МУНАФЫК КИМ, АНЫ ЭМНЕ КЫЛЫШ КЕРЕК

779
0

 بِسْمِ اللَّهِ الرَّحْمَنِ الرَّحِيمِ

МУНАФЫК КИМ, АНЫ ЭМНЕ КЫЛЫШ КЕРЕК

Мунафыктык – бул араб тилиндеги نفاق (нифак) сөзүнөн алынган болуп, ичиндеги нерседен башкасын көрсөтүү т.а. ичи-тышы башка дегенди түшүндүрөт. Негизи бул сөздүн тарыхы: Алардаيربوع(ярбуъ-жербоа, орусчасы тушканчик) аттуу коёнго окшогон жаныбар болуп, анын ийини жердин алдында болот. Ал ийининде бардыгы биле турган көрүнөө жерге тешик кылып коёт. А бирок, анын ийининде эч ким билбей турган жашыруун жеринде дагы бир тешиги бар болот. Коркунуч туулган учурда ошол тешигинен чыга качат. Ал жашыруун тешик “нафико” деп аталат. Ал качып кеткенден кийин анчылар “ярбуъ мунафыктык кылды” т.а. экинчи тешигинен качты деп айтышкан.

Шариятта болсо, мунафык – куфрду жашырган абалда Исламды көрсөтүү болуп, андай адамды Аллах Тааладан башкасы биле албайт. Себеби, жүрөктөгү нерсе, жүрөктөр ээсинен башкага т.а. Аллах Тааладан башкага белгилүү эмес. Ошондуктан, мунафыкка карата биз эч нерсе кыла албайбыз. Бирок, таквадар момундар мунафыктык белгилерин билиши жана андан качышы мүмкүн. Мунафыктык Ислам Үммөтүнө – алтын доордо да, кийинки доорлордо да, айрыкча бүгүнкү күндө – эң кооптуу жана зыяндуу илдет болуп, Аллах Таала алардын зыянынан сак болууга чакырып, ал үчүн бир сүрөнү т.а. “Мунафикун” сүрөсүн түшүрдү. Алардын зыяны куфрду ачык көрсөткөн душмандардыкынан бир нече эсеге көптүк кылат. Үммөт өз тарыхында алардан көптөгөн азаптарды тарткан. Бүгүнкү күндө да – Куръанда баяндалгандай – эң кооптуу жана жан чыдагыс азаптар ошолор тарабынан болуп жатат. Бирок, мындай жийиркеничтүү ишке илешип калууну, кийин ал сыпат менен сыпатталы калууну каалабасак, алгач аларды жакшылап үйрөнүшүбүз о.э. эки дүйнө бактысына жетишүү үчүн т.а. бул дүйнөдө жүзүбүз жарык жана акыретте жан чыдагыс азаптан сактанышыбыз үчүн алардан алыс болууга умтулуп, жанына жакын барбашыбыз, алгач ушул сыяктуу иштерди кылып койгон болсок, тез арада Аллах Таалага тообо кылышыбыз, күнөөлөрүбүздү магфират кылышын астейдил сурашыбыз, Гаффору-Таввоб Затка жалбарышыбыз зарыл. Мунафыктыктын белгилүү сыпаттары Куръан жана хадистерде баяндалган. Мисалы:

  1. Алар Исламга ыйман келтиргендиктерин, ар бир иштеги акыйкатты Расулуллах (с.а.в) толук жеткиргендигин айтышат да, бирок бетме-бет келгенде касамын шылтоолоп, Исламдан, Исламды үйрөнүүдөн тосушат. Акыйкаттарды билип калышыңыздан тынчсызданышат, өздөрү болсо – дилдери кулптанганы себептүү –“Ислам”ды түшүнүшпөйт. Аллах Таала айтат:

