Суроо-жооб АКШдагы президенттик шайлоонун натыйжалары

306
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Суроожооб

АКШдагы президенттик шайлоонун натыйжалары

Суроо:

Бул жолу АКШда президенттик шайлоо Президент Трамп жана анын демократ атаандашы Байден ортосундагы карама-каршылыктар менен өттү. Массалык маалымат каражаттары Байдендин жеңишин жарыялады, бирок Трамп добуш берүүнүн натыйжаларын моюндабады. Сиздин оюңузда, Байден жеңгенден кийин шайлоо жараянында байкалган кескиндик аста-секин басаңдайбы? Вашингтондо бийликти алмаштыруу жараяны проблемасыз өтөбү? Же окуялар Кошмо Штаттардын ичинде жана тышында олуттуу акыбеттерге алып келеби?

Жооб:

Америкада мындай президенттик шайлоо мурун болуп көрбөгөнүн баары ырасташууда. Анткени шайлоо олуттуу карама-каршылыктар менен өттү. АКШ Президенти Трамп шайлоого бир нече ай калганда шайлоо бурмарланган учурда гана уттурушу мүмкүндүгүн айтты. Анын президенттик кызматты сактап калууга бекем чечим кылганы ачык-айкын болчу, Вашингтондогу саясатчылар Трамп Ак үйдөн кетүүнү четке какса, кандай чаралар көрүлөрү жөнүндө талкуулаша баштады. Ошондуктан, шайлоодон мурунку жана кийинки абалдарга айкындуулук киргизүү маанилүү:

Биринчи: Трамп 2017-жылы 20-январда бийликке келери менен өлкө ичинде жана тышында кишинин кыжырын келтирген иш-аракеттерди жасай баштады.

  • Ички саясатта президент өз каршылаштарына эч кандай маани бербеди. Кызматтан алуу же отставкага чыгуулар Трамп администрациясына мүнөздүү сыпатка айланды. Төрт жыл бою министрлер жана администрациядагы жооптуулар бир нече жолу алмашты. Бүгүнкү күнгө чейин Трамп ушундай жолду карманып келет. Трамп коргоо министри Марк Эсперди 2020-жылы 9-ноябрда т.а. шайлоодо Байдендин жеңип чыкканы жарыялангандан кийин кызматтан алды. АКШ полициясынын афроамерикалыктарга карата тектик мамилеси жана полицияга каршы башталган масштабдуу нааразылыктар учурунда Трамп полицияга басым кылуу же полициянын бюджетин кыскартуу чакырыктарын четке какты. Тескерисинче, ал кыйыр түрдө, кээде ашкере расизмди айгинелеген билдирүүлөрдү жарыялап турду. Ал жумуш орундарын түзүүнү шылтоолоп компанияларга салынган салыктарды кескин азайтты.
  • Тышкы саясатта Трамп Кытай менен экономикалык согуш баштады жана Америка үчүн жаңы доор – протекционисттик экономикалык саясат башталганын жарыялады. Ал Климат боюнча Париж келишими, Түндүк Америка эркин соода келишими (NAFTA) жана башка эл аралык келишимдерден, Дүйнөлүк Саламаттыкты Сактоо Уюму сыяктуу бир катар эл аралык уюмдардан чыкты. Трамп союздаштарынан, өзгөчө европалыктардан баш тартты жана Британияны ашкере колдоп, Европа Союзунан чыгышына жардам беришин жана аны менен ири соода келишимин түзөрүн ачыктады. Трамп НАТО мамлекеттеринен уюмга бөлүп жаткан каражаттарды көбөйтүүнү талап кылып, орой түрдө асылды. О.э. Трамп Ислам регионундагы куурчак акимдерге жана америкачыл саясатчыларга текебердик менен мамиле кылды.

Экинчиден: Американын бөлүнүшү.

