СӨЗ ЭРКИНДИГИ – ИСЛАМГА КАРШЫ КҮРӨШҮҮНҮН КУРАЛЫ

295
0

Сөз эркиндиги – Исламга каршы күрөшүүнүн куралы

Францияда мусулмандар туш болгон зулумдар улам күчөп барууда. Өзгөчө акыркы окуялардан улам Француз бийлиги мусулмандарга карата мыйзамдарды катаалдантты. Бул мыйзамдар жана иш-чаралар ыдырап жок болгон коммунисттердин динге каршы иш-аракеттерин эске салат.

Учурда Француз бийлиги «Республикалык принциптерди бекемдөө» деп аталган мыйзам долбоорун сунуштады. Бул мыйзамга ылайык, мектепте болсун же башка жерде болсун, ашканаларда динге ылайык тамак жасоого тыюу салынат, башкача айтканда, мусулмандарга өзүнчө жасалган адал тамактар жоюлат. Ошондой эле, мыйзамда бассейндерде эркек менен аялдын бөлүнүп сууга түшүүсүнө тыюу салуу каралган. Бийлик бул мыйзам аркылуу мечиттерди, мусулман уюмдарын, коомдорун тыкыр көзөмөлгө алып, алардын каржы булактарын катуу текшерет жана мечиттерди жабуу, коом жана уюмдарга тыюу салып таркатып жиберүү укугун алат. Мыйзамда окуучулардын билим алуусуна өзгөчө көңүл бурулган. Көпчүлүк мусулмандар өз балдарын Исламий өңүттөгү жеке мектептерде окутушат же үй шартында билим беришет. Жогоруда мыйзам боюнча үч жаштан баштап бардык балдар мектепке барууга милдеттүү болот. Башкача айтканда, Франция бийлиги таалим жаатында мусулман ата-эненин ролун чектеп, мусулман баланын аң-сезимин жаштайынан (үч жашынан) уулоо аракетин көрүүдө.

Андан тышкары, Макрон Франциянын мусулмандар кеңешин (CFCM) «Республикалык баалуулуктардын хартиясына» кол коюуга мажбурлоодо. «Кеңеш (CFCM) Франциянын республикалык баалуулуктарын моюндап, саясий Исламдан баш тартууну милдеттендирген хартияны кабыл алышы керек». (ВВС, 01.12.20).

Бул мыйзам долбоору кабыл алынбай жатып эле Францияда 76 мечитте тинтүү өткөрүлдү, алардын 18и өзгөчө көзөмөлгө алынып, жабылуу алдында турат. Ошондой эле мусулмандардын 235 үйүндө тинтүү жасалып, 248 адам камакка алынды. (Le Figaro, 09.12.20).

Маалымат каражаттары 2020-жылы 7-ноябрда тараткан кабарда, Франциянын Альбервиль шаарынын полициясы он жаштагы(!) төрт мусулман балдардын үйүндө тинтүү өткөргөнү айтылды. Бул тинтүүгө балдар мектепте өз ара сүйлөшүп жатып: «Биз француз мугалими Самюэль Патинин өлтүрүлүшүн каралайбыз, бирок, Пайгамбарыбыз Мухаммад ﷺды карикатура кылууга таптакыр ыраазы болбойбуз», – деп пикир билдиришкени себеп болгон. Балдардын биринин атасы ондой полиция эрте менен саат алтыда куралдары менен үйгө бастырып кирип, балдарды ойготушканын, кийин үйүндө тинтүү өткөрүп, кызынын китептерин да тыткылап, ал тургай, дубалдарда илинген исламий жазууларды да жөн коюшпаганын айткан. Андан соң полиция балдарды участкага алып барып «терроризмди колдоо» деген айып менен аларды ата-энелерисиз он бир саат тергөө кылган. Полиция балдардын ата-энелерин да тергөө кылып, аларга кемсинтүүчү суроолорду беришкен. Ата-энелердин бири айтышынча, полиция аларга террористтердей мамиледе кылып, ар биринин бармак издерин алып, сүрөткө тартуу үчүн аялынын хижабын чечүүгө мажбурлаган.

Франция бийлиги жана президент Макрон бул зулумдарды светтик баалуулуктарды коргоо менен шылтоолоп жатат. Ошондой эле, Пайгамбарыбызды мыскылдоону сөз эркиндиги дешүүдө. Бирок Франция бийлигинин да, Макрондун да жүйөлөрү суу кечпеген сөздөр, тагыраак айтканда, алар жалаң гана жалган сөздөр жана эки жүздүүлүк. Маселен, Макрон 2020-жылы 7-декабрда Египет президенти ас-Сиси менен жолугушканда: «Жарандардын эркиндиги маселесинде Каир менен Париж ортосунда маал-маалы менен жаралып жаткан келишпестиктер экономика жана коопсуздук тармагында кызматташууга таасир кылбайт», – деди. Демек, Макрон үчүн сөз эркиндиги, жарандын эркиндиги сокур тыйынчалык мааниге ээ эмес. Өзүңөр билгениңердей, Египетте канчалаган адамдар өз пикирин билдирсе да, билдирбесе да камалып, эркинен ажыратылып, же өлүмгө өкүм кылынып, же дым дарексиз жок кылынууда.

Андан тышкары, 2019-жылы эки киши тынчтык демонстрация чагында президент Макрондун сүрөтүн өрттөгөнү үчүн сот аларга «кастык козутуу» айыбын коюп өкүм чыгарган. Азыр француз парламенти расмийлердин сүрөтүн социалдык тармактарда таратууну кылмыш эсептеген жаңы мыйзам долбоорун талкуулоодо. Ансыз да Францияда «мамлекеттик кызматкерлерди акараттоо» айыбы менен жыл сайын миңдеген жарандар кылмыш жоопкерчилигине тартылат.

Демек, бийликти сындап акараттасаң – кылмыш, Пайгамбарды акараттасаң – сөз эркиндиги.

Аң-сезимдүү адамдарга демократия жалган экени сыр эмес.

Харун Абдулхак

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here