Ливияда тараптар ортосунда диалогдун кайрадан башталышы

184
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Ливияда тараптар ортосунда диалогдун кайрадан башталышы

Суроо:

2020-жылы 23-ноябрь күнү Ливияда тараптар ортосундагы диалогдун экинчи туру кайрадан башталды. Онлайн форматта өткөн бул диалогдо негизинен жаңы өкмөткө жана президенттик кеңешке талапкер көрсөтүү механизми каралды. Диалогдун биринчи туру 15-ноябрда өтүп, анда белгилүү бир пунктулар боюнча гана келишим түзүлгөн жана маселелер ачык калган. Ушул диалогдор Мароккодо Ливиядагы тараптар ортосундагы дагы бир диалог менен параллель башталды. Ко-ош, бул диалогдордун күрөшү артында ким турат? Булар Ливиядагы кризисти чечүүгө алып келиши мүмкүнбү? Бул жаатта эл аралык позиция кандай?

Жооб:

Маселе ачык-айкын болушу үчүн ушул нерселерди карап чыгуу зарыл:

  • Түркия Сарражды колдоп-кубаттады жана Сарраж күчтөрү Хафтарды борбор калаа Триполиден чыгарып, Сирт жана Жуфрага чейин кууп салышты. Кийин андан туруктуу ок атпоо режимин кабыл алууну жана Түркия козголоңчу, мыйзасыз деп атаган башка тараптар менен диалог жана сүйлөшүүлөрдү өткөрүүгө макул болууну талап кылды! Ошондуктан Түркия тышкы иштер министри 2020-жылы 17-июнда борбор Триполиге сапар кылып, Вифак өкмөтүнүн башчысы Файз Сарраж менен жолугушуп: «Биз Ливияда туруктуу тынчтык жана туруктуу саясий чечимге жетишүүгө токтодук», – деп билдирүү берди. («Анадолу», 2020-жыл, 18-июнь). Түркиянын аралашуусу Сарраж жана анын өкмөтүнүн пайдасына болбоду. Түркия бул өкмөттү башка тарапка макул болушу үчүн басым астында кармап туруу үчүн аралашты. Түркия АКШ саясатынын алкагында ашкере аракет кылат. Америка Ливиядагы Түркиянын пландарын колдоп-кубатташын ачык айткан. Бул болсо, Түркиянын иш-аракеттери Америка кызыкчылыгы үчүн болуп жатканын түшүндүрөт. 2020-жылы 8-июнда эки мамлекеттин жетекчилери Трамп жана Эрдоган ортосунда телефон сүйлөшүү болуп өттү. Алар Ливия маселесин талкуулашты. О.э. Эрдоган: «Ливия кризисин чечүү үчүн Түркия-АКШ демилгеси ишке ашырылууда», – деди. Эрдоган бул телефон сүйлөшүүсү артынан Түркиянын «TRT1» расмий телевидениесине чыгып «Трамп менен келишимдер түзүлгөнүн» айтты. Ал Ливия маселесинде эки мамлекет ортосунда «кызматташтык демилгеси» иштелип чыгышынын ыктымалы бар экенин баса белгиледи, бирок аны толук ачыктабады. Мындан тышкары, түрк тышкы иштер министри Мавлуд Чавушоглу 2020-жылы 11-июнда Түркиянын «ТМВ» телевидениесине берген интервьюда «президент Эрдоган менен анын америкалык кесиптеши Трамп ортосунда 2020-жылы 8-июнда болуп өткөн телефондук сүйлөшүүдө белгиленген келишимдер америкалык жана түркиялык расмийлер тарабынан талкууланышы күтүлүп жатканын» айтты. Ал «Түркия-АКШ демилгеси Ливия жөнүндө болгондугун» баса белгиледи. Булардын баары Түркия Ливияда АКШ саясатынан башка саясатты аткарбай жатканын көрсөтөт.
  • Түркия Сарражды колдоп-кубаттоону токтотту. Ушул себептен улам, Сарраж Сирт жана Жуфраны көзөмөлгө ала албады. Сарраж бул эки регионго бастырып кирүүгө астейдил аракет кылды, эгер Түркия аны колдоп-кубаттоону токтотпогондо, ал региондорду көзөмөлгө алмак. Сарраж буга жетишпегендиктен ак атпоону келишимин кабыл алышы жана башка тараптар менен сүйлөшүүлөр алып барышы үчүн басым астында калды. Ошондуктан, 2020-жылы 16-сентябрда Сарраж октябрь айынын акырында отставкага чыкмакчы экенин жарыялоо менен Эрдоганды ыңгайсыз абалга салмакчы болду. Сарраждын бул жөнүндөгү кайрылуусун Ливиянын расмий телеканалы эфирге берди: «Мен баарына октябрь айынын акырынан кечиктирбестен өз кызматымдан кетүү тууралуу каалоомду билдиремин… Диалог комитети өз ишин бүтүрдү. Үмүт кыламын, эми ал жаңы президенттик кеңешти жана премьер-министрди дайындайт». Сарраж «уюлдашуу (белгилүү бир тарапка тартуу) келишпестиктерди тынч жол менен чечүүгө каратылган бардык сүйлөшүүлөрдү абдан татаалдантты» деп, ага басым кылынганын моюндады жана тараптардын бирин «согуш оюнунда акча сайгандыкта» айыптады, бирок ал тарапты ачыктабады. Сарраж анын «өкмөтү түзүлгөндөн бери толук нормалдуу эмес, бир аз нормалдуу абалда да иштей албаганын, ички жана тышкы фитналарга ар күнү учураганын» моюнга алды. Баса белгилөө зарыл, Сарраж Ливиянын премьер-министрлик кызматына өзү отурбаган. Бул өкмөттү Британия Тунисте түзүп, 2015-жылы түзүлгөн Сухайрот келишиминен кийин өкмөттү Триполиге алып келген. Андыктан, Сарраж Европанын, өзгөчө, Британиянын көрсөтмөсү болбосо отставкага чыга албайт.