إِذَا جَاءَكَ الْمُنَافِقُونَ قَالُوا نَشْهَدُ إِنَّكَ لَرَسُولُ اللَّهِ وَاللَّهُ يَعْلَمُ إِنَّكَ لَرَسُولُهُ وَاللَّهُ يَشْهَدُ إِنَّ الْمُنَافِقِينَ لَكَاذِبُونَ()اتَّخَذُوا أَيْمَانَهُمْ جُنَّةً فَصَدُّوا عَنْ سَبِيلِ اللَّهِ إِنَّهُمْ سَاءَ مَا كَانُوا يَعْمَلُونَ()ذَلِكَ بِأَنَّهُمْ آمَنُوا ثُمَّ كَفَرُوا فَطُبِعَ عَلَى قُلُوبِهِمْ فَهُمْ لَا يَفْقَهُونَ

“(Эй Мухаммад), качан мунафыктар сенин алдыңа келишсе: «Күбөлүк беребиз, сен шек-күмөнсүз Аллахтын пайгамбарысың», – дешет. Аллах, чындыгында, сени Өзүнүн пайгамбары экендигиңди билет жана Аллах ал мунафыктардын шек-күмөнсүз жалганчы экендиктерине да күбөлүк берет. Алар өздөрүнүн касамдарын калкан кылып алышып, (адамдарды) Аллахтын жолунан тосушту! Алардын кылуучу иштери канчалык жаман!Буга себеп алардын (тилдеринде) ыйман келтирип, андан соң (дилдеринде) кафир болгондору. Ошентип алардын дилдери мөөрлөп коюлду. Эми алар (ыймандын акыйкатын) аңдай алышпайт!” [63:1,2,3]

  1. Негизи алар жийиркеничтүү көрүнүштө болбойт. Айткан сөздөрүн угуп, Үммөттүн чыныгы жетекчилери, улуу аалымдар деп ойлойсуң. Акыйкатын билген сайын алардан жийиркене баштайсын. Кээде ырайымың келип – эгер тообо кылышса – алардын акысына дуба кылып, күнөөлөрүн магфират кылышын Аллах Тааладан сурагың келет, себеби алар башка өлкөлөрдөн келген эмес, көптөгөн жылдардан бери биздин арабызда бирге болгон “боордошторубуз”. А бирок, алар текебердик кылып, тообо кылууга да көнүшпөйт. Ошондуктан, Аллах Таала аларды эч качан кечирбестигин кабарлап жатат:

()وَإِذَا رَأَيْتَهُمْ تُعْجِبُكَ أَجْسَامُهُمْ وَإِنْ يَقُولُوا تَسْمَعْ لِقَوْلِهِمْ كَأَنَّهُمْ خُشُبٌ مُسَنَّدَةٌ كَأَنَّهُمْ خُشُبٌ مُسَنَّدَةٌ يَحْسَبُونَ كُلَّ صَيْحَةٍ عَلَيْهِمْ هُمْ الْعَدُوُّ فَاحْذَرْهُمْ قَاتَلَهُمْ اللَّهُ أَنَّى يُؤْفَكُونَ()وَإِذَا قِيلَ لَهُمْ تَعَالَوْا يَسْتَغْفِرْ لَكُمْ رَسُولُ اللَّهِ لَوَّوْا رُءُوسَهُمْ وَرَأَيْتَهُمْ يَصُدُّونَ وَهُمْ مُسْتَكْبِرُونَ()سَوَاءٌ عَلَيْهِمْ أَاسْتَغْفَرْتَ لَهُمْ أَمْ لَمْ تَسْتَغْفِرْ لَهُمْ لَنْ يَغْفِرَ اللَّهُ لَهُمْ إِنَّ اللَّهَ لَا يَهْدِي الْقَوْمَ الْفَاسِقِينَ

“Качан сен аларга карасаң алардын тулку-бойлору (көрүнүштөрү, кийген кийимдери) сени таң калтырат, сүйлөгөндөрүндө болсо сөздөрүнө (жагымдуу үн, көркөм-чечендик болгону үчүн берилип) кулак саласың. (Бирок алардын дилдери ыйман менен жакшылыктан бош болгону үчүн) алар куду (дубалга) жөлөп коюлган (чирик) жыгачтарга окшошот. Алар (жүрөксүздүктөрү себептүү) ар бир кыйкырык-үндү үстүлөрүнө (түшүп жаткан кандайдыр балээ-апат деп) күмөн кылышат. Алар душмандар. Демек, алардан этият болгун! Аларды Аллах наалаттайт! Алар кандай адашууда ээ! Качан аларга: «Келгиле, Аллахтын пайгамбары силер үчүн магфират сурайт»,- делсе, албетте моюн толгоп кетишет жана алардын текебердик кылып жүз бургандарын көрөсүң.  (Эй Мухаммад), сен алар үчүн магфират сурадыңбы же сурабадыңбы аларга бары бир — Аллах аларды эч качан магфират кылбайт! Албетте, Аллах мындай фасык-баш ийбеген коомду хидаят кылбайт”. [63:4,5,6]

