Марокко кыянаттык тизмесине кошулду

212
0

Марокко кыянаттык тизмесине кошулду

Марокко менен Израил дипломатиялык алака-катышын кайра жандандырууну макулдашты. Эки өлкөнүн өз ара мамилесин жөнгө салууга АКШ ортомчулук кылды. Бул соңку бир жыл ичинде АКШнын ортомчулугу астында Тел-Авив менен өз ара мамилесин жөнгө салган төртүнчү араб өлкөсү болуп калды. Бул тууралуу АКШ президенти Дональд Трамп «Твиттердеги» баракчасы аркылуу жарыялады.

Трамп эки өлкөнү «Биздин эки чоң досубуз» деп атады жана мындай чечимди «кезектеги тарыхый алга жылуу» катары баалады. Ал эми, Марокконун падышасы Мухаммед IV анын өлкөсү Израил менен «расмий байланыштарды жана дипломатиялык алака-катышты кечиктирбестен жандандырарын» билдирди. «Израилдин» премьер-министри Биньямин Нетаньяху макулдашууну «тарыхый» деп атады жана жакын арада эки өлкөнүн ортосунда түз аба каттамы башталарын билдирди.

Буга чейин “Израил” Бириккен Араб Эмираттары, Бахрейн жана Судан менен өз ара мамилелерин жөнгө салууну макулдашкан.

Түпкүлүгүндө, араб өлкөлөрүнүн жөөт вужуду менен мындай саткын мамилелери буга чейин эле болуп келген. Учурда Трамптын талабына ылайык, бул кызматташтыктарга бир чекеден ачык түс берилүүдө. Анткени, мусулмандар Халифалык мамлекети кулагандан тарта анын ордун дал ушул АКШ баштаган колонизатор мамлекеттер басып алып, ордуна өздөрүнө малайлык кылган мамлекетчелерди пайда кылышты. Бул акимдер колонизаторлор сызып берген нота менен гана ырдап-бийлей алышат. Андан ашыкча укук берилбеген. Бул акимдер нота жөөт вужудун дос тутууга карай чертилсе ага ылайык, мусулмандардын туйгусуна ойноо үчүн душман жарыяланса ага да үндөш аткарып беришет.

Демек, биз мусулмандар бул акимдердин бузук саясат жүргүзүүсүнө, Илам дүйнө карашына толук тескери келген “диндер аралык диалог” сыяктуу куфр долбоорлоруна каршы турушубуз шарт.

Үммөттүн тагдырий маселелерин куфр колуна тапшырып, акимдердин үммөттүн атынан куфр коому менен алардын кызыкчылыгына ылайык мамиле орнотушуна жол бербешибиз керек. Тескерисинче, өз Исламыбыз жеке адамга, жамаатка, мамлекетке буюрган өкүмдөрдү өз ордунда так аткарууга шашылалы! Мына ушул аракетибиздин артынан Аллахтын нусраты келсе ажеп эмес!

Мумтаз Маверанахрий

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here