  • Эрдоган Сарраждын отставкага чыгышы жөнүндөгү кабарды кабатырлануу менен кабылдады. Эрдоган: «Мен өткөн аптада Сарраж менен Истамбулда жолукканмын, ага карабастан, анда бул сыяктуу өзгөрүүнүн болушу жана мындай кабарды угуубуз биз үчүн өкүнүчтүү», – деди. Ал: «Түркия менен Вифак өкмөтү ортосундагы жолугушуулар кийинки апталарда башталат, ушундай жолугушуулар аркылуу ишти кайра жолго коёбуз, инша Аллах», – деп кошумчалады. («Анадолу», «Рейтер», 2020-жыл, 18-сентябрь). Акыбетте, Сарраж отставкага чыгуу ниетинен кайтты. Бул жөнүндө «Ал-Жазира» 2020-жылы 30-октябрда мындай кабар таратты: «Жума күнү Ливия президенттик кеңешинин төрагасы Файз Сарраж октябрь айынын акырында кызматтан кетүү жөнүндөгү чечиминен кайтуу туурасындагы талаптарды кабыл алды». Бул кабарды Сарраждын басма сөз катчысы Галиб Заклаий өз билдирүүсүндө айтып, Твиттердеги баракчасында жарыялады. («Ал-Жазира», 2020-жыл, 30-октябрь). Европа Сарраждын отставкага чыгуудан баш тартканына аргасыздан макул болгондой болду, кудум Европанын да пикири ошондой болгон сыңары, өзүн Эрдоганга моюн сунбагандай кылып көрсөттү. Жогорудагы булакта мындай делет: «Жума күнү Германия тышкы иштер министри Хайко Маас Сарраждан Ливия диалогунун мөөнөтү бүткөнгө чейин өз кызматын улантууну талап кылды. Бул талап Маас менен Сарраж ортосундагы телефондук сүйлөшүүдө айтылды. Ливия өкмөтүнүн Фейсбуктагы билдирүүсүнө ылайык, сүйлөшүү чагында Ливиядагы окуялар да талкууланган. Германия тышкы иштер министри ушул баскычта Ливия өкмөтүн жетектөөнү улантуу үчүн Сарраждын кызматта калышы «маанилүү маселе» деди». («Ал-Жазира», 2020-жыл, 30-октябрь).
  • Ошентип, Сарраж отставкага чыгуу ниети менен Эрдоганды ыңгайсыз абалга сала албады, тескерисинче отставкага чыгуудан баш тартууга мажбур болду! Жада калса, Сарраж отставкага чыгуудан баш тарткан соң Эрдоган аны менен байланышып, отставкага чыгуу чечими туура эмес болгонун улам-улам баса белгиледи! Бул жөнүндө 2020-жылы 7-ноябрда Түркиянын «Хабар 7» веб-сайты мындай кабар жарыялады: «Бир дипломатиялык булак маалым кылышынча, Эрдоган Сарражга «отставкага чыгуу жөнүндөгү чечимиңиз туура эмес болгон, отставкаңыз Ливия калкына душмандык кылып жаткан тараптардын пайдасына салым кошмок» деди».
  • Россиянын Ливияга аралашуусуна келсек, албетте бул аралашуу АКШнын макулдугу жана Түркия менен келишген абалда болууда. Россия эки тарап ортосунда бейтарап позицияны карманууга урунуп, өзүн ортомчу кылып көрсөтүүгө аракет кылууда. Россия Ливияга күчтөрүн жибербегенин айтып жаткан болсо да, бирок Ливияда аракет кылып жаткан «Вагнер» орус аскердик жеке компаниясы президент Путинге байланыштуу! Ошондуктан, Россия Сарраж өкмөтү менен алакасын үзмөкчү эмес, анткени Россиянын көздөгөнү: ал жерде өз ролун ойноо жана Ливия боюнча сүйлөшүүлөргө катышуу. Ушул себептен улам, Россия президентинин Жакынкы Чыгыш жана Африка маселелери боюнча атайын өкүлү Михаил Богданов: «Москва бардык таасирдүү эл аралык оюнчулар, анын катарында Түркия менен байланышта, өзгөчө, Триполи жетекчилиги менен болгон байланыштарын сактап калат», – деп билдирүү берди. Ал Ливиядагы Россия-Түркия кызматташуусун мактап: «Эки мамлекеттин жетекчилери 2020-жылы 13-январда маалым кылган демилге эки тараптын ок атпоону жарыялашында оң роль ойноду. Бул Берлин конференциясы үчүн зарыл чөйрөнү жаратат», – деди. («Ахром», 2020-жыл, 20-июль).