Трамп администрациясынын кескин бурулуштары натыйжасында Америка коомунда бөлүнүү башталды. Америкада Трамптын төрт жылдык өкүмдарлыгы доорунда көптөгөн «оорулар» (проблемалар) пайда болуп, алардын симптомтору байкалып калды:

  • 2016-жылдагы шайлоо кампаниясынан бери Трамп адамдардын этибарын өзүнө тарткан расизм тенденцияларын (идеяларын) көрсөттү. Ак түстөгүлөргө таандык улутчул кыймылдар активдешти. Алар мурун Америка коомунда аз гана таасирге ээ эле, бирок Трамптын келиши менен гүлдөп өнүгүштү. Ак түстөгү полицейлер кара түстөгү америкалыктарды өлтүргөн окуялар жүз берди. Бул америкалыктардын ак жана кара түстөгүлөргө бөлүнүшүнө алып келди. Расизмге жана кара түстөгүлөр туш болгон зомбулукка, айрыкча полициянын зомбулугуна каршы о.э. теңдикти талап кылган «Black Lives Matter» («Каралардын өмүрү маанилүү») саясий кыймылы пайда болду. Буга жооп иретинде ак түстөгү америкалыктардын белгилүү бир даражада уюшкан куралдуу ыктыярчы күчтөрү пайда болду жана мамлекеттеги туруксуздук үчүн даярдык көрө башташты.
  • Трамп администрациясы европалык союздаштарына карата кастыгын көрсөттү. Жада калса, Коргоо министри Мэттис да отставкага чыгуу туурасында арыз бергенде «союздаштарга урматтоо менен мамиле кылуу» зарылдыгын айтты. («Явмуссаби», 2018-жыл, 12-декабрь).
  • 2017-жылы кызматын баштагандан бери Трамп протекционисттик экономикалык саясатка, аныгы, Америка экономикасын өлкөгө кирип жаткан Кытай жана Европа товарларынан коргоого чакырды. Ал эркин эл аралык соода шартында атаандашууга күчү жетпеген бир катар фабрикаларды жапты. Трамп мындай аракети менен мамлекет ичинде өзүнө каршы ырайымсыз душмандарды пайда кылып жатканын аңдабады. Мындан улам, технологиялык компаниялар анын эң касташкан душмандарына айланып, алар болгон күчтөрү менен Трампка каршы чыгышты жана миңдеген жумушчуларын көптөгөн маселелер боюнча Трампка каршы нааразылык демонстрациясына алып чыгышты. О.э. Трамптын аброюн түшүрүү үчүн ал жөнүндө акарат маалыматтарды таратууга болгон күчтөрүн жумшашты. Бул күтүлгөн болчу, анткени ушул компаниялар дүйнөлүк деңгээлде иш алып баргандыктан алардын иш-аракети алдында тоскоолдуктар коюлушун о.э. Трамптын саясатына жооп катары башка мамлекеттер тоскоолдук коюшун каалашпайт. Ошондуктан Кытай бийлиги Кытайдын ири базарында жакшы жайгашкан компанияларга тоскоолдуктарды жаратуу менен коркута баштаганда жана Франция алардан француз продукциясы үчүн салык төлөөнү талап кылууну баштаганда бул компаниялар Президент Трамптан кутулууга чечим кылышты. Ошентип, бул нерсе Трампка каршы кампаниянын негизине жана Жо Байденди колдоо кампаниясынын борборуна айланды.
  • Бүткүл дүйнө саламаттыкты сактоо, ооруну алдын алуу, адамдарды коронавирустан коргоо жөнүндө сүйлөп жатканда Президент Трамп өзүнүн капиталисттик дүйнө карашы менен дары-дармек, вакциналар, соода иштериндеги прецеденттер (өзүнөн кийинки иштерге үлгү болгон өткөндөгү иш), дары өндүрүүчүлөрдүн үлкөн киреше табышы жана франчайзинг укуктары (базардын субъектлери ортосундагы мамиленин бир көрүнүшү) жөнүндө сүйлөөгө этибарын каратты. Президенттин бул абалы анын камкордук сыпатын жок эсе кылды. Кийин Трамп экономикалык оор кырдаалды шылтоолоп, коронавируска каршы күрөшүү үчүн мамлекетте карантин киргизүүгө каршы чыкты. Бул болсо, Кошмо Штаттардагы демократ жооптуулар менен Президент Трамп ортосунда коронавируска каршы күрөшүү үчүн штаттарды жабуу туурасында кескин билдирүүлөр согушун пайда кылды. Трамп экономиканын иштөөсүн каалаган нефть, өнөр жай жана чекене соода компаниялары тарапта турду. Трамптын каршылаштары, демократиялык партиянын жетекчилери коронавирус натыйжасында АКШда өкүм сүргөн дүрбөлөң жана коркуу абалын бетке алып, экономикалык ишмердүүлүктү токтотууну алга сүрүштү. Бирок, экономикалык ишмердүүлүктү токтотуу, бул нерсеге чакыргандар жана Трамптын каршылаштары артында элге көрүнбөгөн күчтөр турган. Алар – экономика тарыхында болуп көрбөгөн өнүгүүгө жетишкен жасалма интеллекттүү технологиялык компаниялар. Коронавирус пайда болгондо дүйнөдөгү адамдар үйлөрүндө телевизорлор, компьютерлер жана смартфондор алдында олтурушту жана чыгашаларды кыскартууну башташты. Бул болсо, технологиялык компаниялардын капиталы элестеткис даражада көбөйүшүнө себеп болду. Мисалы, «Амазон» сыяктуу компаниянын кирешеси жана компаниянын базардагы баасы өтө жогорулады. Жада калса «Амазон» компаниясынын айрым негиздөөчүлөрү компаниянын базардагы баасы жогорулагандыктан 24 саат ичинде 6 миллиард доллар кирише көрүштү. «АКШнын технологиялык компаниялары ушул жылдын үчүнчү чейрегинде жалпы көлөмү 38 миллиард доллар болгон чоң киреше көрүшкөнүн билдирди». (Би-Би-Си, 30-октябрь, 2020-жыл).

