Тажикстан жерлерин Кытайга берип жатат

321
0

Тажикстан жерлерин Кытайга берип жатат

Тажикстан парламенти Тоолуу Бадахшан аймагын Кытайга өткөрүү туурасында 2011-жылдын январь айында түзүлгөн мамлекеттер аралык келишимди ратификациялады. Кытай өкмөтү Памир аймагынын 1,1 миң км2 жери үчүн Тажикстандын тышкы карызынын бир бөлүгүн кечкен. Дагы бир айта кетүүчү нерсе, парламент 100% макулдаганына карабастан, бул факт коомчулуктан жашырылган эле. Тажикстан жарандары жерлери Кытайга берилип кеткени тууралуу октябрь айында Кытай гезиттеринен билишкен.

Депутаттардын бири бийликтин чечимине комментарий берип: “…Мен Кытай императорлорунун бүтүндөй Памир алардын  аймагы катары көрсөтүлгөн жибек карталарын көрдүм”, – деди.

Кытай бийлиги 90-жылдардын башынан бери мурдагы Советтер Союзунун чек араларын кайрадан карап чыгуу зарыл экендигин айтып, Борбор Азия республикаларына тынымсыз басым өткөрүп келет. Бадахшандын айрым райондорун өздөштүрүү аракеттери алгачкы жолу 1992-93-жылдарда башталган. Бирок, Тажикстанда жарандык согуш жана тоолордо бийлик тез-тез алмашып турушу себептүү Кытай аракетин кийинкиге калтырууга мажбур болгон.

 Эмомали Рахмон бийлигин бекемдеши менен эки тараптуу сүйлөшүүлөр кайрадан башталды. 1999-жылы Тажикстан Маркансу дарыясына жакын жердеги 200 км2 майданды Кытайга өткөрдү. Жаңы өздөштүрүлгөн жер Кытайдын Шинжаң-Уйгур автономиялуу облусунун бир бөлүгүнө айланды.

Үч жыл өткөндөн кийин Эмомали Рахмон дагы 1000 км2 жер берүү сунушу менен Кытайга барды. Бул жолу Тажикстан Карасуу өктөрмө бекети орнотулган Мургаб облусунун бир бөлүгүн жоготту. Кытай Тажикстандагы  28 000 км2 ден ашык жер биздики деп дааба кылат.

Кытайды Памирдин жетүү кыйын болгон жерлеринде эмне кызыктырат? Мунун жообу: Кытайды ал жердеги минералдык ресурстар кызыктырат. Советтер союзу доорунда бул жерде урандын, алтындын жана сейрек кездешүүчү минералдардын ири запасы бар экендиги аныкталган. Бийик тоолордо жайгашкан көлдөрдө заманбап өнөр жай үчүн зарыл болгон жогорку концентрациялуу туздар бар.

Комментарий: Кытай өкмөтү Тажикстан “тартуулаган” жерлерде геологиялык чалгындоо иштерин алда качан эле баштаган. Тажик бийлиги болсо бул иштерин актоо үчүн “Жер алдындагы байлыктар жөнүндөгү” мыйзамга кошумчаларды жана өзгөртүүлөрдү киргизүү менен кытайлыктардын ишин мыйзамдаштырып берди.

Экономикалык жактан Борбор Азиядагы өлкөлөрдүн ичинен эң алсызы болгон Тажикстандын тышкы карызы 3,1 миллиард долларга барабар. О.э. бул карыздын жарымынан көбү Кытайдын “Эксимбанкынан” алынган.  Ошол себептен да тажик өкмөтү жерлерди бергенден тышкары кытайлык компанияларга эшикти кеңири ачып койду.

 Расмий маалыматтарга таянсак, учурда Тажикстандагы алтын кендеринин жарымынан көбүрөөгү кытайлык компанияларга өтүп кеткен. Кытайлык компаниялар алтын кендеринин 60 пайыз акцияларына ээлик кылууда.

 Мындан тышкары, Кытай өзүнүн бюджетинен узак мөөнөттүү кредит ажыратуу менен Тажикстанда парламенттин имаратынан баштап, окуу жайлар жана админстративдик мекемелерге чейин куруп берүүдө. Кытай өкмөтү Тажикстан парламентинин имаратын реконструкциялоого 1,5 миллиард юань бөлдү. Ал эми Кытай менен Тажикстандын ортосундагы карызга тиешелүү келишимдер ачыкталбады жана карыздын шарттары ачык көрсөтүлбөдү. Шарттар ачык айтылбаганы менен Кытай өкмөтү карызды акчалай кайтарып алууга кызыкпайт. Ал карызды жер жана кен байлыктар эсебинен төлөөнү шарт кылып коёт.

 Кээ бир булактарда келишинче, Кытайдын инвестициялык келишимдеринде атайын бир берене бар. Ал беренеге ылайык мамлекеттер Кытайдан карыз алуунун эсебине эгемендүүлүктүн бир бөлүгүнөн баш тартышы керек. Ошол аркылуу ал мамлекет Кытай менен эл аралык сотто соттошуу укугунан ажырайт.

 Тажикстан жана башка “үчүнчү дүйнө” мамлекеттери Кытайдан же башка мамлекеттерден алган карыздардын жок дегенде бир бөлүгүн өнөржайды өнүктүрүүгө шарт түзүүчү станок чыгаруу, машина куруу сыяктуу оор өнөржай тармагына жумшаганды ойлоп да коюшпайт. Өнөржайды өнүктүрүү жолго коюлбаган соң, биз парламенттин имараты тургай, кадимки эле жолду да өзүбүз кура албайбыз! Себеби, ар бир иш үчүн атайын техника жана жабдыктар керек болот. Андай жабдыктардын бардыгы оор өнөржайга караштуу ишканаларда чыгарылат.

Абдурахман Адилов

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here