Үтүбүздөгү жылдын 11 айында Россиядан 211 өзбекстандыктын сөөгү келди

273
0

Үтүбүздөгү жылдын 11 айында Россиядан 211 өзбекстандыктын сөөгү келди

Быйыл январь айынан  ноябрга чейинки аралыкта Россиядан 211 өзбекстандык мигранттын сөөгү келди.

 Бул тууралуу эмгек жана жумуш менен камсыздоо министринин орунбасары Баходир Умрзоков билдирди.

Ал: “2020-жылы чет өлкөдөн 211 адамдын сөөгү мамлекеттин эсебинен алып келинип, жаназасы окулду. Маркумду акыркы сапарга узатуу иштери уюштурулуп, үй-бүлөлөрүнө материалдык жардамдар берилди ”, -деп айткан.

Россияда өзбекстандык мигранттар негизинен кырсыктардан т.т. өрт, курулушта коопсуздук эрежесин сактабастык жана улутчул топтордун чабуулу себептүү каза болушат.

Маалым болгондой, Өзбекстанда терең тамыр жайган жумушсуздук, коррупция жана тааныш-билиштик илдеттеринин кесепетинен жыл сайын миллиондогон адамдар жумуш издеп чет өлкөлөргө, айрыкча Россияга чыгып кетүүгө мажбур болушат. Жарандарын өз өлкөсүндө жумуш менен камсыздай албаган расмий бийлик, жок дегенде чет өлкөлөрдө иштеп жүргөн жарандарынын акы-укуктарын коргоого аракет кылып койбойт. Натыйжада, кадимки эле адамдык укуктарга да ээ боло албай калган өзбекстандыктар мекенине темир табыттарда кайтып келишүүдө.

 Өзүн реформатор катары көрсөтүүгө аракет кылып жаткан Мирзиёев эмгек мигранттарынын укуктарын камсыздоо боюнча кабыл алган чечимдер – Өзбекстандын ичинде болгону сыяктуу эле – кагазда калып кетүүдө. Россиядагы жана башка мамлекеттердеги Өзбекстандын элчиканалары – мамлекет ичиндеги  сыяктуу эле – элден үзүлүп калган. Өзбекстандын ичкерисинде да, тышкарысында да карапайым калк үчүн кайгырып, элдин көйгөйлөрүн ойлоно турган бир да чиновник калбады.

Абдурахман Адилов

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here