Австрияда “саясий Ислам” кысымга алынат

325
0

Австрияда “саясий Ислам кысымга алынат

Демократияны дааба кылуучу Австрия мамлекетинде саясий Ислам кысымга алына турган болду. Бул тууралуу федералдык канцлер Себастьян Курц билдирди. Анын айтымында, саясий Исламдын терроризмге тиешеси болбосо да, ага шарт түзүшү мүмкүн.

“Саясий исламга карата кылмыштык элементти түзүүчү маселелер аныкталат жана терроризмге түздөн-түз байланышы болбогон, а бирок терроризм өсүп-өнүгүшү үчүн шарт түзүп жаткан адамдарга же топторго каршы ар түрдүү санкциялар киргизилет”, –  деди Себастьян Курц.

Ал ошондой эле мечиттерди жабуу, имамдарды каттоого алуу, исламий символдор менен исламий уюмдарга тыюу салуу жөнүндөгү мыйзамды күчөтүү үчүн жаңы ыкмалар иштелип чыгарын айтты.

Себастян Курц Австриянын жашоо образын, негизги баалуулуктарын жана демократияны четке каккан кишилерди экстремисттер деп сыпаттап: “Биз кылмышкерлерди, алардын тарапкерлерин жана алар менен бир пикирде болгондорду издеп табабыз, аларды кармап жоопкерчиликке тартабыз”, –  деди.

Курцтун улуттук ассамблея жыйынында сүйлөгөн: «Зомбулукка о.э. анын артында турган идеологияга каршы күрөшүү өтө маанилүү. Австрияда республикабызды жек көрүүчү жана конституциябызга каршы активдүү иш алып баруучу уюмдар менен коомдорго жол берилбейт… “Саясий Ислам документтери борборунан” тышкары, Федералдык Конституцияны коргоо мекемеси о.э. терроризмге каршы күрөшүү департаменти да экстремисттик уюмдарды аныктоодо жана коопсуздук күчтөрү менен кызматташтыкта аталган уюмдарды жок кылууда маанилүү роль ойнойт”, – деген сөзүнөн кийин 900дөн ашуун полициячылар төрт штатта мусулмандарга караштуу 60тан ашык үй-жай, мекеме жана ишканаларда тинтүү жүргүздү.

Комментарий: Батыш мамлекеттери бүгүнкү күндө Исламий өлкөлөрдөгү саясий ойгонуудан тынчсызданып жатканы жашыруун сыр эмес. Себеби, саясий ойгонуу мусулмандарды бир Халифа байрагы астына бириктирет. Ошондуктан,  куфр бул ойгонуунун алдын алуу үчүн күнү-түнү тыным албастан аракет кылууда.

Быйыл жай мезгилинде Франция сенатындагы кеңеш да «Францияда саясий Ислам жайылышына карата тынчсыздануу» аттуу отчёт  сунуштаган. Отчётто саясий Исламдын «Халифалыкты кайрадан тикелөөгө» аракет кылып жатканы баса белгиленип, «бүгүн аракет кылбасак, эртең кеч болуп калат» деп айтылган.

Батыш Исламды бүтүндөй жок кыла албастыгын өтө жакшы билет. Ошондуктан, ар түрдүү ыкмалар менен анын саясий табиятын жок кылуу аракетин күчөтүүдө. Исламдын саясий багытын жок кылуу о.э. анын башкарууга кайтып келишине жана кайрадан колдонулушуна жол бербестик үчүн Исламга, анын саясий аракеттерине тынымсыз чабуул кылып жатат. Алардын максаты, саясий Исламды майдандан бүтүндөй четтетүү. Себеби, алар бул жаатта канчалык ийгиликке жетишсе, мусулмандар үстүнөн өкүмдар болуу мөөнөтү ошончолук узара берет. Анткени, саясий табиятынан ажыратылган Исламдын яхудийлик жана насронийлик сыяктуу жашоо түзүмүнө ээ болбогон рухий динден айырмасы калбайт. Ошондуктан да Батыш мына ушундай Исламды мусулмандарга сиңирүүгө аракет кылып келет. Буга ыраазы болбой, саясий Исламга умтулган мусулмандарга дароо экстремист же террорист деген тамганы басышат. Өкүнүчтүүсү, исламий өлкөлөрдөгү мусулман болуп эсептелген журналисттер, жазуучулар жана диний мекемелердин өкүлдөрү да бул ишке салым кошуп жатат.

А бирок, бул аракеттери кечигип калганын Батыштын өзү да сезе баштады. Анын бул аракеттерин өлүм төшөгүндө жаткан карынын тынчтандыруучу дары ичишине окшотсок болот. Батыш кааласа да, каалабаса да Аллах Тааланын:

وَعَدَ اللَّهُ الَّذِينَ آمَنُوا مِنْكُمْ وَعَمِلُوا الصَّالِحَاتِ لَيَسْتَخْلِفَنَّهُم فِي الْأَرْضِ كَمَا اسْتَخْلَفَ الَّذِينَ مِنْ قَبْلِهِمْ

“ Аллах силерден ыйман келтирген жана жакшы амалдарды кылган заттарга, кудум мурунку өткөн (итикаддуу) заттарды халифа кылгандай, аларды да жер жүзүндө халифа кылууну убада кылды”.

деген убадасы жана Расулуллах Aдын:

«ثُمَّ تَكُوْنُ خِلَاْفَةً عَلَى مِنْهَاجِ النُّبُوَّةِ»

«Андан соң Пайгамбарлык минхажы негизиндеги Халифалык болот», – деген башараты албетте жүзөгө чыгат. Буга эч кандай шек-күмөн жок. Бул башарат күндөн-күнгө жакындап келе  жатканын вакиънин өзү тастыктап турат.

Киямуддин Шариф

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here