«Amazon», «Apple», «Alphabet», «Google», «Facebook», Илон Масктын компаниялары жана башка Американын технологиялык компаниялары көргөн бул астрономиялык киреше өзгөчө коронавирус себептүү зыян көргөн компанияларды нааразы кылууда. Коронавирус себептүү зыянга учураган мындай компанияларга энергетика жана нефть компанияларын, туризм компанияларын о.э. Трамп капитал жаткырган Нью-Йорк имаратын жана Флорида курортун, Британиядагы спорт жаатындагы инвестицияларды мисал кылуу мүмкүн.

Үчүнчүдөн: Америкадагы шайлоолор жана бурмалоолор.

  • Америкадагы 2020-жылдагы президенттик шайлоо мурунку шайлоолорго окшободу. Почта аркылуу берилген добуштарды эсептөө уланып жаткандыктан жеңүүчүнү жарыялоо дээрлик бир аптага кечиктирилди. Белгилүү болгондой, почта аркылуу негизинен демократтар добуш берди. Президент Трамп шайлоодон бир нече ай мурун почта аркылуу добуш берүүгө каршы чыкты жана мындай добуш берүү бурмалоого жол ачарын айтты. Трамп өз тарапкерлерин адаттагыдай добуш берүүгө чакырды. Ал эми, демократтар почта аркылуу добуш берүүнү кеңейтүүнү жана добуш берүүнүн бул түрүнө каршы болгон тоскоолдуктарды алып салууну талап кылышты. Бул бурмалоого окшогон айла-амал эле.
  • Айла-амалдыгына келсек, белгилүү болгондой, демократиялык партиянын тарапкерлери адаттагы добуш берүүүгө катышпайт, натыйжада партия айрым добуштарды жоготот. Эгер, сырттан добуш берүү болбогондо коронавирус пандемиясы жайылгандыктан демократиялык партия көп добуштарды жоготушу мүмкүн эле. Трамп андай проблемага туш келбеди. Т.а. Трамптын тарапкерлери принципиалдуу түрдө адаттагы добуш берүүгө катышышты жана аны идеологиялык даражада коргошту. Ошондуктан, коронавирус пандемиясын бетке кармап сырттан добуш берүүнү макулдоо демократиялык партия үчүн абдан пайдалуу болду. Биринчи күнү жарыяланган натыйжалар кескин түрдө Трамптын пайдасына бурулганыны көрөбүз, бирок арсар болуп турган т.а. кимге көп добуш берилгени белгисиз болгон штаттар сырттан добуш берүүнү баштаганда шайлоо шкаласы демократ Байдендин пайдасына кескин бурулду. Ушундай натыйжалар күтүлгөн болчу. Пенсилвания штатынын борбору Филадельфияда Трамп Байденди жүз миң добуш менен жеңип чыккан болсо да, Байдендин тарапкерлери негизги эсептөө борборунда күн мурунтадан майрадык кыла башташты. Анткени алар сырттан берилген добуштар кырдаалды Байдендин пайдасына өзгөртүүгө жетиштүү болоруна ишеништи. Массалык маалымат каражаттары Байдендин жеңишин жарыялап, ага шайлоодогу жеңишин жарыя кылууга мүмкүнчүлүк берди, анткени Пенсильвания штатындагы добуш аны Шайлоочулар Коллегиясындагы керектүү көлөмдөгү санга (270 добушка) жеткирүү үчүн жетиштүү болчу.