  1. Аллах Тааланын ыраазылыгын көздөп, Расулуллах(с.а.в)дын жолунан адашпай, туруктуу аракет кылып жаткандардын иштерине – болгон күч-кубаты, (жасалма) аброй, айла-амалдары менен тоскоолдук кылышат. Элдин баарын аларга жардам бербестикке, мамилени үзүүгө чакырышат. Алардын акмакчылыгы ушунчалык дейсиң, алар Аллах Таала таквадарлар менен бирге экендигин билишпейт:

هُمْ الَّذِينَ يَقُولُونَ لَا تُنْفِقُوا عَلَى مَنْ عِنْدَ رَسُولِ اللَّهِ حَتَّى يَنْفَضُّوا وَلِلَّهِ خَزَائِنُ السَّمَاوَاتِ وَالْأَرْضِ وَلَكِنَّ الْمُنَافِقِينَ لَا يَفْقَهُونَ

“Алар (өздөрүнүн карамагындагыларга): Аллахтын пайгамбарынын алдындагы кишилерге жакшылык-эхсан кылбагыла, тээ алар таркалып кетишсин», – дей турган кимселер. Акыйкатта болсо, асмандар жана жер казыналары Жалгыз Аллахтыкы. Бирок мунафыктар (муну) аңдашпайт”. [63:7]

  1. Алардагы билимсиздик, текебердик, таквадарларга жакшылык-эхсандан тосуу сыяктуу ушул сыпаттары “Мунафикун” сүрөсүнөн эле. Алардын иштери айла-амалдардан туруп, алдамчылыктарын ачык-айкын кылбаганы үчүн алар алдамчылыгы ашкере болуп калышынан ар дайым коркуп жашашын Аллах Таала “Тообо” сүрөсүнүн 64-аятында төмөнкүдөй келтирет:

يَحْذَرُ الْمُنَافِقُونَ أَنْ تُنَزَّلَ عَلَيْهِمْ سُورَةٌ تُنَبِّئُهُمْ بِمَا فِي قُلُوبِهِمْ قُلْ اسْتَهْزِئُوا إِنَّ اللَّهَ مُخْرِجٌ مَا تَحْذَرُونَ

“Бул  мунафыктар өздөрү жөнүндө дилдериндеги нерседен (т.а.     мунафыктыктарынан) эскерте турган бирер сүрө түшүп калышынан коркушат да(дагы  пайгамбар жана   момундарды) маскара   кылып күлүшөт. Айткын: «Күлө бергиле, Аллах силер (ачылып калышынан) коркуп жаткан нерсени албетте (жүзөгө) ашырат”. [9:64]

  1. Эркектери да, аялдары да мункарларга буюруп, маъруф иштерден (важиб-сүннөттөрдөн) кайтарышын, шариятта буюрулган амалдардан тосушун 67-аятында кабарлаган, Аллах Таала айтат:

الْمُنَافِقُونَ وَالْمُنَافِقَاتُ بَعْضُهُمْ مِنْ بَعْضٍ يَأْمُرُونَ بِالْمُنْكَرِ وَيَنْهَوْنَ عَنْ الْمَعْرُوفِ وَيَقْبِضُونَ أَيْدِيَهُمْ نَسُوا اللَّهَ فَنَسِيَهُمْ إِنَّ الْمُنَافِقِينَ هُمْ الْفَاسِقُونَ

“Мунафык эркектер жана мунафык аялдар бири-бирлеринен (т.а. кафирликте бири-бирине окшошот). Алар жамандыкка үндөшөт, жакшылыктан токтотушат жана (Аллах жолунда кайыр-садага кылуудан) колдорун (өздөрүн) тыйышат. Алар Аллахты унутушкан соң, Аллах да аларды унутту. Албетте, мунафыктар чыныгы фасык-башийбестер”. [9:67]

  1. Алар курулай доомат кылышын, айткан сөздөрүнө, шариятка каршы кылган иштерине далил талап кылынганда танып кетишин, жалган касам ичишин, эгер тообо кылышпаса эки дүйнөдө кор болушун 74-аятында баяндаган.

