Бүгүн мусулмандар – мамлекети жок Уммат!

252
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Бүгүн мусулмандар мамлекети жок Уммат!

 Устаз Ясир Абу Валид

Мабда-түзүмгө ээ ар бир умматтын ал иътикад кылган мыйзамдарга ылайык иштерин башкара турган о.э. ушул мабданы бүткүл дүйнөгө рисала катары алып чыга турган өз мамлекети болушу керек. Ушул себептен улам, Ислам рисаласы – мабданы мамлекет аркылуу Умматка колдонгон теңдешсиз үлгүлүү рисала болгон. Бул мамлекет мусулман-кайрымусулман жарандарына Ислам өкүмдөрүн колдонуп болжол менен он үч кылым турду. Адамдар Аллах Тааланын өкүмдөрүнүн туура колдонулушун өз башынан өткөрүштү. Мамлекет жараны коопсуздук, күч-кубат, урмат, адилет, экономикалык жана хазарий өнүгүү ниъматына жетишти.

Расулуллах ﷺдын жана андан кийин Умматтын жаркыраган позициясы тарых барактарында жазылды. Ушул позицияда өз дини жана мамлекети менен күчтүү болгон мусулмандын абалы көрүндү. Мына, жетекчибиз Мухаммад ﷺ падышаларга каттаржы жөнөтүп, аларды Исламга даъват кылды, тозок азабынан коркутту. Ошондо Ислам мамлекети жети жаштан ашпаган т.а. жаңы тикеленген мамлекет эле.

Аббасий халифа Муътасим Биллахтын позициясына карагыла, андан мусулмандар мамлекеттин көлөкөсүндө күчтүү жана урмат-сыйда болушканына күбө болосуң. Муътасим Биллахка бир аялдын «Эй Муътасим» деп жардам сурап жатканынын кабары келгенде Умурия акимине кат жолдоп мындай деген: «Момундар амиринен румдуктардын итине кат: бул аялды камактан чыгар, антпесең, мен сага ушундай кошуун тартып барамын, анын башы сенин алдыңда, аягы менин алдымда болот». Византия акими анын айтканын кабыл албастан, Муътасим Биллахка опузалаган кат жиберди. Муътасим анын катын окуган соң, минтип жооп жазды: «Бисмиллахир Рохманир Рохим. Амма баъд, мен катыңды окудум жана айтканыңды уктум, демек, мунун жообун укпайсың, өз көзүң менен көрөсүң».

﴿وَسَيَعْلَمُ الْكُفَّارُ لِمَنْ عُقْبَى الدَّارِ﴾

«Жакында кафирлер Акырет жашоосу кимдики экенин билип алышат»                  [13:42]

Муътасим кошууну менен жолго чыгып, Умурияны курчоого алган. Ошондон бери Муътасимдин ушул позициясы ар кандай заманда аял киши жардам сурап, мусулмандардан нажат талап кылып айтыла турган кыссага айланды.

Султан Абдулхамид II Франция театры Расулуллах ﷺды акаараттаган сахна коёру жөнүндө кабар тапканда эмне кылды?! Ал Франция элчисин чакырып: «Мен мусулмандардын халифасы Абдулхамид, эгер бул сахнаны токтотпосоңор дүйнөнү башыңарга оодарамын», – деди. Герцль ушул халифадан яхудийлер үчүн Фалестин жеринен жай берүүнү сураганда халифа мындай жооп кылды: «Бул жердиен бир сөөмүн да сата албайм, себеби, бул жер менин жеке мүлкүм эмес, Усманий мамлекеттин мүлкү. Биз бул жерлерди каныбызды төгүп, күчүбүздү жумшап алганбыз жана каныбыз төгүлүп, күчүбүз калбаганга чейин аны эч кимге бербейбиз. Аллахка ант, денемби кескилесеңер да, Фалестиндин бир сөөм жерин да бербеймин».

Мусулман жетекчилеринин, Умматтын эр жүрөк кишилеринин бул жана башка өтө көп позицияларынан мусулман киши өз түзүмүнө жана мамлекетине канчалык бекем байланганы ачык-айкын көрүнүп турат.

Хижраттын 1342-жылы 28-ражабында мусулмандардын соңку чеби болгон Усманий Халифалык кылмышкер Мустафа Кемалдын колу менен бекер кылынышынан мурда Батыш Умматка каршы пикирий күрөш баштаган. Батыш мамлекет жана башкаруу жөнүндөгү түшүнүктөргө сокку берүү аркылуу пикирий күрөш алып барып, өзүнүн пикирлери менен Умматтын бир денесин бөлүп салды жана ушул аркылуу анын мамлекетин жана салтанатын жок кылууга шарт даярдады. Чынында эле ошондой болду, Уммат мамлекетин жоготту.

Анын артынан мекенчилдик, улутчулдук жана текчилдик пикирлерине чөйрө даярдоо үчүн географиялык бөлүнүү жүз берди. Батыш мамлекеттери Умматтын башына аким катары өзүнүн малайларын орнотту. Алар сионизмге жана империализмге каршы «жалындуу сөздөрү» менен адамдарды алдашты. Умматтын зээнинен туура исламий түшүнүктөрдү сууруп алуу аракети уланды. Дин мечиттерге, медреселерге, окуу жайларга чектелди. Минбарлардан уу пикирлер таратыла баштады. Кийин өтө кооптуу пикир – диндин саясат жана башкарууга алакасы жок, Уммат ибадаттар менен чектелиши керек деген пикир үгүттөлдү. Режимдер Куръанды жаттоо жана шарият сабактарын үйрөнүү, мечиттерди куруу жана Куръан хафиздеринин конференцияларын өткөрүү сыяктуу иштерди колдошту. Алар алга сүргөн жалпы үгүттөр даарат, нике, талак сыяктуу социалдык мамилелерге жана исламий ырасымдарга тиешелүү өкүмдөрдөн ары өтпөдү. Кайсы улама мына ушул белгиленген таалим көрсөтмөсүнөн чыкса, камалды же өлтүрүлдү, же сүргүн кылынды.

