Сисий жаңы кожоюну Байдендин көңүлүн алуу үчүн массалык маалымат каражаттарынын кызматкерлерин жаңылоо жана жасалма оппозициячыларды даярдоо планын түзүүдө

130
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Сисий жаңы кожоюну Байдендин көңүлүн алуу үчүн массалык маалымат каражаттарынын кызматкерлерин жаңылоо жана жасалма оппозициячыларды даярдоо планын түзүүдө

«Ал-Жазира нет» хижрий 1442-жылы 28-рабиулаввал, миладий 2020-жылы 14-ноябрь күнү жарыялаган кабарда мындай делет:

«Мисирдеги жогору кызматтагы бир коопсуздук булагы маалымдашынча, акыркы кезде болгон өзгөрүүлөргө шайкеш түрдө, негизинен АКШдагы республикачыл президент Дональд Трамп атаандашы демократ Жо Байденге уттурушунун тушунда Мисир өкмөтү массалык маалымат каражаттарынын кызматкерлери арасында «алмаштыруу жана жаңылоо» деп аталган жаңы иш-аракет баштаган.

«Ал-Жазира нет»ке эксклюзивдүү интервью берген ушул булактын сөздөрүнө ылайык, Сисий алдын ала АКШнын жаңы жетекчилиги менен кадам шилтөөнү каалоодо. Кошмо Штаттарда Байден менен демократтар оппозицияга чоң роль ойноо мүмкүнчүлүгү берүүнү жана башкача көрүнүштү калыптандырган жаңы адамдарды алып келүүнү көздөөдө. Өз кезегинде, бул Мисирдеги демократиялык көрүнүштөрдүн өзгөртүлүшүнө үлгү болот.

Байкоочулар айтышынча, Сисий парламенттеги оппозициянын санын көбөйтүүгө, массалык маалымат каражаттарын жана жарандык коомду үлгү кылып көчүрүүгө аракет кылууда, кудум Хусни Мубарак сыяктуу. Бирок, байкоочулар Сисий аны кескин сындай турган мындай үлгүнү жүзөгө чыгара албастыгын баса белгилешүүдө.

Мисир режиминин бул кадамы – айрыкча Байдендин июль айындагы сын сөздөрүнөн кийин – АКШдагы жаңы жетекчилик менен ыктымалдуу кагылышууну алдын алууга багытталган. Байден: «Эми Трамптын сүйүктүүсү саналган диктаторго башка эч кандай эрк берүүгө болбойт», – деп Сисийге ишара кылган. Мындан тышкары, АКШ Конгрессинин мүчөлөрү жана Европарламент депутаттары да өзгөчө кат жөнөтүшүп Сисийге кайрылышкан, андан адам укуктарын урматтоону жана саясий туткундарды тезинен азат кылууну талап кылышкан.

Жогорудагы коопсуздук булагынын сөздөрүнө ылайык, Сисий разведка кызматынын башчысы Аббас Камилден кийинки баскыч үчүн план даярдоону буйруган. Мындан улам мурунку баскычты талдоо жана кийинки пландарды иштеп чыгуу үчүн Камил жетектеген комитет түзүлдү. Комитеттин курамында негизинен Президенттик администрациянын жетекчиси генерал-майор Мухсин Абдунаби, президенттин уулу Махмуд Сисий, Разведка кызматынын офицерлери жана Разведканын массалык маалымат каражаттарынын катчысы подполковник Ахмад Шаъбан сыяктуулар бар.

Жана дагы ушул булак маалымдашынча, бул комитет оппозициянын белгиленген чектен чыкпай турган жана Сисийди сындабай турган мүчөлөрүнө мүмкүнчүлүк эшиктерин ачууга, аларды маалымат каражаттарында тез-тез чыгарууга, Мубарак режиминин доорунда болгондой, расмий-жасалма оппозиция түзүү, ошону менен бирге, катардагы адамдарга эркиндик берип, коопсуздук кысымдарын жана камакка алууларды токтотуу туурасында токтом кабыл алган».

 

Роя гезити, №313, 2020жыл, 18ноябрь.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here