يَحْلِفُونَ بِاللَّهِ مَا قَالُوا وَلَقَدْ قَالُوا كَلِمَةَ الْكُفْرِ وَكَفَرُوا بَعْدَ إِسْلَامِهِمْ وَهَمُّوا بِمَا لَمْ يَنَالُوا وَمَا نَقَمُوا إِلَّا أَنْ أَغْنَاهُمْ اللَّهُ وَرَسُولُهُ مِنْ فَضْلِهِ فَإِنْ يَتُوبُوا يَكُنْ خَيْرًا لَهُمْ وَإِنْ يَتَوَلَّوْا يُعَذِّبْهُمْ اللَّهُ عَذَابًا أَلِيمًا فِي الدُّنْيَا وَالْآخِرَةِ وَمَا لَهُمْ فِي الْأَرْضِ مِنْ وَلِيٍّ وَلَا نَصِيرٍ

“Алар (т.а. мунафыктар сага жетип келген акаарат сөздөрүн) айтпагандыктарына касам ичишет. Акыйкатта болсо, кафирдик сөзүн анык айтышкан эле жана исламга киришкенден кийин дагы кафирликке кайтышкан эле о.э. өздөрү жете албас нерсеге (т.а. пайгамбардын өмүрүнө кол салууга) ниет кылышкан эле. Алар (мунафыктар) жалаң Аллах жана Анын пайгамбары аларды Өз берешен-жоомарттыгы менен бай кылып койгондугу үчүн гана (Аллах жана Анын пайгамбарын) жаман көрүштү. Анан, эми эгер тообо кылышса, өздөрү үчүн эле жакшы болот. Эгер баш тартышса, Аллах аларды бул дүйнөдө жана акыретте жан чыдагыс азап менен азаптайт жана алар үчүн жер жүзүндө бир да дос жана бир да жардамчы болбойт!”  [9:74]

  1. Аллахты алдамакчы болушуп, милдеттерин,мойнундагы важибдерди өтөөдөгү кайдыгерлигин, суздугун о.э. ар бир ишти эл көрсүнгө (рия) кылышын Аллах Таала “Ниса” сүрөсүнүн 142-аятында “намаз” калимасы менен – “хоссаны айтып, амманы көздөө” усулунда – айткан болсо, 143-аятында болсо, арасат жолдо калышып, түшүнүксүз абалда жүрүшүн, жахалатта же такавадарлык тарапта болушпаганын эскертүүдө:

إِنَّ الْمُنَافِقِينَ يُخَادِعُونَ اللَّهَ وَهُوَ خَادِعُهُمْ وَإِذَا قَامُوا إِلَى الصَّلَاةِ قَامُوا كُسَالَى يُرَاءُونَ النَّاسَ وَلَا يَذْكُرُونَ اللَّهَ إِلَّا قَلِيلًا

(142)مُذَبْذَبِينَ بَيْنَ ذَلِكَ لَا إِلَى هَؤُلَاءِ وَلَا إِلَى هَؤُلَاءِ وَمَنْ يُضْلِلْ اللَّهُ فَلَنْ تَجِدَ لَهُ سَبِيلًا

“Албетте, мунафыктар Аллахты алдамакчы болушат. Акыйкатта болсо, Аллах аларды «алдап» коюучу. Алар намазга турган кезде да жалкоолук менен, эл көрсүн үчүн гана турушат жана Аллахты кемден-кем эске алышат.Алар ал жактык да, бул жактык да болбой эки ортодо арасат абалда калышкан. Кимди Аллах жолдон адаштырса, сен ага эч бир жол таап бере албайсың”.  [4:142,143]

