Шам жеринде калган жамааттардын калыс согушкерлерине

213
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Шам жеринде калган жамааттардын калыс согушкерлерине

Арабдарда «Колуңдан келбеди, үйлөгөнүң гана калды» деген сөз бар. Бул сөз өзүнүн кыйроосуна өзү себепчи болгон кишиге карата айтылат. Биз мубарек Шам жаринде калган жамааттардын калыс согушкерлерине кайрылабыз:

Силер өзүңөрдүн, элиңердин жана козголоңуңардын кыйроосуна өзүңөр себепчи болдуңар. Анткени, силер өзүңөргө арамза кимселерди жетекчи кылып алдыңар, акыйкатта болсо, алардын эч бири өмүрүндө жетекчи боломун деп ойлобогон пас адамдар эле.

Мындан да жаманы, бул жетекчилер жетекчилик аманатына кыянаттык кылышты жана «колдоочу» мамлекеттердин сунган колуна кол беришти. Негизи, бул мамлекеттер – силердин жана козголоңуңардын аркасынан урулган канжар болчу. Алгач алар өздөрүн силерге кепил болуучу мамлекеттер катары көрсөтүштү, түпкүлүгүндө, алар силерди жок кылуу жана козголоңуңарды тирүүлөйүн көмүүгө кепил болушкан, айрыкча, Эрдоган жетектеген Түркия режими. Эрдоган силердин колуңарды байлады, Аллахтын калимасын бийик кылуу үчүн берген курмандыктарыңарды, шахиддериңердин канын жана бүткүл кымбат нерселериңерди сатты. Ал Сириядагы канкор режимди сактап калуу үчүн конференцияларды уюштурду, сүйлөшүүлөрдү өткөрдү, келишимдерди түздү… Булардын баары душманга ээлеген региондоруңарды тапшырууга гана эмес, жада калса бүткүл козголоңуңарды сатууга алып келди. Силер бул кимсеге жана башка «колдоочуларга» козголоңуңарды тапшырдыңар.

Баарыбыз аткаруубуз зарыл болгон нерсе ушул: биз өз чечимибизге кайра өзүбүз ээ болуп, жолубузду оңдоп алуубуз керек. Ошондуктан, силерди даъват кылууну улантабыз жана бул даъватыбыз – козголоңуңар тарапка өтөрсүңөр жана дале силерден үмүтүн үзбөгөн калкыңарга кошуларсыңар деп үмүт артылган даъват. Бул калкыңар кылмышкер режимге каршы ар кандай калыс кыймылды колунан келгенче колдоп-кубаттоого ар дайым даяр.

Андыктан, көз каранды болуу чапанын чечип, кордук чаңын силкип салуунун убагы алда качан келген. Шам козголоңунун ушул ахвалга түшүшүнө себеп болгондорду кулатып, козголоңду «Аллах үчүн, Аллах үчүн» деп баштаган алгачкы абалыңарга кайтаргыла. Максатыңар режимди кулатып, ордуна Исламды тикелөө болчу, ушул туура жолго кайткыла. Ошондо гана элиңердин колдоосуна жана мухаббатына жетишесиңер. Ошондо гана Аллахтын нусратына жете аласыңар, силерге Аллахтан башка нусрат берүүчү жок, жалгыз Аллахтын ыраазылыгы үчүн гана жан, кан курман кылынат.

 Роя гезити, №313, 2020жыл, 18ноябрь.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here