بِسْمِ اللَّهِ الرَّحْمَنِ الرَّحِيمِ
Масолих мурсала
Масолих “المصالح” лугатта, “مصلحة”(маслаха – пайдалуу иш) сөзүнүн көптүк түрү. Мурсала “المرسلة” болсо, бош коюп жиберилген, байланган жеринен үзүлгөн деген маанини түшүндүрөт.
Кээ бир мужтахиддер: Шарият бардык жакшылыктарды жүзөгө чыгарууну, бузук иштерди жоготууну талап кылып келген т.а. жакшылык болсо шарият анын ишке ашуусун, бузукулук болсо, жок болушун максат кылат. Шаръий негизги максаттар беш зарыл рукндардан турат, алар төмөнкүлөр – динди сактоо, нафсти (жанды) сактоо, акылды сактоо, наслди сактоо жана мал-дүйнөнү сактоо болуп, жакшылыктарды хос далилдер менен фарз-важиб, сүннөт кылып ишке ашуусуна о.э. бузукулуктарды макрух же арам кылып, андай иштер коомдон тазаланышына далил келтирген. Айрым пайдалуу иштерди жүзөгө чыгаруу же айрым бузук амалдарды токтотуу керек, себеби, алар шарияттын жогорудагы беш максатын ишке ашырууга кызмат кылат. А бирок, аларга шаръий нусустарда хос далил келген эмес. Бирок, мужтахид умумий далилдер негизинде аларды акыл аркылуу түшүнүшү мүмкүн. Хос далил келбеген ушул сыяктуу пайдалуу иштерди “масолих мурсала” деп аташат.
Масолих мурсалага (бош коюп жиберилген пайдалуу ишке) төмөнкүдөй аныктама беришкен: Ал этибар берилүүгө (важиб, суннат) же бекер кылынууга (арам, макрух) бирер хос далил (т.а. аят же хадис) аркылуу күбөлүк берилбеген маслаха (пайда). Бул маслаханы алууда – ал нусуста келбегени себептүү – кыйынчылыкты жоготуу максатында гана алынышы шарт кылынат.
Алар бир киши бирөөгө мал берген болсо, кийин аны далилдөөгө алсыздык кылса, Расулуллах(с.а.в)дын төмөнкү сөздөрүнө ылайык, дооланып жаткан кишиден (т.а. малды алганын танып жаткан кишиден) касам ичүүнү талап кылууну буга мисал кылып келтиришет:
«الْبَيِّنَةُ عَلَى مَنِ الدَّعَى وَالْيَمِينُ عَلِى مَنْ أَنْكَرَ»
«Доогер хужжат келтирсин, четке кагуучу касам ичсин» (Термизий Ибн Аббастан хасан сахих деди. Бул хадиске Расулуллах(с.а.в)дын ахли илим болгон сахабалары жана башкалар амал кылышты. Бухарий жана Ибн Мажа болсо, хадисти «إِنَّ الْبَيِّنَةَ عَلَى مَنِ الدَّعَى وَالْيَمِينُ عَلِى مَنْ أَنْكَرَ» муаллак(ровийлерин толук келтирбестен) риваят кылышты). А бирок, алар “алганын четке кагуучу киши менен доогер ортосунда алака болгон учурда гана алганын четке кагуучу кагуучу киши касам ичиши важиб” деп айтышат. Алардын мындай деп айтышынан, наадан-арамза кимселер адал-таза кишилерди жалган доо-арыз менен казыга тарта бербесин деген максат көздөлгөн.
Масолих мурсаланын аныктамасынан, анын далил эместиги ачык көрүнүп турат. Нусуска тескери көрүнүштө, ага амал кылуу болсо, батыл иш болуп эсептелет. Мындай кылууга болбойт. Бул пикирибизге төмөнкүлөр далил:
- وَمَا اخْتَلَفْتُمْ فِيهِ مِنْ شَيْءٍ فَحُكْمُهُ إِلَى اللَّهِ
– “Силер келише албаган ар бир нерсенин өкүмү Аллахка (кайтарылат”).[42:10]
فَإِنْ تَنَازَعْتُمْ فِي شَيْءٍ فَرُدُّوهُ إِلَى اللَّهِ وَالرَّسُولِ
– “Эгер кандайдыр бир нерсе жөнүндө талашып калсаңар ал нерсени Аллахка жана пайгамбарына кайтаргыла!” .[4:59]
الْيَوْمَ أَكْمَلْتُ لَكُمْ دِينَكُمْ وَأَتْمَمْتُ عَلَيْكُمْ نِعْمَتِي
– “Бүгүн силерге диниңерди толук кылдым, ниъматымды кемчиликсиз, толук кылып бердим”.[5:3]
أَيَحْسَبُ الْإِنسَانُ أَنْ يُتْرَكَ سُدًى
– “Инсан өзүнүн бекер таштап коюлушун ойлойбу (үмүт кылабы)”.[75:36]
Шариятта ар бир нерсе баяндалган. Ушундай болгон соң, анан кантип “шариятта этибар берилбеген же бекер таштап коюлган нерселер да бар” деп айтууга болот.
- Маслаханы (пайданы) белгилеп берүүчү нерсе шарият. Демек, бир нерсени акыл менен пайдалуу, солих амал деп билүү (т.а. масолих мурсала өкүмү) шарият белгилеп бербеген пайда үстүнө курулган өкүм болот. Ошондуктан, ал хужжат эмес.
- Өкүмдү шарият белгилебеген пайда үстүнө куруу акылды гана өкүм чыгаруучу кылып алуу дегени. Бул болсо, мүмкүн эмес.
Дагы бир айта кетүүчү нерсе, мужтахиддер тарабынан кабыл алынган, жогоруда айтылган далилдерден иштелип чыккан өкүмдөр да шаръий өкүм деп этибар кылынат. Себеби, алар катъий болбосо да, далилге(“شبهة الدليل” шибхи далилге) негизделген.
Туркистон