Төртүнчүдөн: негизги окуялардын траекториясы.

  • Байден шайлоодо жеңип чыкканы туурасында дээрлик күн сайын билдирүү берүүнү баштады. Ал жеңүүчү талапкер катары анын үйү жайгашкан жер учууга тыюу салынган аймак болуп киргизилгенин билдирди. О.э. Байден чет элдик жана жергиликтүү саясатчылардан куттуктоолорду алып, АКШнын шайланган жана кийинки президенти катары дүйнө лидерлери менен алакаларды орнотту. Трамп анын жеңишин четке какты жана окуялардын өнүгүүсүн өзгөртө турган сот жараяндары менен коштолуп шайлоо кампаниясы ылдам уланып жатканын билдирди. Трамптын сөзүнө ылайык, Байден мыйзамдуу добуштар менен шайлоодо жеңип чыкканын эч кандай далилсиз, шашылып жарыя кылып жиберген. Өз кезегинде, Жо Байдендин басма сөз катчысы Бейтс, эгер Трамп шайлоонун натыйжаларын тааныбаса, Ак үйдөн мажбурдуу түрдө чыгарыларын билдирди.
  • Америкадагы азыркы кырдаал абдан кооптуу. Германия коргоо министри бул жагдайды «жарылуучу» деп атады. Айрымдар Трамп колдоп жаткан куралданган ыктыярчы топтор шайлоо кампаниясынын штаб-квартирасына бастырып киришип, башаламандыктарды чыгарышын болжолдошкон. Бирок, айрым штаттарда мындай туйгулар жана окуялар кандайдыр бир деңгээлде болгонуна карабастан, башаламандык жүз бербеди. Президент сот жараяндары жана саясий айла-амалдар аркылуу экинчи мөөнөткө калууга үмүт кылууда, чамасы бул сценарий белгилүү бир убакытка калтырылган көрүнөт.

Башка тараптан, «Ал-Жазира нет» 2020-жылы 10-ноябрда «Вашингтон Пост» гезитине негизделип «Ак үй федералдык агенттиктерди шайланган президент Жо Байдендин жамааты менен кызматташуудан оолак болууну буйруду» деп кабарлады. Трамптын администрациясы жеңип чыккан талапкер үчүн АКШ мыйзамдарында каралган каражатты офистин ижарасына жана башка каражаттарга сарптоодон баш тартты. Трамп 2020-жылы 10-ноябрь күнү Твиттерде: «Биз чоң ийгиликтереге жетип жатабыз. Натыйжалар кийинки аптада пайда болот… Биз жеңип чыгабыз», – деп жазган. Мамлекет катчысы Помпео Трамптын экинчи президенттик мөөнөтү жөнүндө сүйлөп, республикачыл сенатордун реакциясына себеп болду, сенатор мамлекеттик жооптуунун мындай билдирүүсү өтө кооптуу экендигин айтты. Ошентип, Америка Кошмо Штаттары анын туруктуулугуна жана бүтүндүгүнө коркунуч салган чыныгы кризиске кептелди жана абал олуттуу кооп-коркунучка айланышы мүмкүн. Батыш жээктеги штаттар, өзгөчө Калифорния көп убакыттан бери демократтардын штаты саналып келет. Технологиялык компаниялардын борборлору ушул штатта жайгашкан. Бул штат Трамптын экинчи президенттик мөөнөтүн колдошу мүмкүн эмес. Республикачыл штаттарга, өзгөчө мамлекеттин түштүгүндөгү Техас штатына келсек, алар Калифорния штаты менен параллель күчтү түшүндүрөт жана Американын эң ири нефть жана энергетика компаниялары жайгашкан. Алар жаңы шайланган президент Байдендин жеңишин кабыл алышпайт. Анткени, Байден бийликке келген соң АКШны Климат боюнча Париж келишимине кайтаруу туурасында токтом чыгарат. Ал эми, Трамп эгер ал экинчи мөөнөткө калса, аны акарат кылган жана анын твиттерин цензура кылган технологиялык компанияларга эч кандай жеңилдиктер болбостугун айтып коркутту.

