Кыргызстан COVAX альянсы аркылуу коронавируска каршы вакцина алат
Кыргызстан эмдөө боюнча глобалдык COVAX альянсына коронавируска каршы 1 миллион 200 миң вакцина алуу боюнча арыз менен кайрылып, колдоо тапты. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирүү таратты.
Маалыматка ылайык, Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму коронавирустун вакцинасын тастыктагандан кийин Кыргызстанда калктын 20%дан ашыгы эмделет.
Ал арада Улуу Британияда коронавирустун мутацияланган жаңы жугуштуу түрү аныкталды. Башка түрлөрү Түштүк Африка Республикасында пайда болгону маалым болду. Мутацияланган вирустар каршысында вакциналар таасирин жоготушу да толук мүмкүн. Буга карабай, АКШ, Улуу Британия, Кытай менен Орусия өздөрү өндүргөн вакциналарды эмдөөдө колдонууга чыгара баштады.
Airfinity компаниясынын изилдөөсүнө таянсак, дүйнө калкынын 14 пайызын түзгөн өнүккөн мамлекеттер вакциналардын 53%ын сатып алган. Ал эми жакыр өлкөлөрдө 10 кишинин бирине гана жетиши ыктымал. Мындай бөлүштүрүүнү Кыргызстанга да вакцина жеткирүүнү убадалаган COVAX фонду дүйнөлүк вакцинанын негизги сатып алуучусу ЮНИСЕФ менен бирге ишке ашырмакчы. ЮНИСЕФ кийинки жылы 2 миллиард вакцинаны 100 өлкөгө таркатууну пландап жатат.
Буга чейин Кыргызстанга чет өлкөдөн, эл аралык уюмдардан келген дары-дармектер, вакциналар текшерилбей туруп эле калкка колдонууга берилип келгени ачыкка чыккан. Алардын айрымдары Кыргызстанга окшогон жакыр калктарга сыноодон өткөрүү үчүн келген болсо, айрымдары бир ооруга дабаа болгону менен башка ооруну пайда кылышы айтпасак да белгилүү. Анктени, капитализмде дары-дармектер калктын саламаттыгына караганда андан келе турган пайданы биринчи орунга коёт.
Жогорудан маалым болгондой, дүйнөлүк фармацевтика компаниялары эл аралык уюмдардын колдоосу астында COVID-19 шылтоосу менен кайрадан капиталдарын өстүрүүгө кызуу даярдык көрө баштады. Бүгүнкү күндө фармацевтика тармагы пайда табууда дүйнөдө курал-жарак сатуудан кийинки 2-орунга чыкты. Колонизаторлор курал-жарак сатуудан ири өлчөмдө пайда табышкандай эле, пандемиядан да ири өлчөмдөгү кирешеге туйтунмакчы. Аларды түпкүлүгүндө, миллиондогон адамдардын курмандыгы каршысында мына ушул пайдалар гана ойлондурат.
Жыйынтыктап айтканда, капитализмдин табиятына ылайык, капиталисттер оорудан акча иштеп калуунун үстүндө баш катырууда. Алар коркууга түшүп калган калктарга вакцина жана башка дары дармектерди өткөрүү менен өздөрүнүн кирешелерин арттыруу үстүндө долбоорлорду иштеп жатат. Алардын пайдасынан жергиликтүү фарм компаниялар да үлүш алып калууга ашыгууда. Бийлик болсо ушул капиталисттердин куралына айланып, элине кыянаттык менен дары-дармектерди сыноодон өткөрүүдөн да кайра тартпай жатат.
Демек, биз мусулмандар эл аралык уюмдардын, аларды колдонуп жаткан колонизатор капиталисттердин жана алардын кызыкчылыгы жолунда кызмат кылган бийликтин иш-аракеттерине сактык менен мамиле кылышыбыз шарт. Муну менен катар өз Исламыбызга жүздөнүп, анын өкүмдөрүн турмушка ашырууга шашылалы. Анткени, Исламдын Саламаттыкты сактоо тармагы пайданы эмес, ооруну дабалоону максат кылгандыктан ар кандай пандемия же жугуштуу ооруларга ийгиликтүү күрөшүп келген. Демек, биз үммөттү жана адамзатты бүгүнкү күндүн балээлеринен Ислам мабдасын толугу менен жашоого алып келүү менен гана азат кыла алабыз!
Мумтаз Маверанахрий