Кремль менен Кыргыз делегациясынын “кожоюн – кул” мамилеси

303
0

Кремль менен Кыргыз делегациясынын “кожоюн – кул” мамилеси

Кыргызстандын президентинин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов баштаган кыргыз парламентинин өкүлдөрү Москвага 6-декабрда үч күндүк сапар менен барышты. Кыргызстандык делегация алгач Орусиянын Мамлекеттик Думасынын төрагасы Вячеслав Володин менен жолугушкан.

Володин жолугушууда “Келечек – интеграцияда. Ар кандай факторлорду эске алып, кайсы мамлекеттер менен биригүү маанилүү экенин түшүнүш керек. Эч кимди таарынткым келбейт. Кээ бир мамлекеттердин айрым саясатчылары интеграция жөнүндө кеп козголгондо дароо АКШ тарапка бурула башташат. Ал эми оорчулук келгенде түз эле Орусияга кайрылышат”, – деп билдирди.

Мамытов баштаган делегация кийинки күндөрү Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясынын төрагасы Михаил Мясникович, Көз карандысыз шериктеш мамлекеттердин (КМШ) аткаруу комитетинин төрагасы Сергей Лебедев менен жолугушту.

Буга чейин Орусияга кошулууну ачык эле жактаган чиновниктердин билдирүүлөрү коомчулукта нааразылык жараткан эле. Анда «Биримдик» партиясынын негиздөөчүлөрүнүн бири Марат Аманкулов Москвада Орусиянын өкүлдөрү менен жолугушуусунда Орусиянын карамагына кайтууга убакыт келгенин айтып чыккан. Ага чейин мурдагы элчи Раимкул Аттокуров да орус телеканалдарынын бирине берген маегинде Орусиянын курамына кошулууну жактаганы социалдык тармакта кызуу талкууга алынган. Володиндин билдирүүсү да бул талкууларды күчөтүп, көпчүлүктү намыстанткандай болду.

Тилекке каршы, өлкөгө кайсы бийлик келбесин, Кремлдин ыраазылыгын алуу үчүн шайлоо астында Орусияга сапар кылуу салтка айланып калган. А бирок, Кремлдин кабыл алуусу ар сапар кожоюн менен кулдун абалын таасын чагылдырып турат. Буга Орусия тышкы иштер министри Лавровдун Кыргызстан ТИМи Казакбаевди кожоюнуңарды сыйлагыла “во всех смыслах” таризиндеги кагуусу да далил. Буга карабай, өлкө бийлиги жыл сайын эгемендүүлүк күнүн белгилөө менен убара.

Түпкүлүгүндө 2-дүйнөлүк согуштан кийин дүйнө “жеңүүчү колонизаторлор” (АКШ, Орусия, Англия, Франция, Кытай), эгемендүү (Батыш Европа өлкөлөрү, Австралия, Канада, Япония) жана көз каранды (Азия, Түштүк Америка жана Африка өлкөлөрү) болуп бөлүнүп калган. Колонизаторлор өз чек араларында согушпаса да, көз каранды өлкөлөрдү биринен экинчиси тартып алуу максатында тынымсыз согуш отторун, төңкөрүштөрдү тутантып келет. Бул үчүн көпчүлүк учурда эгемендүүлүк маскасы шылтоо кылынып алынган. Натыйжада, Англия өз колониясындагы өлкөлөргө “эгемендүүлүк” берген менен “Британия кызматташтыгы” уюму астында таасирин сактап калды. СССР таркаган менен анын мураскору Орусия “Көз карандысыз мамлекеттер шериктештиги” уюму астында региондо өзүнүн таасирин сактап калды. Буга кошумча, ар бир колонизатор мамлекет өз колонияларын аскердик, экономикалык ар кандай уюмдар менен чырмап алган. Анан кантип биз “эгемендүүбүз” деп ооз толтуруп айта алабыз?

Маселен, Кыргызстанды Орусия өз таасири астында кармап, регионду өзүнүн сырьёлук базасы жана товарлар базары катары, калкты болсо арзан жумушчу күчү катары колдонуу үчүн бир катар рычагдарын сактап калган. Алардын негизгилери миллиондой кыргыз жаранынын Орусияда эмгектенүүсү, кыргыз-өзбек, кыргыз-тажик чек араларындагы такталбаган аймактар, түндүк-түштүк жана улут аралык маселелер болуп эсептелет. Орусия өлкөнү колунан чыгарып баратканын сезсе, мына ушул “козырь карталарды” ишке салат. Буга кошумча, Кыргызстан аскерий жактан толук бойдон Орусияга көз каранды. 2014-жылы ЕАЭБ уюмуна мажбурлоо менен кошуп алып, интеграция шылтоосу менен кожоюндук мамилесин күчөтүп барууда. Саясий жактан болсо кыйыр же түз түрдө Акаевден баштап акыркысына чейинки президенттердин келиши жана кетиши Орусия тарабынан чечилген.

Мына ушундай өкүмзордуктар Кыргызстандын саясий чөйрөсүндөгү алсыздык себептүү жүз берүүдө. Өлкөнүн саясий чөйрөсү көз карандылык аң-сезиминен кутула албай келет. Алар бийликте калуу же ага жетүү Орусиянын ыраазылыгы менен гана болот деп эсептейт.

Жыйынтыктап айтканда, Кыргызстандагы жетекчи топ Орусиясыз эгемендүү саясат жүргүзүүнү элестете да албай калды. А түгүл, бул тууралуу ойлонуудан да коркот. Орусиянын таасиринен чыгууга үндөгөн саясатчылар болсо, АКШ, Кытай же Европага күнкор болууну гана каалашат. Бул ири мамлекеттер болсо өлкөбүздү өз олжолоруна айлантуу үчүн ар түрдүү колонизаторлук ыкмаларын ишке салып келет. Эми, биздин мындай кордуктан чыгуубуздун жападан жалгыз жолу Ислам динибизди бекем карманып, аны мабда катары көтөрүп чыгуубузда жатат. Эгер өз Исламыбызды жакшы билсек, колонизатор кафирлерди үстөм кылуу, аларга ишенүү, алардын жетегинде бири-бирибизге каршы күрөшүү, улутчулдук, мекенчилдик ооруларынан айыкмакпыз. Ошондуктан, мусулман калкыбыз өз диндерин жакшылап үйрөнүшү жана бул билимдери негизинде – бардык мусулмандарды бир тууган кыла турган, колонизатор кафирлерди болсо кууп чыгара турган – Исламий мамлекетти тикелөө жолунда пикирий-саясий күрөш алып барышы важиб. Бул үчүн коомдук пикир аркылуу таасир өткөрүү менен саясий чөйрөнү оңдоо же Исламий аң сезим менен тарбияланган жаңы саясий чөйрөнү түптөө талап кылынат.

Мумтаз Маверанахрий

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here