  • Ушундай кыраалда АКШнын талабы айтылды. АКШнын тышкы иштер министри Помпео 2020-жылы 10-июнда мындай деди: «Биз Ливияда тезинен тынчтыкка жетишүүнү талап кылабыз. Ливиядагы бардык чет элдик аралашууларды токтотууга жана сүйлөшүүлөр столуна олтурууга чакырабыз… Вифак өкмөтү менен Ливия Улуттук армиясы (Хафтар күчтөрү) БУУнун коопсуздук боюнча сүйлөшүүлөрүнө кайтышы абдан жакшы кадам болот. Учурдагы негизги талап: тынчтык орнотуу жана БУУ жетектеген Ливия саясий сүйлөшүүлөрүн кайрадан баштоо үчүн жакшы ниет менен батыраак сүйлөшүүлөрдү баштоо». («Sky News», 2020-жыл, 10-июнь). Америка эки тараптын тынчтыкка макул болушканы туурасындагы кабарды алкыштады жана 2020-жылы 26-октябрда өзүнүн тышкы иштер министри Помпео оозунан мындай деди: «Ливиядагы ок атпоо боюнча келишимге кол коюу кайраттуу кадам. Эми чет элдик согушкерлер ушул келишимге ылайык 90 күндүн ичинде Ливиядан чыгып кетиши керек… Биз Ливиядагы бийликтин жаңы аткаруучу бийликке алмашуусун жана шайлоолорго даярдык көрүшүн колдойбуз». БУУнун Ливиядагы миссияси 2020-жылы 23-октябрда «БУУда беш күнгө созулган сүйлөшүүлөрдөн кийин жаңжалдашып жаткан тараптарды ок атпоо келишимине кол коюшканын» жарыялады. Демек, Америка БУУ аркылуу түздөн-түз дипломатиялык жана саясий жол менен Ливияга аралашууда. АКШ ушул жол менен абалдын тизгинин колго алууну жана Европа, өзгөчө Британиянын таасирин кыйратууну көздөп жатат.
  • Ливияда болуп жаткан окуялар – арасында согуштук иштер болуп турган саясий күрөш. Саясий күрөш болгондуктан ал жердеги бардык тараптарды диалог жана келишимдерге бириктирүү, жада калса көрсөтмөлөргө кол коюу үчүн жолугушуу өткөрүү жарышы болууда. Мисалы, Британия Марокконун Бузника шаарында үч тур жолугушуу өткөрдү. Бул «Триполидеги Мамлекеттик Жогорку Кеңеш делегациясы менен Табрук өкүлдөр Ассамблеясынын делегациясы ортосундагы диалог» деген жолугушуу болду. Анын биринчи туру 2020-жылы 6 жана 10-сентябрда эки күн, экинчи туру 2020-жылдын 2 жана 6-октябрда эки күн, үчүнчү туру 2020-жылы 5-ноябрда бир күн болуп өттү. Эки тараптын делегациясы «суверендүү кызматтарды тандоо шарттары» боюнча келишим долбооруна кол коюшту. Ушул жолугушуулардын артында Британия тургандыгы анын малайлары аркылуу жакшы маалым. Бул диалог 2015-жылы 17-декабрда Мароккодо кол коюлган Сухайрот келишиминин 15-беренесин аткарууну макулдоо жөнүндө болду. Марокко борбору Рабаттагы ушул келишимге Триполидеги Ливия өкмөтү тарабынан Мамлекеттик Жогорку Кеңешинин делегациясынын башчысы Фавзий Укаб, Табрук өкүлдөр Ассамблеясынын делегациясынын төрагасы Юсуф Акурий кол коюшту. 15-беренинин 1-пунктунда негизинен ушулар баса белгиленген: «Өкүлдөр палатасы жетекчи кызматтар ээлери боюнча келишим түзүү үчүн Мамлекеттик Кеңеш менен кеңешет жана бул суверендүү кызматтар ушулардан турат: Ливия Борбордук банкынын төрагасы, Мамлекет иликтөө мекемесинин жетекчиси, Административдик көзөмөл органынын төрагасы, Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын төрагасы, Жогорку шайлоо комиссиясынын төрагасы жана анын мүчөлөрү, Башкы судья жана башкы прокурор». Жогорудагы берененин 2-пунктунда «Өкүлдөр палатасынын үчтөн эки бөлүгү ушул кызматтарды тастыкташы керек» делген. Диалог алып барып жаткан эки тарап ушул жылдын 6 жана 10-сентябрь күндөрү жолугушуулардын биринчи турун өткөрүштү. Алар суверендүү кызматтарды ээлөө механизми жана келишимге тиешелүү процедураларды аткаруу үчүн жыйындарды кайрадан баштоо боюнча кеңири көлөмдүү келишимди түзүштү.
  • Америка БУУнун Ливия боюнча атайын өкүлүнүн орун басары Стефани Уильямс аркылуу бардык карталарды аралаштырууга киришти. Бул америкалык дипломат Бузникага параллель түрдө «Оболу Ливия» урааны астында Ливия диалогунун жолугушууларын өткөрүүгө чакырды. 2020-жылы 9-ноябрда башталган бул жолугушуунун туру БУУнун демөөрчүлүгүндө 75 Ливия саясий лидерлеринин катышуусунда өлкөдөгү жаңжалдашып жаткан тараптар ортосунда сүйлөшүүлөр катары болуп өттү. Диалог алып баруучу топ: депутаттар, жогоку кеңештин мүчөлөрү, таанымал адамдар, үч регион (Триполи, Киренаика жана Фаззан) өкүлдөрү. Стефани Уильямс 2020-жылы 15-ноябрда мындай деди: «Ливия боюнча Тунисте болуп өткөн диалог абдан жакшы натыйжалар менен бүтөт. Эми кезектеги тур бир апта ичинде онлайн форматта өткөрүлөт. Жакшы натыйжалар шайлоолор күнүн белгилөөдө жана аткаруучу бийликтин функциялары, Президенттик жана Өкмөттүк Кеңешке талапкерлерди көрсөтүү шарттарын белгилөөдө өз тастыгын тапты. Ливия диалогунун катышуучулары сүйлөшүүлөрдүн жетинчи күнүндө ушул үч негизги маселеге келишишти: биринчи маселе, 2021-жылы 24-декабрда өтө турган шайлоолор күнү белгиленди. Бул Ливия үчүн маанилүү күн т.