Австралия атайын күчтөрүнүн Афганистанда жасаган кылмыштары ачыкка чыкты

307
0

Австралия атайын күчтөрүнүн Афганистанда жасаган кылмыштары ачыкка чыкты

Аскерий кылмыштар боюнча иликтөө алып барылып, Австралия атайын күчтөрү Афганистандагы согушта туткундардын жана катардагы калктын кеминде 39 адамды мыйзамсыз өлтүргөнү ачыкка чыгышы артынан Австралия Коргоо минстри Ангус Кэмпбелл афган калкынан кечирим сурады.  Ал: «Мындай кылмыштар Австралия күчтөрүнөн жардам сурап кайрылган афгандардын ишенимине зыян жекирди», – деди. Минстрдин сөзүнө ылайык, өлтүрүлгөндөр туткундар, дыйкандар жана башка катардагы афгандар болгон. Алардын көпчүлүгү туткундар болуп, өлтүрүлгөн учурда кармалып турушкан, арийне, эл аралык мыйзамдын коргоосунда болушкан.

Бул окуяга карата Хизб-ут-Тахрир–Австралия билдирүү жарыялап, ушуларды баса белгиледи:

«Австралия Афганистанга агрессия кылган коалициянын мүчөсү болуп, афган калкынын кыргын болуусуна жоопкер. Бул иликтөө тебеленген абройду кайра тикелөө үчүн бир символдук аракеттерден башка нерсе эмес. Акыйкат мындай: Австралия өзүнүн согуш машинасын токтотпойт, бул кылмышына жакшылык алып келүү вазыйпасы деген масканы кийдирип, ага бузгунчу сот түзүмү аркылуу мыйзамдуулук берип улантат… Биз Австралиянын мурунку премьер-минстри Жон Говард Ирак баскынчылыгы кырсыкка алып келгени үчүн кечирип сураганын да, кичүү Жорж Буш разведка маалыматы «ката» болгонун моюндаганын да унуткан эмеспиз. Бирок бул кечирим суроолор курулай сөздөрдөн башка нерсе эмес. Анткени, анын тушунда миллиондогон өмүрлөр, кыйраган эл жана шаарлар турат. Эч ким мунун жоопкерчилигин же акыбеттерин өз мойнуна алган жок. Себеби, иликтөөнү колдору канга бөлөнгөн ушул кылмышкерлер алып барышууда».

Билдирүүнүн соңунда мындай делет:

«Бүткүл дүйнө жаңы түзүмгө абдан муктаж. Бул кылмышкер мамлекеттер чыгыш-батышта чегинен чыгышууда, аларды тергеген да, тыйган да жок. Алар өздөрүн кол тийгистик менен камсыздап алышкан. Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин түзүлгөн эл аралык мыйзам алар үчүн, алардын таасирин кеңейтип, башка мамлекеттердеги өкүмдарлыгын бекемдөөгө кызмат кылат. Согуштан кийин зулум жана элдин байлыгын талап-тоноо сыяктуу жасалган жана жасалып жаткан кылмыштар адамзат тарыхында болгон эң жырткыч кылмыштар болуп, алардын курманы жалаң гана жакырлар болууда.

 Роя гезити, №314, 2020-жыл, 25ноябрь.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here