Бешинчиси: негизги окуялар жараянындагы маанилүү жагдайлар.

  • Америка ар дайым туу тутуп келген демократия – президент Трамп бийликте калуу үчүн жасап жаткан шерменеде иштерди жумшартуу үчүн алып барылып жаткан сот жана мыйзамдуу шылтоолор менен бузулууда. Америкада ар түрдүү сценарий жана өч алуу аракеттери ар кандай убакытта жүз бериши мүмкүн. Кийинки президент жеңип чыккан талапкер Байден болушу да, жеңилгенин моюнга алууну каалабаган жана экинчи мөөнөткө калууну каалаган учурдагы президент Трамп болушу да мүмкүн. Ким болочок президентке айланса, ал атаандашынан өч алууга киришет, бул болсо колдорду кайруудан көрө көбүрөөк сөөктөрдү сындырууга окшойт. Ошентип, Америка башаламандык, кабатырлануу жана ички проблемаларга кириптер болуу жакасында турат. Американын бөлүнүүгө жүз тутушун да назардан качырып болбойт. Андайда Техас Трамп жана республикачылар жана аны колдоп-кубаттаган компаниялар үчүн борборго айланат, Калифорнияда болсо Байден, демократтар жана аны колдогон компаниялар үчүн борборго айланат. Бул жаңжал Трамптын калган эки айлык президенттик доору менен чектелбей, андан кийин да уланышы мүмкүн.
  • Кемчиликтер – демократиялык капиталисттик түзүмдүн ажырагыс касиети. Ар бир акыл калчаган киши муну ачык-айкын байкоодо. Демократиялык капиталисттик түзүмдүн эң жаркын баалуулугу – пайдапарастык жана материалдык киреше. Ошондуктан бул нерселер президент тарабынан анын укуктарына ылайык жана анын партиясынын өкүлдөр палатасындагы таасирине ылайык түздөн-түз же кыйыр түрдө белгиленет. Ушул себептен улам, президенттердин ушул пайдапарастык жана материалдык кирешенин деңгээлин белгилөөдөгү чечимдери бириники экинчисиникинен айырмаланат. Ошентип, бир президент өзүнүн каалоосуна ылайык пайдалуу нерсени карап чыгат жана колдоп токтом кабыл алат, башка президент болсо аны пайдасыз гана эмес, зыяндуу деп эсептейт жана мурунку президенттин токтомун бекер кылат. Экөөсү тең демократиялык капиталисттик түзүмдү жана эл кабыл алган конституцияга моюн сунганын жарыялайт, бирок, түпкүлүгүндө ар бири өз каалоосуна ылайык иш кылат.

Мисалы, 2017-жылы 20-январда жаңы президент болуп бийликке келген Трамп мурунку президент Барак Обама администрациясы курган нерселерли кескин талкалай баштады. Трамп «Обамакер» медициналык камсыздандырууну бекер кылды, Америка нефть жана энергетика компанияларынын кызыкчылыктарына кызмат кылуу үчүн Климат боюнча Париж келишиминен чыкты, Америкада курал алып жүрүүнү мыйзамдаштырууну колдободу, Американын технологиялык компанияларына электрондук цензура сыяктуу көптөгөн чектөөлөрдү коюуга жана Кытайдан чыгып кетүүгө мажбур кылууга урунду. Булардын баары мурунку президент Обаманын жана атаандаш талапкер Байдендин позициясына толук тескери түрдө жүз берди. Белгилүү болгондой, Байден булардын бүтүндөй тескерисин жарыялап, медициналык камсыздандырууну колдоп-кубаттоодо жана курал алып жүрүүнү мыйзамдаштырууга аракет кылууда. Байден эгер бийликке келсе, климаттын өзгөрүшүн коргоо саясатына кайтуу үчүн анын партиясы жана мамлекети үчүн принципиалдуу саясатты жарыялайт. Т.а. нефть компанияларынын кызыкчылыктарына каршы турат. Байден аларга кошумча салыктарды киргизүүнү убада кылууда. Трамп бул салыктарды азайткан болчу. Ошентип, биз Байдендин артындагы технологиялык компаниялар нефть жана энергетика компаниялары о.э. Байден мамлекет бюджетинин чоң бөлүгүн бөлүүнү пландаган курал-жарак компаниялары менен катуу күрөш алып барып жатканын жана башкаларды көрөбүз. Баса белгилөө зарыл, Американын ири нефть компаниялары Техаста, эң ири технологиялык компаниялар Калифорниянын Силикон өрөөнүндө жайгашкан.