а. мамлекеттин 1951-жылдагы көз карандысыздык күнүнө туура келет. Экинчи маселе, аткаруучу бийликтин укуктары жана Президенттик кеңешке талапкерлерди көрсөтүү шарттары аныкталды. Анткени, талапкерлер жөнөкөй жоопкерчиликтерге ээ болгон, улуттук жарашуу боюнча иш алып барган, түштүк, чыгыш жана батыш региондорду айгинелеген үч мүчөдөн турат. Үчүнчү маселе, катышуучулар Ливия калкына суу, электрэнергия жана башка кызматтарды камсыздоого чектелеген өкмөттүн укуктарын камтыган вазыйпаларды аткарууга келишишти. Президенттик Кеңеш менен өкмөттүн өзүнчө түзүмдөрү болот. Бул кызматтарга шайлана турган адамдар кыска мөөнөт кызмат кылышат жана алардын ар бири партияларга алакасы болбогон технократ адамдар болот… Көп иш кылуу керек. Он жылдык күрөш-проблеманы бир апта ичинде чечип болбойт… Диалогдун катышуучулары бир апта ичинде видеобайланыш аркылуу жолугушуп, укуктук комиссия тандоо механизмин иштеп чыгышат жана суверенитет маселеси боюнча шайлоолордун конституциялык негиздерин аныкташат». («Анадолу», 2020-жыл, 16-ноябрь). Бул аял Сухайрот келишимин оозго албай, ага бүтүндөй көз жумду, «он жылдык күрөш-проблеманы бир апта ичинде чечип болбойт» деген сөзү менен кудум ишти нөлдөн баштамакчы көрүнөт. Ал бардык маселелерди жаңыдан талкуулап, Сухайрот келишимин расмий эмес түрдө бекер кылууда. Ал Британиянын таасирине чекит коймокчу, эгер мүмкүнчүлүк тапса аны жок кылууга, жок кылууга мүмкүнчүлүк таба албаса, көзөмөлдө кармап турууга аракет кылууда.
  • БУУнун Ливия боюнча атайын өкүлүнүн орун басары Стефани Уильямс диалогдун ишмердүүлүгүнө тоскоолдук кылгандарды жазага тартуу менен коркутту. Ал: «Бул диалогдун катышуучуларына акча берүүгө урунгандар тоскоолдук кылгандар тайпасына киргизилип, пара берүү жана добуш сатып алуу туурасындагы маалыматтар боюнча тергөө кылынат», – деди. «Саясий коррупциялык акчалардын аралашуусу болгону белгиленгенин» айтып, «диалогдун катышуучулары кызматтан бошотуу сунушун киргизишкен жок, бирок катышуучулардын көлөмү 61%га жетти, негизи 75% болушу керек эле», – деди». («Шаркул Авсат», 2020-жыл, 17-ноябрь). Бул аял БУУнун өкүлү эсептелсе да, бул бир чүмбөт гана. Түпкүлүгүндө ал Америка саясатынын өкүлү болуп эсептелет жана Америка бул аялдын токтомун АКШ Конгресси аркылуу колдоп-кубаттады. Маселен, Өкүлдөр Палатасы «Ливияда туруктуулукту колдоп-кубаттоо мыйзамы» долбоорун макулдап добуш берди. Бул мыйзамда «Ливия боюнча БУУ жетекчилигинде өткөн сүйлөшүүлөрдүн мааниси» баса белгиленген жана «мыйзам долбоорунда Ливиядагы нефть запастарын же финансылык уюмдарды мыйзасыз түрдө эксплуатация кылган ар кандай адам же уюмга карата санкцияларды колдонуу талап кылынган. О.э. адам укуктарынын бузулушуна аралашкан адамдарды жоопкердикке тартуу баса белгиленген». («Sky News», 2020-жыл, 19-ноябрь).
  • Ливия кошмо аскерий комиссиясынын («5+5») эки делегациясы ортосунда тынчтыкка келишүү боюнча сүйлөшүүлөр болуп өттү. Берлин конференциясынан келип чыккан ушул сүйлөшүүлөр да БУУнун Ливия боюнча атайын өкүлүнүн орун басары Стефани Уильямстын колдоосу астында өттү. Бул аял 2020-жылы 4-ноябрда келишимдин беренелери боюнча консенсуска келишилгенин маалымдап мындай деди: «Тынчтыкка келишүү үчүн он эки берене бар. Алардын негизгиси – чакан аскерий комиссия түзүү, комиссиянын вазыйпасы 2020-жылы 23-октябрда кол коюлган келишимдин талабына ылайык, Ливиядагы бардык чет элдик күчтөрдүн «өз өлкөлөрүнө кайтып кетишин» жана күрөшүп жаткан эки тараптын күчтөрүнүн Сирт жана Жуфрадан чыгып кетишин көзөмөлдөө». Стефани «бардык чет элдик күчтөрдүн Ливия жеринен чыгып кетиши үчүн 90 күн белгиледи». («Рейтер», 2020-жыл, 23-октябрь). Эрдоган: «Биз Вагнер сыңары жалданган аскерлер үч ай ичинде Ливиядан чыгып кетеби же жокпу, билбейбиз», – деди. («Рейтер», 2020-жыл, 23-октябрь). Эрдоган Ливия жаатында Россия менен келишип алганы үчүн ушундай деди! Негизи, Америка Россияга бул жана башка күчтөрүн Ливиядан алып чыгып кетиши үчүн басым кылып жаткан жок. Анткени, Америка Ливиядагы жана региондогу максаттарын ишке ашырып алышы керек, кудум Сирияда ишке ашыргандай.
  • Жогоруда кеңири баяныбыздын кыскача жыйынтыгы:

а)   Сарраж өкмөтү Түркиянын колдоосунан Европанын, өзгөчө Британиянын долбоорун ишке ашырууда пайдаланууну көздөдү. Муну Хафтардын күчүн кыйратуу жана анын таасири астындагы аймактарды, негизинен Сирт жана Жафрадагы таасирин көзөмөлгө алуу үчүн кылмакчы болду. Бирок Түркия АКШ долбоорун ишке ашыруу үчүн Сарражды колдоп-кубаттады, маселен, Сарраж күчтөрү Сирт жана Жафрага жетери менен колдоп-кубаттоону токтотту жана Сарраждан туруктуу тынчтыкка жана Түркия козголоңчу, мыйзасыз деп атаган башка тараптар менен диалогдорду жана сүйлөшүүлөрдү өткөрүүгө макул болууну талап кылды! Натыйжада Сарраж эмне кылууну билбей калды. Ал отставкага чыкмакчы экенин жарыялоо менен Эрдоганды кабатырлантууну пландаган эле. Бирок Түркия ага басым кылып, отставкага чыгышына жол бербеди. Европа Эрдогандын Түркиясы Сарражга басым кылууну күчөтүп жатканын көрдү… Ошондо Европа өзүн Эрдогандын бул басымдарына моюн сунбай жаткандай кылып көрсөтүүга урунуп, Сарраждын отставкасына нааразыдай болду, Сарраждын кызматта турушу – Британия менен Европанын кызыкчылыгы, анын отставкага чыгуу жөнүндөгү билдирүүсүнүн артында европалыктар турушса да!