Уммат режимдердин жана диний жетекчилердин колунда кишенделип калды. Режимдер адаштыруучу түшүнүктөрдү таратуу жана келечек муунду бузуку программалар менен тарбиялоо аркылуу Умматты сабатсыз кылуу саясатын тынымсыз алып барышты. Мусулмандарды бириктирүүчү диний алакаларга сокку берилип, алардын ордуна улутчулдук жана мекенчилдик, ал тургай, уруучулук алакаларын алып келүү үстүндө иш алып барылды.

Бирок, Ислам жүрөктөрдө терең тамыр жайган. Мусулмандарга каршы ушунча кылмыштарга карабастан, Уммат кайра бутка туруп, жанданууга аракет кылды. Режимдер болсо Умматка каршы чыгып, анын аракетин өз пайдасына багыттап алышты. Аллах Тааланын уруксаты менен козголоңдор башталып, колдогу чок жалындады, Уммат кайрадан козголду. Умматын өз бийлигин кайра колго алууга ынтызарлык менен аракет кылып жатканын көрүп кубандык. Уммат рохинжа мусулмандары маселесине канчалык жан күйдүрүп жатканына, режимдерге каршы эр жүрөк позицияда турганына бүткүл дүйнө күбө болду. О.э. Уммат Расулуллах ﷺды акаараттаган карикатураларга каршы демонстрацияларга чыкты, залим режимдерге каршы бири-бирине тилектештик билдирип көтөрүлгөнүнө баарыбыз күбө болдук. Бул жолдо Уммат курмандыктарды берди, канын жана малын жумшады. Мусулмандар тартып алынган эркин кайтарып алуу үчүн кескин кадамдарды шилтеди. Ислам Умматы өзүнүн биримдигин көрсөтүп, бүткүл дүйнөгө сабак берди. Уммат өз маселесин чечүүдө биримдигин, жалган алакаларды үзүп таштаганын дүйнөгө көрсөттү. Уммат өз иш-аракети менен Аллах ал үчүн тандаган диний алаканы (байланышты) көрсөттү.

Аллах Субханаху ва Таала бул Умматка үлкөн бир жакшылыкты ыраа көрдү. Себеби, мусулман өлкөлөрүн башкарып жаткан режимдердин малайлыгы ачыкталды. Негизи, бул режимдер Умматтын проблемалары каршысында акыйкатты укпай турган дүлөйлөргө, түшүнбөй турган акылсыздарга жана акыйкат жолун көрбөй турган сокурларга айланганы ачык маалым болду.

Акимдер Аллах Таалага жана Умматка каршы чыгышты. Т.а. алар мурун жашырып келишкен баскынчы яхудийлер менен мамилелерди нормалдаштырууну эми ачык ачык-ашкере кылуу позициясына өтүштү. Өз адатына ылайык, сарай уламалары бул кылмыштарды актоого киришишти. Алар бул аракеттери менен Умматка «сен өз эркиңе ээ эмессиң, кадыр-кыйматың да жок» дешти.

Бирок, алардын үмүттөрү жана аракеттери текке кетти. Себеби, Умматты Аллахтын Китеби жана Расулунун сүннөтү тарбиялаган, ушул Китеп-шарият дагы эле Умматтын колунда, эгер ал туура жолдон жүрсө, Аллахтын Китеби жана Расулунун сүннөтү аны кайра дагы бийиктерге көтөрөт.

Абу Хурайра розияллаху анху Набий ﷺдын мындай дегенин риваят кылат:

«مَنْ خَافَ أَدْلَجَ، وَمَنْ أَدْلَجَ بَلَغَ الْمَنْزِلَ، أَلَا إِنَّ سِلْعَةَ اللَّهِ غَالِيَةٌ، أَلَا إِنَّ سِلْعَةَ اللَّهِ الْجَنَّةُ»

«Ким корксо кайраттуу менен басат, ким кайраттуу басса, дарегине жетет. Билип койгула, Аллахтын малы кымбат, билип койгула, Аллахтын малы бейиш». (Тирмизий риваяты).

Ооба, Аллахтын малы кымбат, демек, ага жетүүнү каалаган кишилер жеңдерип түрүп, Аллах Табарока ва Таалага итаат кылууда олуттуу аракет кылышсын. Пайгамбарлык минхажы негизиндеги Халифалык мамлекети көлөкөсүндө Аллахтын уруксаты менен эркке жана жардамга жетүү үчүн суздашышпасын жана алсырабасын. Ушул артында туруп согуш кылына турган жана аны менен коргонула турган калкан астында Ислам Умматы мамлекет катары көөдөлөнүп, өзүнүн улуулугун коргойт, намысын сактайт, Роббисинин шариятын колдонот. Бул Аллахка кыйын эмес.

 

Роя гезити

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here