.
Демонстранттар Күрдстандагы эки партияны Багдаддан маяна үчүн ар ай сайын жөнөтүлгөн акчаларды кымырууда айыпташды. Мындан тышкары, вилаяттагы бардык байлыктарды монополия кылып жатат, маанилүү кызматтарга Барзаний жана Талабанийдин туугандарын дайындап жатат о.э. вилаят нефтисин мыйзамга тескери түрдө миллиондогон долларда комиссия алуу акысына чет элдик күчтөрдүн пайдасына күрөөгө коюп жатат деп айыпташты. Вилаяттагы жумушчулардын айтымында, күрд өкмөтү Лахам шаарындагы жумушчулар үчүн Багдаддан 36 айга маяна алган, бирок, аны өздөрүнө тиешелүү тараптарга сарптап жиберишкен. Өз кезегинде, саясий талдоочу Мухсин Адиб «Хурра» веб-сайтына берген интервьюда: «Күрддөрдүн жана жумушчулардын абалы өтө оор… акыры, иштеп жаткан адам бир жылдык маянасын беш жылдан кийин алышы акылга сыябы?!», – деди. Ал: «Сиз дүйнөдө 12 жылда төрт жолу маяна алган жушушчуну уккансызбы?!», – деп кошумчалады. Ал ушуларды баса белгиледи: «Турмуш деңгээли өтө жаман. Мындан улам, демократия жана вилаятта бийлик алмашуу жок болуп турган убакта демонстранттар саясий партияларга жана өкмөткө тиешелүү кеңселерди өрттөшү табигый».
2014-жылы нефтинин баасы төмөндөп кеткенден бери Күрдстан вилаятынын жумушчулары маяна ала албай катуу кыйналышууда. Бул Арбил менен Багдад ортосунда нефть кирешелери жана анын чегара кирешелерине байланыштуу келишпестик себептүү болууда. Т.а. Багдаддагы борбордук өкмөт жалпы бюджеттен регионго каражаттарды, алардын катарында, Күрдстан вилаятынын жумушчуларынын маяналарын жиберүүдөн мурда Ирак нефтисин экспорттоо үчүн ар күнү региондун чейрек миллион баррель нефтини «SOMO» компаниясына жиберишин Күрдстан вилаяты өкмөтүнө шарт кылууда. Вилаят өкмөтү ушул шартка ыраазы болбой жатат. Себеби, Сулайманиядагы көпчүлүк күрддөрдүн пикиринде, Барзанийдин партиясы алардын Багдад менен болгон келишимине тоскоолдук болуп жатат, ушул аркылуу Багдадды күрддөрдүн акы-кукугун бузуп жаткандай кылып көрсөтүп коюуда. Мунун натыйжасында, Сулайманиядагы бир нече чөйрөлөр ушул кризистен чыгуу үчүн түрдүү тандоолорду алга сүрүшүүдө. Мисалы, кээ бирөөлөр кежир Арбил менен келишүү кыйын болуп жатканда жумушчулардын маяналары туурасында борбордук өкмөт менен түздөн-түз жана өзүнчө келишимге барышы керек деген тандоону алга сүрсө, башкалар Сулайманияны Күрдстан вилаятынан бөлүп, эгемендүү мамлекет кылуу керек деген тандоону айтып жатышат. Бул экинчи тандоого Ирак конституциясында белгилүү бир шарттар негизинде уруксат берилген. Ошол эле убакта, күрд оппозициясы Барзаний жана Талабаний партияларын Күрдстан вилаятынан казып алынган нефттен күнүнө 500 миң баррелин Түркияга жашыруун сатып жатат деп айыптап жатат. Жашыруундугун ушул 500 миң баррель үлүштүн көпчүлүк бөлүгүнүн кирешелери ачыкталбаган абалда жашыруун эсептерге кетип жатканы менен түшүндүрүүдө. Мындан тышкары, мамлекеттик кызматтардын акысына келе турган «нефттен тышкары киреше» делип жаткан төлөмдөр, салыктар о.э. Түркия жана Иран менен болгон чегара кирешелери да бар, булардын баары Күрдстан вилаятын өтө бай кылат жана ушунча байлыктар болуп туруп, жумушчулардын маянасы берилбей жатканы күмөн жаратат. «Навай Нве» (Жаңы Муун) кыймылынын негиздөөчүсү Шасвар Абдулвахид эки күрд партияларынын чегара пункттарынан ала турган кирешелери айына 200 миллион долларды түзүшүн ачыктады. Ал вилаят байлыктарынын талап-тонолуп жатканына биринчи жооп Күрдстан Демократиялык партиясы менен Улуттук Биримдик партиялары экенин баса белгилеп, Масъуд Барзанийдин уулу Масрур Барзаний чегара пункттарында контрабанда менен алектенип, түрк соодагерлерине нефтти мыйзамсыз түрдө саткандыгын, нефттин калган бөлүгүн болсо яхудий вужудуна жөнөткөндүгүн, бул шерменде иштерди эки күрд партияларынын жетекчилери жакшы билерин айтты. Шасвар баса белгилешинче, ушул «соодалардан» түшкөн кирешелер вилаят финансы кирешелери тизмесине киргизилбей, Багдаддагы Борбордук банкка өткөрүлбөй, вилаят нефть министри делип жаткан Аштий Хуррамийдин банктагы эсебине о.э. Барзанийдин үй-бүлөсүнүн Түркия жана Европа банктарындагы эсептерине жайгаштырылган.