б)   Бул диалогдор жасалма болуп, аларды ири мамлекеттер уюштурушууда. Максат – ушул аркылуу көз каранды мамлекеттерди туткун кылып, алардын проблемаларын чечүү же ого бетер татаалдантуу жана жаңжалдашып жаткан тараптарды бул диалогдорду ишке ашырууга мажбурлоо… Мына ошондо бул ири мамлекеттер өз таасирлерин бекемдешет… Ооба, ошондой, бул диалогдордон проблемаларды туура чечүү көздөлбөгөн. Муну Сухайрот келишими ырастап турат. Британия бул келишимдин башында туруп, аны ишке ашыруу үчүн Сарраж өкмөтүн түзгөн. Мисалы, жакында болуп өткөн Марокконун Бузника шаарындагы жолугушуулар аркылуу Британия Сухайрот келишиминдеги башка беренелерди аткарууга аракет кылды. Бирок АКШнын «БУУ өкүлү» деген чүмбөт астындагы дипломаты Стефани Уильямс тынчтыкка келишүү үчүн Британиянын жолугушуулары менен параллель түрдө эки тараптын ортосунда жолугушууларды өткөрдү. Оболу Женевада жана Гадамис-Ливияда, кийин Тунисте өткөргөн ушул жолугушууларда бир жылдан кийин шайлоолор өткөрүүгө келишилди. Ошентип, Америка бардык каражаттарын өзүнүн дипломатиялык миссиясын ийгиликтүү бүтүрүүгө сапарбар кылууда. Максаты, Британиянын таасирин кыйратып, Ливиядагы күрөштү жеке өзү башкаруу жана каалаган тарабына багыттоо.