  1. Негизи момундар үчүн эч кандай проблема жок, ар бир нерсе Куръан-хадисте толук баяндалган, ар бир иште Куръан-хадиске(аамийлер болсо, мужтахиддердин ижтихаддарына) кайрылууга буюрулганбыз.Аллах Таала айтат:

فَإِنْ تَنَازَعْتُمْ فِي شَيْءٍ فَرُدُّوهُ إِلَى اللَّهِ وَالرَّسُولِ إِنْ كُنتُمْ تُؤْمِنُونَ بِاللَّهِ وَالْيَوْمِ الْآخِرِ ذَلِكَ خَيْرٌ وَأَحْسَنُ تَأْوِيلًا
Эгер кандайдыр бир нерсе жөнүндө талашып калсаңар — эгер чынында эле Аллахка жана акырет күнүнө ишенсеңер — ал нерсени Аллахка жана пайгамбарына кайтаргыла! Мына ушул жакшыраак жана көркөмүрөөк чечим”. [4:59].

Бирок мунафыктарга: “Баарыбыз бир болушубуз үчүн Аллах Таала түшүргөн нерсени ортого коюп, келишип алалы”, – деп айтылса, алар алды-артын карабай качып калышат. Кылмыштары ачылып, шерменде болуп калышса да касам ичип, актанууга урунушат. Аллах Таала 61-63-аяттарында төмөнкүдөй баяндайт:

وَإِذَا قِيلَ لَهُمْ تَعَالَوْا إِلَى مَا أَنزَلَ اللَّهُ وَإِلَى الرَّسُولِ رَأَيْتَ الْمُنَافِقِينَ يَصُدُّونَ عَنْكَ صُدُودًا(61)فَكَيْفَ إِذَا أَصَابَتْهُمْ مُصِيبَةٌ بِمَا قَدَّمَتْ أَيْدِيهِمْ ثُمَّ جَاءُوكَ يَحْلِفُونَ بِاللَّهِ إِنْ أَرَدْنَا إِلَّا إِحْسَانًا وَتَوْفِيقًا(62)أُوْلَئِكَ الَّذِينَ يَعْلَمُ اللَّهُ مَا فِي قُلُوبِهِمْ فَأَعْرِضْ عَنْهُمْ وَعِظْهُمْ وَقُلْ لَهُمْ فِي أَنفُسِهِمْ قَوْلًا بَلِيغًا

Качан аларга «Аллах түшүргөн Китепке жана Расулунун үгүттөрүнө келгиле», делинсе, бул мунафыктардын сенден катуу баш тартышканын көрөсүң. Ал эми өздөрүнүн кылмыштары себептүү аларга бир кайгы-касирет жеткенден кйин сенин алдыңа келишип: «Биз болгону жакшылыкты жана мамилени оңдоону каалаган элек», деп касам ичкендери кандай болду? Андай адамдардын дилдериндеги нерсени Аллах жакшы билет. Демек, сен алардын (кылмыштарына) караба жана аларга насыят кылып, өздөрү жөнүндө жетээрлик сөздү айткын!”

  1. Алар дили кесел, кыска ойлуу адамдар болуп, Аллах Тааланы жана момундарды алдамакчы болушат. Ыймансыз болгону үчүн жийиркеничтүү иштери ашкере болуп жатканына кыжалат да болушпайт, тескерисинче өздөрүн жетик саясатчы, улуу аалым кылып көрсөтүшөт. Негизи алардын жийиркеничтүү иштери Аллах Таалага белгилүү, ал тургай момундарга да ашкере болуп турат. Бирок, алардын өздөрүнчө “биз бардык нерсени укмуштай кылып жатабыз, биз коомду оңдоочуларбыз” деген сандырагын “Бакара” сүрөсүнүнүн 8-12- аяттарында айтып, алардан сак болууга буюруп жатат:

