Ошто балатыны жасалгалоого казынадан 700 миң сом жумшалды

348
0

Ошто балатыны жасалгалоого казынадан 700 миң сом жумшалды

Ош шаарынын борбордук аянтындагы жаңы жылдык балатыны жасалгалоого шаардык казынадан 700 миң сом жумшалды. Бул боюнча маалымат мамлекеттик сатып алуу боюнча расмий порталга жарыяланды.

Беделов Бакыт бул ишти 699 620 сомго баалап алды.

Кыргызстандын жакырчылык баткагында эзилүүсүнө үстүбүздөгү колонизаторлук система жана анын кол балдары катары өлкө байлыгын соруп  жаткан капиталисттик кландар негизги себеп болууда. Өкмөт бир жактан кийинки айларда пенсия берүү кыйынчылыгы жараларын айтса, экинчи жактан энергетикалык кризиске кептелүү коркунучун жар салып жатат. А бирок, бир жолу колдонула турган балатыны кооздоо сыяктуу батыл иштерди айрым капиталисттердин кызыкчылыгы үчүн жүзөгө чыгарууда.

Түпкүлүгүндө, бул сыяктуу иш-чаралар ачык арам болуп, шарият тыюу салган. Анткени, Набий (с.а.в) Ислам үммөтүн яхудий жана насронийлерге окшошпоого, алардан айырмаланууга, алар кылган нерселерге ээрчибөөгө буюрду жана мусулмандар ага амал кылышты.

Абу Хурайра (р.а) риваят кылат. Расулуллах (с.а.в) айтты: “Үммөтүм өзүнөн мурункулардын тарыйкатын кадам-кадам, карышма-карыш өздөштүргөнгө чейин кыямат кайым болбойт”! Айтышты: “Я Расулуллах, фарс жана румдуктар сыяктуу коомдордун тарыйкатыбы?”. Расулуллах (с.а.в): “Алардан өзгөлөрдүн дагы!”, деди. Абу Саид аль-Худрий риваят кылган хадисте: “Биз, яхудий жана насронийлердиби?” дедик. Ал зат: “Аларга болбогондо кимдин?” деп айтылат. (Бухарий жана Муслим риваяттары) Имам Муслимдин риваятында “… кадам-кадам, карышма-карыш өздөштүрөсүңөр, эгер алар кескелдириктин ийинине кирсе, силер да ошол жерге кирип кетесиңер” деп кошумчаланган.

Демек, Расулуллах (с.а.в) өзүн ислам үммөтүнөн санаган адамдардын яхудий, насроний, а түгүл, кафир жана мушриктердин изинен кетип калуу башаратын берди жана бул нерсе кыяматтын алааматтары экенин эскертти. Өкүнүчтүүсү бүгүнкү күндөгү үммөттүн абалы мунун жаркын мисалы болуп турат. Биз ушунчалык төмөндүккө жетип калдык дейсиң, жахилият доорунан калган майрамдарыбызды тикелеп, анан ал аз келгенсип, тозок калкы болгон мушрик жана каапырлардын майрамдарын да өзүбүздүкү кылып алдык. Көчөгө чыксак бардык жерде жаңы-жылга даярдыктар көрүлүп жатканына күбө болуудабыз. Өзүн мусулман эсептеген адамдар бул куфр майрамдарын эки айт майрамынан да улуу көрүп калды, Астагфируллах. Ал эми, айт күндөрү мусулмандар майрамдоонун ордуна үй кыдырып таъзия кылуу менен убара. Бирок, каапырлардын майрамдарында болсо бардык жайда шаттык, оюн-күлкү, андан да аянычтуусу ичкиликтер мол-көл болууда.

Оо мусулмандар! Мына ушул тозок калкына талапкер болуп, алардын майрамдарына эргешүү менен алардын аркасынан кескелдириктин ийинине кошо ээрчип киргендей тозокко ээрчип кетпегиле! Бир акыл иштетип өзүңүзгө суроо бериңиз: “Мен кимге ээрчип жатам? Аллага баш ийбеген, Анын каргышына калган, акыретте жазасы тозок болгон каапыр жана мушриктергеби? Эгер мындай болсо алардан айырмабыз эмне? Акыры Расулуллах (с.а.в) айтпады беле: “Кимде ким кайсы бир коомго ээрчисе, ал ошолордон” (Абу Давуд риваяты)

Ислам уламалары мындай күндөрдө майрамдоо бул жакта турсун, мындай майрамдар менен куттуктоону да арам деген. Шайх Мухаммад Салих Аль Мунажжид төмөнкү сөздөрдү айтты: “Каапырларды жаңы-жыл, рождество жана ушул сыяктуу башка майрамдары менен куттуктоо же алар сизди куттуктаганда аларга куттуктоо менен жооп айтуу арам. Себеби, бул майрамдар биздин динибизде жок жана аларга жооп кылуу менен биз бул майрамдар туура экендигин тастыктаган болуп калабыз”. Тагыраагы, мушрик жана каапырларды алардын майрамдары менен куттуктоо же жооп берүү менен биз бул куфр майрамдары туура жана жайиз экенин тастыктаган болобуз. Өкүнүчтүүсү, биздин өлкөдө куттуктоо бул жакта турсун, мусулмандар бул майрамдарды кафирлер менен кошулушуп майрамдай турган болуп калды.

Ибн Аль Коййим өзүнүн Ахкаам аль-Зиммах китебинде төмөнкү сөздөрдү келтирген: “Каапырларды майрамы менен куттуктоо бардык аалымдардын назарында арам, а түгүл аларга “майрамыңыз менен куттуктайм” же “майрамыңарды жакшы өткөргүлө” сыяктуу сөздөрдү айтуу да арам. Муну айткан мусулман каапырлыктан кутулса да күнөөкөр болот. Бул кудум крестке сажда кылган сыяктуу, балким андан да жаманыраак иш. Бирөөнү арак ичкени үчүн, же адам өлтүргөнү үчүн, же зынаа кылганы үчүн куттуктоо канчалык чоң күнөө болсо, жаңы-жыл менен куттуктоо дагы кудум ушундай күнөө. Өзүнүн динин сыйлабаган инсандар көбүнчө мына ушул катага жол берет. Алар кылып жаткан ишинин канчалык үлкөн күнөө экенин түшүнүшпөйт. Башкаларды Аллага баш ийбегени үчүн же бидъат амал кылганы үчүн куттуктаган инсан Алланын азабына дуушар болот.” (1/205, 206)

Өзүбүздүн Исламий майрамдарыбыз болгон, Аллах тарабынан бизге жиберилген мубарак айт майрамдарыбыз турганда, бизге эч кандай алакасы болбогон куфр майрамдарын өздөштүрүп калуудан, аларды ээрчүү менен ошолордон болуп калуудан Аллах сактасын.

Бул маселе бир гана насроний же яхудий майрамдарына гана эмес улутка тиешелүү болгон, адатка айланып кеткен майрамдарга да тиешелүү. Абдуллах Ибн аль-Аас риваят кылат: “Кимде-ким мушриктердин мекенинде жашап, алардын нооруз, жана махражаан майрамдарын белгилесе, өлгөнгө чейин аларды ээрчисе, кайта тирилүү күнүндө уткургандардан болуп калат”.

Аллах Таала баарыбызды куфр калкына ээрчүүдөн, кыямат күнүндө жана тозокто алар менен бирге болуп калуудан алыс кылсын!

Мумтаз Маверанахрий

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here