Сүткордук жана менчиктештирүү – өнүгүп келе жаткан мамлекеттердин экономикасы үчүн үрөй учурган кырсык

409
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Сүткордук жана менчиктештирүү – өнүгүп келе жаткан мамлекеттердин экономикасы үчүн үрөй учурган кырсык

 Устаз Абу Хамза Хутваний

Эгер өнүгүп келе жаткан малекеттердин акыркы экономикасын ойрон кылган факторлорду үйрөнүп чыксак, аларды кыйраткан негизги нерсе сүткордук жана менчиктештирүү экенин, өнүгүү көрсөткүчү канчалык жогору болбосун, бул эки илдет мамлекетти жемиргенине күбө болобуз. Мисал катары Түркияны алалы. Түрк калкы үлкөн кайраттуу калк. Өнөр жайда, эмгек жана өндүрүштө бардык билим, талант, жөндөм ушул калкта бар. Бирок, сүткордук жана менчиктештирүү түрк калкынын бардык жөндөм-жандуулугун өлтүрүүдө, алардын алдында жакырчылыкты, жумушсуздукту, инфляция жана экономикалык депрессияны гана калтырууда.

Түрк валютасы тынымсыз төмөндөп барууда. Өткөн жылдагы ушул убакка карата лиранын наркы 30%га төмөндөдү. Мамлекет өзүнүн катуу валюта балансындагы олуттуу төмөндөөнү токтотуп кала албады. Ушул себептен улам, президент Режеп Таййиб Эрдаган Түркия Борбордук банкынын директорун кызматтан бошотууга жана өзүнүн күйөбаласы Барот Албайракты Финансы министрлигинин кызматынан бошотууга о.э. экономикалык абалдын кыйроосунун жана валютанын туруксуздугунун жоопкерчилигин аларга жүктөөгө мажбур болду. Анын пайыздык ставканынын жогорулашын төмөндөтүү жөнүндөгү буйругу толук аткарылганына карабастан Эрдоган – өзүнүн мурдагы адаттагы саясатына тескери түрдө – пайыздык ставканы көтөрүү эрежесин кабыл алган адамдарды дайындады.

Түрк өкмөтү лиранын туруктуулугун бекемдөө үчүн 2018-жылдан бери өзүнүн катуу валюта запасынын чоң бөлүгүн сарптады. Бирок, пайдасы болбоду. «Голдман Сакс групп» эксперттеринин айтымында, Түркия бул жылы 100 миллиард доллар жоготкон, бул болсо, мамлекеттин валюта балансынын бузулушуна алып келди.

Борбордук банк лиранын жүгүртүүсүн жакшыртуу үчүн карыз берүүчүлөрдөн ондогон миллиард доллар карыз алды, бирок, мындан да жарытаарлык натыйжа чыкпады.

Түркиянын карызы 2002-жылы 112 миллиард доллар болгон. 2016-жылга келип бул карыз 431.4 миллиард долларга жетти. Инфляция 25%дан ашты. Жумушсуздук болсо 12%га жакындады. Ушул убакытка чейин бул проблемага пайыздык ставканы төмөндөтүү же көтөрүүдөн турган капиталисттик чечим берилип келди, мындан башкача болбоду.

Бул сүткордуктун кыйратуучу кырсыгы. Экинчи кырсыкка келсек, ал өлкөнүн экономикасына үрөй учурган сокку берген менчиктештирүү кырсыгы. Менчиктештирүүнүн зыяны валютанын кунсузданышы менен бирге ушундай бир даражага жетти, бүткүл өндүрүш бир ууч жергиликтүү жана чет элдик ач көз капиталисттердин колуна өтүшү менен мамлекеттин колунда эч нерсе калбады. Алар өкмөттөн мамлекеттин ишканаларын сатып алышты.

Менчиктештирүү аракети Түркияда 2003-2009-жылдары Эрдаган бийликке келген алгачкы алты жылда башталды. Ошондо кумшекер заводдору, жем-чөп заводдору, килем фабрикалары, хром кендери 30 миллиард долларга менчик секторлорго сатылды. Бул каражат жер асты жолдоруна, турак-жай кварталдарына жана имараттардын курулушуна сарпталды. Бир канча өнүгүү пайда болду, бул доордо убактылуу экономикалык байгерчилик болду. Андан кийин чет элдик инвестиция кирип келди жана Түркия базарларына 469 миллиард доллар төктү, ошол эле учурда, карыз 460 миллиард долларга жетти.

Кийин менчиктештирүү жараяны дагы да кеңейип, мамлекеттин колундагы ар кандай нерсе сатылды. Өкмөт газ, телекоммуникация, сигарета өнөр жайы, Түрк Аба Жолдору жана башка өнөр жайларды сатты. Натыйжада, дагы экономикалык өнүгүү пайда болду, бирок, бул да убактылуу болду.

Менчиктештирүүнүн экинчи толкунунан кийин Түркияга чет элдик компаниялар, өзгөчө, АКШ жана Европа компаниялары агылып келип, алардын саны 20 миңге жетти. Алардын артынан өлкө чет элдик инвесторлорго дарбазаларын чоң ачып берди. Бул компаниялар өлкөнүн экономикасын ар тараптан жеп жок кыла турган болушту.

Ошентип, мамлекет өз мекемелерин экинчи баскычта 70 миллиард долларга сатты жана дагы белгилүү бир даражада өткүнчү экономикалык өнүгүү көрүндү. Акыры, анын да аягы катуу депрессияга алып келди. Кирешелердин ири бөлүгү чет элдик инвесторлордун капчыгына түшүп, ал жерден чоң валюталарга айланып чыгып кетүүнү баштады. Акыбетте тез арада жалпы калктын турмуш даражасы кескин төмөндөп кетти о.э. түрк лирасы кескин кунсузданып, кайра дагы жогору пайыздуу карыз саясатына кайтуу болду.

Менчиктештирүү жана сүткордуктун үрөй учурган кыскача акыбеттери мына ушундай.

 

Роя гезити, №317, 2020-жыл. 16-декабрь.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here