Күрдстан вилаятындагы бийликтин кылмыштары нефть контрабандасына о.э. мекемелерине ээлик кылууга гана чектелбеген. Күрдстан Демократиялык партиясынан болгон депутат Хасина Кахрадий ачыкташынча, бийликтин кылмыштары мамлекеттеги органдардын «келгиндилер» делип жаткан паракорлорго чейин созулган. Хасина акыркы жылдары элдин нанын тартып алып, вилаят денесин курттай кемирип жаткан коррупционерлер жана «асманда жүргөндөр» жөнүндө сөз кылды. Ал баса белгилешинче, бирден бешке чейин маяна алуучулардын саны 86 миң адамды түзөт, 152 адам министр даражасында кызматтарын аякташкан жана эч кандай министрлик кызматында иштебестен Күрдстан вилаятынын жергиликтүү өкмөтүндө пенсия алат. Ушул атайын даражадагылар өкмөттөн ар айда беш миллион маяна алат. 101 миңден ашык адам бирден көп маяна алат, «келгинди жумушчулар» 55 миң адамды түзөт, темир жол жумушчулары мындан сырткары. Вилаят темир жолундагы жумушчулар саны эки партиянын кадрларынан 32 кишини каттаган. Негизи, ал жерде бир да поезд жок, болгону мамлекет мүлкүн уурдашып эле жатышат. Арийне, Ирактагы финансылык жана экономикалык коррупция жөнүндө сөз болгондо Түндүк Ирак вилаятынын бийлигиндеги коррупция да мындан сырткары эмес. Ал жерде да Барзаний менен Талабаний партияларынын үй-бүлөлөрү вилаят бийлигиндеги бардык муундарды өз колдоруна алышкан. Күрдстан Демократиялык партиясынын расмийлери жана вилаяттын мурдагы жетекчи туугандары вилаяттагы бардык экономикалык да, финансылык да байлыктарга ээ болуп алышкан. Алар нефть, нефть контрабандасы, чегара постторунун кирешелери, аэропорттордон тартып, инвестиция, телекоммуникация жана интернет компанияларына чейин, ал тургай, массалык маалымат каражаттарына чейин өкүмдарлык кылышат. Мисалы, массалык маалымат каражаттары Масъуд Барзанийдин үй-бүлөсүнүн колунда. Алар жыйырма жылга жакын убакыт бийликте турган аталарынын таасиринен пайдаланып, алдында болсо жуткан киттерге айланышкан.
Демек, күрддөрдүн проблемасы мамлекет куруу же эгемендүү болуу чечими менен таптакыр чечилбейт. Себеби, бул албетте Батыштын коргоосу астындагы чечим. Мындан тышкары, бул чечимге күрддөр жашаган мамлекеттердин да ыраазылыгы керек, себеби, бул нерсе ушул мамлекеттердин жеринин бүтүндүгүнө коркунуч салат жана бөлүнүшүнө алып келет. Ошондуктан, күрддөр жана башка улуттардын проблемасы Ислам Умматы долбоорунун алкагында гана чечилет. Себеби, күрддөр да, түрктөр да мусулман, арабдар да мусулман. О.э. фарстар, берберлер, афгандар, пакистандыктар, баары Мухаммад алайхиссаламдын Умматы. Ушул себептен улам, аларды Аллахтын Китеби менен Расулунун Сүннөтү негизинде биригүүгө жана рошид Халифалык ичинде бир Ислам Умматын тикелөөгө даъват кылуу керек. Рошид Халифалык баарын укук жана вазыйфаларда барабар болгон жарандар катары Аллахтын шарияты менен башкарат. Расулуллах ﷺ айтат:
«أَلَا لَا فَضْلَ لِعَرَبِيٍّ عَلَى أَعْجَمِيٍّ … إِلَّا بِالتَّقْوَى»
«Арабдын ажамдан абзелдиги таквасы менен». Рошид Халифалык алардын байлыктарына кайдыгер караган жана уурдаган ар кандай кимсенин колун кесет жана тебеленеген акыларын, тартып алынган байлыктарын кайра алып берет, баарын жыргал жашоо жана жакшы башкаруу менен камсыздайт. Байлык эч качан бүтпөйт, ал адамдардын муктаждыгын толук кандырууга жетиштүү. Негизги маселе бул байлыктардын жаран ортосунда жакшы бөлүштүрүү жана байлыктарга жаран ээ болушуна мүмкүнчүлүк жаратуу. Муну кепилдей турган, жаранга жакшы жашоо таризин жана бактылуу жашоо бере турган түзүм болгон Исламды гана бийликке алып чыгуу менен тикелет.
Сөзүбүздүн аягында бүгүнкү күндөгү араб, ажам жана күрд мусулмандарга айтоор сөзүбүз ушул: тигил акимдерге каршы козголгула жана мусулмандарга жаман назарда карап жаткан, аларды түрдүү азап кыйынчылыктарга салып жаткан бүгүнкү күчсүз мамлекетчелерди түп-тамыры менен жок кылуу аркылуу исламий жашоону кайрадан баштоого аттангыла о.э. Пайгамбарлык минхажы негизиндеги рошид Халифалык мамлекетин тикелөө үчүн Хизб-ут-Тахрир менен бирге аракет кылгыла.
﴿لِمِثْلِ هَذَا فَلْيَعْمَلْ الْعَامِلُونَ﴾
«Амал кылуучулар мына ушул үчүн амал кылышсын!» [37:61]
Роя гезити, №317, 2020-жыл, 16-декабрь.