Текебаев: Элге алып чыкпаган маселелер болот

414
0

Текебаев: Элге алып чыкпаган маселелер болот

9-декабрь күнү “Жогорку Кеңеш”те конституцияны өзгөртүү боюнча референдум маселеси кабыл алынгандан кийин сөзгө чыккан Өмүрбек Текебаев: “Мына алдымда Зулпукаров отурат, 2014-жылы совет безопаностиге катышканбыз. Ошондо жашыруун опростун жыйынтыгы бизге берилген, мен ошондо айткам. Түндүктө өзгөчө, түштүккө караганда түндүктө кээ бир региондо 10-15, кээ бир жеринде 20 процент шарияттык башкарууну киргизиш керек деп добуш берген. Эгерде эл каалайт, коёбуз десек эмне үчүн шарияттык башкарууну койбойбуз? Ушундай эле элди сыйлайт экенсиңер. Мына мен секретный данныйларды жарыялап отурам. Элге алып чыкпаган маселелер болот. Ушудай ситуациялар болот, кээ бир маселелерди лучше кабинеттерде чечип, ийлеп, бир пикирге келип, анан ошону бекиткени элге алып чыгыш керек”, – деди.

Комментарий: Текебаев Садыр Жапаровдун “мени эл колдоп, эл сүрөп жатат, же президенттик башкаруу элдин талабы” деген сөздөр менен бир катар мыйзамдарды бузуп жатканын сындамакчы болуп жатып, мамлекеттик башкаруудагы бир катар саясий жалган, алдамчылык жана арам иштерди ачып таштады.

Бирок, Текебаев айткан нерсе тарыхта эле эмес, бүгүнкү күндө да уланууда. Башкача айтканда, андай иштер демократиялык принциптерден келип чыккан жазылбаган мыйзамдар катары бүгүнкү күндө да болуп жатат! Алар элдин (үммөттүн) саясий Исламды жашоого алып келүү каалоосун жана исламий баалуулуктарга умтулуусун жашырууга аракет кылышат. Бул тема катуу көзөмөлдөнүп, акыркы он жылдыкта дүйнөлүк маалымат каражаттарына бул темага байланыштуу акыйкаттарды ачыктоого, ал тургай алар жөнүндө материал даярдоого да жашыруун чектөөлөр коюлган.

Негизи демократиянын (элдик бийликтин) өзү да бийлик элдин колунда болушуна каршы. Себеби, бул теориялык түшүнүк болуп, жашоодо андай болушу мүмкүн эмес. Т.а. эл өзүн-өзү башкарышы, бири-бири менен мамиле кылуу үчүн элдин өзү мыйзам иштеп чыгышы мүмкүн эмес!

Кыргызстандагы саясий чөйрөнүн жетекчиси, конституция иштеп чыгуу жөндөмүнө ээ болгон күчтүү саясатчы Текебаев да муну моюнга алып: “Эгерде эл каалайт, коёбуз десек эмне үчүн шарияттык башкарууну койбойбуз?” – деди.

Кыргызстан калкы ар кандай демократиялык жалгандардан чарчады. Кыргызстан мусулмандары болсо, Исламга жана мусулмандарга карата болуп жаткан бардык зулумдарды жүрөгү менен сезип, ар кандай куфр башкаруусун четке кагууга жакындап барууда. Дүйнөдөгү бардык куфр түзүмдөрү жана мамлекет башчылары исламдашуу жараяндарынын алдын алууга алсыз экендиктерин түшүнүп жетишти. Дүйнө жүзүндөгү, анын ичинде Кыргызстандагы коопсуздук кеңеши да, Ислам жана мусулмандардын ийгиликтерин, мусулмандар коомдорго Ислам хазаратынан келип чыккан жашоо таризин алып кирип бара жатканын мүмкүн болушунча жашырууга аракеттенип жатышат.

Дүйнөлүк маалымат каражаттары алардын (эл аралык саясаттын) таасири астында болгондуктан, Ислам жана мусулмандарга карата болуп жаткан зулумдар ачыкталбайт. Же болбосо, окуяларды өздөрүнүн кызыкчылыгын көздөй бурмалап, Текебаев айткандай, шарттар, окуялар кабинеттерде алардын кызыкчылыгына туура келе турган көрүнүштө даярдалгандан кийин гана маалымат каражаттарына чыгарылат. Дүйнө жүзүндө абал ушундай!

 Дүйнөлүк маалымат каражаттары мабдаъий Исламды моюнга албагандай түр көрсөтүшөт. Ислам жана мусулмандарга  болуп жаткан зулумдар дээрлик ачыкталбайт. Бирок, эл аралык саясат мабдаъий Исламдан катуу тынчсызданганы себептүү, коомчулукка тездик менен жайылып жаткан исламий баалуулуктардын алдын алуу боюнча тынымсыз баш катырууда. Франциядагы сыяктуу бир катар жетекчи мамлекеттер Ислам жана мусулмандарга каршы болгон мүмкүнчүлүгүн ишке салып жатышат. Т.а. алар Ислам хазараты жана мусулмандардын жашоо таризи куфр коомуна күчтүү таасир көрсөтүшүнүн алдын алууга аракет кылышууда. Алар муну моюнга алуудан качып, мусулмандарды провокация кылуу, мусулмандардын атынан теракттарды уюштуруу сыяктуу иштер менен Ислам жана мусулмандарды жаманатты кылууга аракет кылышууда.

 Текебаев өзүнүн катышуусунда, балким анын башчылыгында уюштурулган Ислам жана мусулмандарга каршы аракеттердин бир учун чыгарды. Бирок, коомдо исламий жашоону каалаган адамдар күн өткөн сайын көбөйүп жатат. Мусулмандарды Исламдан кайтаруу максатында мурункудай жасалма тактикалар иштелип чыгууда. Бирок, иштелип чыккан стратегия жана тактикалар артынан миңдеген бейкүнөө мусулмандар камалып, өлүп кетип жатканы жөнүндө айтпады! Ушул ыплас стратегиянын кесепетинен канчалаган аялдар түрмөлөргө камалышты, айрымдары дагы деле камакта!

 Саясатчылардын демократиянын жалган акыйдасын коргоо үчүн же өз креслосу үчүн Батышты ыраазы кылуу максатында кылынган иштери тарыхта кара тамгалар менен жазылып калат. Акыретте жан чыдагыс азап бар болуп – бул дүйнөдө тообо кылышпаса – залимдер үчүн өкүнүч болору анык.

 Абдураззак Муъмин.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here