وَمِنْ النَّاسِ مَنْ يَقُولُ آمَنَّا بِاللَّهِ وَبِالْيَوْمِ الْآخِرِ وَمَا هُمْ بِمُؤْمِنِينَ()يُخَادِعُونَ اللَّهَ وَالَّذِينَ آمَنُوا وَمَا يَخْدَعُونَ إِلَّا أَنفُسَهُمْ وَمَا يَشْعُرُونَ()فِي قُلُوبِهِمْ مَرَضٌ فَزَادَهُمْ اللَّهُ مَرَضًا وَلَهُمْ عَذَابٌ أَلِيمٌ بِمَا كَانُوا يَكْذِبُونَ()وَإِذَا قِيلَ لَهُمْ لَا تُفْسِدُوا فِي الْأَرْضِ قَالُوا إِنَّمَا نَحْنُ مُصْلِحُونَ

“Адамдардын арасында ушундай кишилер да бар, өздөрү момун болбой туруп «Аллахка жана акырет күнүнө ыйман келтирдик», дешет. Алар Аллахты жана ыймандуу кишилерди алдамакчы болушат жана өздөрү сезбеген абалда өздөрүн гана алдашат. Алардын дилинде мараз-оору бар эле, анан Аллах мараздарын дагы да ашырып койду. Алар үчүн жасаган жалгандарына байланыштуу жан чыдагыс азап бар. Аларга: «Жер жүзүндө бузукулук кылбагыла», делсе, «Биз оңдоочубуз», дешет. Байкагыла, алар албетте бузукулар, бирок, өздөрү муну сезишпейт.

  1. Алар жалганчылар болуп, берген убадасын эстен чыгарышат, убадага турушпайт, аманатка кыянат кылышат, ал тургай Аллах Тааланын аманатына (динге) да кыянат кылышат. Алар эң жаман адамдар болушуп, алар эки жүздүүлөр. Абу Хурайра (р.а) Расулуллах (с.а.в)дан төмөнкү хадисти риваят кылат:

حديث أبي هريرة t أن رسول الله ﷺ قال: آية المنافق ثلاث، إذا حدث كذب وإذا وعد أخلف، وإذا اؤتمن خان

“Мунафыктын белгиси үчөө: сүйлөсө жалган сүйлөйт, убада кылса убаданы бузат, аманат коюлса кыянат кылат”. Бухарий жана Муслим риваяттары.

تجدون شر الناس ذا الوجهين الذي يأتي هؤلاء بوجه وهؤلاء بوجه. متفق عليه.

“Эң жаман адамдар эки жүздүүлөр, тигилерге бир жүз менен, буларга башка жүз менен келишет”. Муттафакун алайх. Эки жүздүүлүктү (ذا الوجهين) муфассирлер мунафыктык деп тафсирлешкен.

Мунафыктардын белги жана сыпаттарынан алыс болушубуз менен өзүбүздү кыйроодон сактаган болобуз. Жакындарыбызды да сакташыбыз үчүн, кеч болуп кала элегинде аларды да эскертишибиз важиб болот. Муну шарият боордоштук, туугандык, жакындык жана достуктун акысы кылып белгиледи. Эгер алар шариятка каршы иштерин улантышса, аларды таштоо да шарияттын талабы. Антпесек, биз да алар сыяктуу эле Аллах Тааланын наалатына акылуу болуп калабыз. Ар кандай шариятка тескери иштерге ыраазы болуп, ошондой абалда жүрө беришибиз Аллах Тааланын наалатына жана каарына дуушар болушубузга, алар себептүү Аллах Таала жалпы азап жиберишине жана күнү-түнү кылып жаткан дубаларыбыз кабыл болбошуна себеп болот, Аллах сактасын!