в)   АКШ жана Британиядан турган бул негизги күрөшүп жаткан мамлекеттер бир-бирин буттан мүдүрүп, бир-биринин долбоорун кыйратуу аркылуу жеңип чыгуу аракет кыла берет. Ошондуктан, бул мамлекеттердин Ливия калкына коопсуздукту жана тынчтыкты камсыздаган бирер чечим бериши мүмкүн эмес. Жада калса, шайлоолор өткөрүлгөн тагдырда да андан бирер коопсуз корунтуду чечим чыкпайт. Жок, тескерисинче, АКШ менен Европа өз таасирлерин орнотуу үчүн күрөштү улантышат… Ал эми, күрөштүн отуну ливиялыктар болуп кала берет! Ошондуктан, Ливия эли бул сыяктуу тил бириктирүүлөргө каршы чыгышы, ал же бул мамлекеттердин жана ал же бул малайлардын айла-амалына алданбай, иштердин тизгинин алардын колунан тартып алышы жана аны Уммат перзенттери арасындагы аң-сезимдүү калыс таза колдорго тапшырышы керек. Алар Ливияны бүткүл мусулман өлкөлөрүн өз ичине алган Ислам мамлекетинин бир бөлүгүнө айлантууга даярданышы керек. Бул Ислам мамлекети – Расулуллах A башарат берген Пайгамбарлык минхажы негизиндеги рошид Халифалык мамлекети:

«ثُمَّ تَكُونُ خِلَافَةً عَلَى مِنْهَاجِ النُّبُوَّةِ»

«Кийин Пайгамбарлык минхажы негизиндеги рошид Халифалык болот».

                                                                                                         10робиуссаний, 1442-х.

                                                                                                                  25ноябрь, 2020м.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here