Түркия Фонддулук биржасындагы финансылык келишимдер улуттук экономикага пайда алып келбейт

197
0

Түркия Фонддулук биржасындагы финансылык келишимдер улуттук экономикага пайда алып келбейт

«Ал-Арабийя нет» сайты хижрий 1442-жылы 25-рабиулаввал, миладий 2020-жылы 11-ноябрь күнү жарыялаган кабарда мындай делет:

«Россиялык миллиардер Михаил Фридман түрк лирасынын курсунан жана дүйнөлүк фонддулук биржасынын кескин жогорулоосунан пайдаланып Түркиянын эң ири уюлдук операторунун акцияларын сатты.

Фридман дүйшөмбү күнү тездетилген сатуу механизминин жардамында «Турксел» компаниясындагы 5% акциясын 205 миллион долларга сатты. Анткени, суроо-талап сунуштун көлөмүнөн өсүп кеткен. Бул келишимде «Кредит Суисс» жана «Голдман Сакс» сыяктуу банктар глобалдуу координаторлор жана менежерлер катары аракет кылышты.

«Кредит Суисс» банкынын Түркиядагы бөлүмүндөгү инвестиция банк кызматтарынын жетекчиси Эмре Камал Миъмароглу баса белгилешинче, бул келишим чет элдик каражаттарды акцияларга тартуу аркылуу Түркия капитал базарларын колдоп-кубаттайт, ошону менен бирге, жергиликтүү валютага болгон суроо-талапты көбөйтөт.

Миъмароглу: «Биз башка түрк компаниялары менен тыгыз сүйлөшүп жатабыз. Биржада тизмеге алынган эл аралык эркин жүгүртүүдөгү акцияларды көбөйтүү максатында алар бул сыяктуу окшогон келишимдерди карап чыгышы мүмкүн», – деди».

Роя:

Шек-күмөнсүз, Түркия Фонддулук биржасындагы финансылык келишимдер улуттук экономикага пайда алып келебейт. Мындай келишимдер кумардын түрүнө кирет. Түркия Фонддулук биржасында абдан кыска убакыт ичинде иштеген компаниялардын акцияларынын ири соодасы түрк экономикасына киреше алып келебейт, мындан негизинен чет элдик байлар пайда алышат. Бул нерсе түрк экономикасына чоң коркунуч туудурат жана ушул байлардын каалоосун кандыруу үчүн финансы базарларындагы түрк акцияларынын баасын манипуляция кылат. Т.а. Түркия экономикасын ошолорго көз каранды кылып коёт. Өз кезегинде, бул нерсе ушул компаниялардын активдеринин чыныгы баасы менен алардын финансылык базарлардагы санарип баасы ортосундагы айырманы дагы да кеңейтет.

Түркиядагы экономикалык проблемалар да, башка мусулман өлкөлөрүндөгү экономикалык проблемалар да Ислам экономикасына кайтуу менен гана чечилет. Ислам экономикасы сүткорлукту да, паразит финансылык базарларды да, чет элдик инвестициянын мусулман өлкөлөрүндө болушун да арам кылган.

 

Роя гезити, №313, 2020жыл, 18ноябрь.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here