Ошентип, «ачык-айкындуу» жана «глобалдуу» болууну каалаган технологиялык компаниялардын ээлери болгон капиталисттердин кызыкчылыктары менен Кытай атаандаштыгынан коргоону каалап жаткан нефть, өнөр жай жана айыл чарба компанияларынын кызыкчылыгы кагылышууда. Президенттер жана алардын жардамчылары – атаандаштары зыяндуу деп эсептесе да – өз кызыкчылыктарын камсыздайт деп билген өлчөөлөргө ылайык ал же бул кампанияларды колдоп-кубаттайт! Өлчөөлөрү пайда жана зыян болгон эки тарап тең капиталисттик түзүмдү колдонуп жатышканын айтышат. Ошондуктан ушул карама-каршы тараптардын каалоосуна карап пайда жана зыяндын бирдей көрүлүшү капиталисттик түзүмдүн карасанатайлыгын көрсөтөт.

  • Эмне үчүн бул кемчиликтер Кошмо Штаттарда бул эки атаандаш – Трамп менен Байденде абдан айкын байкалганына келсек, бул ушул себептерге байланыштуу:

а)   Жеңген жана жеңилген талапкерлер аларды колдогон жана бийликте турушунан пайда көргөн аудиторияга ээ. Пайда – капитализмдеги негизги кыймат. Ошону менен бирге, эгер атаандаш тарап президенттикке жетсе, жеңилген тараптын кызыкчылыктарын кыйынчылыктар ээлейт.

б)   Азыр дүйнөгө капиталисттик түзүмдөр өкүмдарлык кылып жатат, алар Америкадагы түзүмдөн кыйла жаман. Ушул көз караштан алганда, Америка жараны башка түзүмдөр менен салыштырылса, ал өз түзүмүндө башка мамлекеттерге караганда аз илдеттерди табат жана эмне болгонуна ыраазы болуп, эки зыяндын эң жеңилин тандайт!

в)   Бүгүнкү күндө Америка жана капиталисттик түзүмдүн бардык моделдерине каршы турган туура түзүм жок. Эгер, андай түзүм болгондо аларга өздөрүнүн кемчиликтүү түзүмдөрү алдындагы акыйкаттын кандай экендиги айкын болмок. Эгер, бүткүл жер жүзүн берекеге толтурчу, адилеттик орнотуп кадыржамдыкты алып келчү Ислам түзүмү колдонулганда адамдардын капиталисттик түзүмгө карата ишеними бүтүп, Ла илаха иллаллах Мухаммадун Расулуллах байрагын бийик көтөргөн Халифалык мамлекетиндеги жакшылыкка умтулушмак.

Жыйынтыктап ушуну баса белгилеймин, кээде батыл үстөм болсо да, акыйкат баарынан үстөм болот. «Хизб-ут-Тахрир» Ислам Умматы арасында күндү түнгө улап аракет алып барууда, Халифалык таңы дагы атат, чыгыш жана батыштагы тогуттардын тактысы кулайт. Аллах Таала айтат:

﴿وَتِلْكَ الْأَيَّامُ نُدَاوِلُهَا بَيْنَ النَّاسِ وَلِيَعْلَمَ اللَّهُ الَّذِينَ آمَنُوا وَيَتَّخِذَ مِنكُمْ شُهَدَاءَ وَاللَّهُ لَا يُحِبُّ الظَّالِمِينَ وَلِيُمَحِّصَ اللَّهُ الَّذِينَ آمَنُوا وَيَمْحَقَ الْكَافِرِينَ﴾

«Аллах чыныгы ыйман келтиргендерди билиши жана араңардан шахиддерди тандап алышы үчүн бул күндөрдү адамдар арасында айландырып турабыз. Аллах залимдерди сүйбөйт. Аллах ыйман кел­тиргендерди тазалоо жана кафирлерди өлтүрүү үчүн (ушундай кылат)» [3:140-141]

 

                                                                                                           5робиуссаний, 1442-х.

                                                                                                                  20ноябрь, 2020м.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here