Расулуллах(с.а.в)  Абу Масъуд(р.а)дан риваят кылынган хадисте айтат: «Бани Израилге эң алгач кирген кемчилик ушул болчу, бир киши башка кишиге жолуккан учурда: «Эй баланча, Аллахтан корккун жана бул кылып жаткан ишиңди таштагын, себеби бул нерсени кылуу сен үчүн адал-дурус эмес», деп айтат эле. Андан соң эртеси күнү аны менен жолугушкан учурда аны дагы кайрадан ошондой абалда көрөт эле. Бирок, бул нерсе аны менен бирге жеп-ичүүдөн, бирге отуруудан кайтарбайт эле. Анан алар ушундай кылган соң, Аллах алардын айрымдарынын дилдерин айрымдары менен урду». Андан соң Расулуллах(с.а.в)  төмөнкү аятты кыраат кылды:

لُعِنَ الَّذِينَ كَفَرُوا مِنْ بَنِي إِسْرَائِيلَ عَلَى لِسَانِ دَاوُودَ وَعِيسَى ابْنِ مَرْيَمَ ذَلِكَ بِمَا عَصَوْا وَكَانُوا يَعْتَدُونَ  كَانُوا لاَ يَتَنَاهَوْنَ عَنْ مُنكَرٍ فَعَلُوهُ لَبِئْسَ مَا كَانُوا يَفْعَلُونَ  تَرَى كَثِيرًا مِنْهُمْ يَتَوَلَّوْنَ الَّذِينَ كَفَرُوا لَبِئْسَ مَا قَدَّمَتْ لَهُمْ أَنفُسُهُمْ أَنْ سَخِطَ اللَّهُ عَلَيْهِمْ وَفِي الْعَذَابِ هُمْ خَالِدُونَ  وَلَوْ كَانُوا يُؤْمِنُونَ بِاللَّهِ وَالنَّبِيِّ وَمَا أُنزِلَ إِلَيْهِ مَا اتَّخَذُوهُمْ أَوْلِيَاءَ وَلَكِنَّ كَثِيرًا مِنْهُمْ فَاسِقُونَ 

Бани Израил арасынан кафир болгон кимселер Давуд менен Иса ибн Марям тили менен каргышка калышкан. Буга себеп алардын кылган күнөөлөрү жана чектен ашкандыктары, алар бири-бирлерин кылган ылайыксыз иштеринен кайтарышпайт эле. Бул кылмыштары кандай гана жаман иш! Алардын көптөрү кафир болгон кишилерди дос тутканын көрөсүң. Аларга напис-каалоолору кандай гана жаман нерсени – Аллахтын азабын алып келди. Эми алар түбөлүк тозокто калуучулар. Эгер Аллахка, пайгамбарына жана ага түшүрүлгөн Китепке ыйман келтиришкенде, аларды  (кафирлерди) дос тутпаган болушар эле. Бирок, алардын көптөрү фасык-баш ийбес кишилер “.                                                                                                       [5:78-81]

Андан соң: «Жок, Аллахка ант болсун, силер албетте жакшылыкка буюрасыңар жана жамандыктан кайтарасыңар. Силер албетте залимдин колунан кармапаны акыйкатка бурулууга мажбур кыласыңар жана албетте аны акыйкатка бекем байлап коёсуңар. Же албетте Аллах кээ бирлериңерди кээ бирлериңердин дили менен урат, андан соң аларды наалаттагандай, силерди да наалаттайт », – деди.

Абу Саид ал-Худрий(р.а)дан риваят кылынат, Расулуллах(с.а.в): «Силерден ким мункарды көрсө, аны колу менен кайтарсын. Кудуреттүү болбосо тили менен, буга да жарабаса, дили менен өзгөртсүн. Бул ыймандын эң алсызы», – деген. Адий ибн Умайр(р.а)дан риваят кылынат, Расулуллах(с.а.в): «Албетте Аллах жеке адамдардын амалы себептүү жалпыны азаптайт. Тээ алар өздөрүнүн арасында мункарды көрсө, аларды кайтарууга кудуреттүү болуп туруп кайтарышпаса, ошондо Аллах жеке адамды да, жалпыны да бирдей азаптайт», – деген. Хузайфа ибн Яман(р.а)дан риваят кылынат, Расулуллах(с.а.в): «Жаным Анын колунда болгон Затка ант болсун, албетте силер маъруфка буюруп, мункардан кайтарасыңар, же Аллах силерге Өзү тараптан азап жиберет. Ошондон кийин силер Ага дуба кыласыңар, Ал болсо кабыл кылбайт», – деген. Ушул хадистердин бардыгы амри маъруф жана нахий мункар важиб экендигине далалат кылат.

Гариб Муслим

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here