Ислам Умматы жамгыр сыяктуу

240
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Ислам Умматы жамгыр сыяктуу

Анас ибн Малик розияллаху анху Набий ﷺдын мындай дегенин риваят кылат:

«مَثَلُ أُمَّتِي مَثَلُ الْمَطَرِ لَا يُدْرَى أَوَّلُهُ خَيْرٌ أَمْ آخِرُهُ»

«Менин Умматым жамгыр сыяктуу, анын башталышы жакшыбы, аягыбы билип болбойт».

Аллах Таала акыр заманга чейин Ислам Умматынан жакшылык кетпей турган кылды. Ошондуктан, ал – хак байрагын көтөрүп, ширк жана куфр караңгылыгына чабуул кылып, өз нуру менен ушул караңгылыкты жарык кыла турган жана адашкандардын планын кыйрата турган эң жакшы, хидаятка баштоочу жана таква Уммат.

Колонизатор кафир Батыш Умматтагы ушул жакшылыкты жок кылууга катуу аракет баштады. Батыш Ислам Умматынын мамлекетин кулатуу менен чектелбестен, мусулман перзенттеринин зээнинен Ислам пикирлерин өчүрүү үчүн иштеди. Батыштын аскерий баскынчылыгы ушул максатты ишке ашырууга о.э. Умматты жакшылык жана күчтүүлүк булагынан айрып, бүтүндөй караңгылыкта кармап турууга багытталды.

Бирок, Ислам Умматы зулумга жана кордукка ыраазы болбой турган улуу тирүү уммат экенин, колонизаторлорду канчалык жек көрсө, аларга малай акимдерди жана саясий элиталарды ошончолук жаман көрүшүн Батыш күчтөрү билишкен жок же билмексен болушту. Бул Уммат күчтүү толкун астында бир аз ийилсе да, бирок, тез арада кайра бутка туруп, анын шерти жана ыйманы ар кандай күчтүү толкунду жарып өтөт. Чынында эле ушундай болду. Уммат ойгонуп, аң-сезим менен куралданды жана ушул аркылуу өз акыйдасынан өсүп чыккан реалдуу максаттарды түшүнүп жетти. Ал максатардын негизгилери: Исламды кайра бийликке алып келүү, малай акимдерден кулатуу, демократия, мекенчилдик жана улутчулдук сыяктуу куфр ураандарынан арылуу.

Уммат Робби аны жакшы деген баасына ылайык боло баштады:

﴿كُنتُمْ خَيْرَ أُمَّةٍ أُخْرِجَتْ لِلنَّاسِ تَأْمُرُونَ بِالْمَعْرُوفِ وَتَنْهَوْنَ عَنِ الْمُنكَرِ وَتُؤْمِنُونَ بِاللَّهِ﴾

«Силер адамдар үчүн чыгарылган эң жакшы уммат болдуңар. Анткени, силер маъруфка буюрасыңар, мункардан кайтарасыңар жана Аллахка ыйман келтиресиңер»              [3:110]

Умматтагы ушул жакшылыктын себеби маъруфка буйруп, мункардан кайтарууга барып такалууда. Эй Ислам Умматы, силер маъруфка буйруп, мункардан кайтаруу менен алектенип, Аллахка ыйман келтиргениңер үчүн жакшы уммат болдуңар, жаңы умматка айландыңар.

Маъруфка буйруу жана мункардан кайтаруу фарзы абдан улуу, себеби, жогорудагы аятта ал ыймандан мурун келүүдө!

Бул ушундай бир улуу фарз, Уммат аны текке кетиргенде, өзү да текке кетет, салмагы жок, таасирсиз умматка айланат.

Бул фарз унутта калган эле. Бирок, Аллахтын берешендиги жана даанышмандыгы менен, мына, Ислам Умматы өзүнүн табигый ордуна – умматтарга жетекчилик кылуу ордуна кайра кайтуу үчүн бутка туруп, жаңыдан күрөш баштады. Түпкүлүгүндө, Ислам Умматы умматтардын алдыңкы сабында жетекчи болушу керек, артка сүрүлбөшү, душмандарынын айла-амалына кабылып, Умматтын мамлекетин кулатуусуна жол бербеши керек. Уммат бул улуу фарзды таштагандыгы о.э. Роббиси Азза ва Жалланын шариятынан чыгып караңгылыкта калгандыгы үчүн мамлекети кулады. Аллах Азза ва Жалла мындай дейт:

﴿وَمَا كَانَ رَبُّكَ لِيُهْلِكَ الْقُرَى بِظُلْمٍ وَأَهْلُهَا مُصْلِحُونَ﴾

«Роббиң ал шаарлардын калкы өздөрүн оңдошкондо зулумдук менен жок кылбас элек»                                                                                                                                   [11:117]

Аяттагы «مصلحون» сөзү оңдоо менен оңдолуучу дегенди түшүндүрөт. Т.а. ушул Умматтагы жакшылык – бул Уммат оңдоо аркылуу оңдолуусу. Бул болсо, Аллахтын шариятын колдонуу жана маъруфка буйруп, мункардан кайтаруу менен болот.

Кудуретүү улуу Аллах айтат:

﴿وَلْتَكُن مِّنكُمْ أُمَّةٌ يَدْعُونَ إِلَى الْخَيْرِ وَيَأْمُرُونَ بِالْمَعْرُوفِ وَيَنْهَوْنَ عَنِ الْمُنكَرِ وَأُوْلَـئِكَ هُمُ الْمُفْلِحُونَ﴾

«Араңарда жакшылыкка даъват кылган, маъруфка буйруп, мункардан кайтарган бир жамаат болсун, дал ошолор ийгилик табуучулар»                                                      [3:104]

Карагыла, Умматыбыз ушул нажат жолуна – маъруфка буйруу жана мункардан кайтаруу жолуна кайтууда, залимдин жүзүнө карап «залим» деп айтууда, тогуттардын зулумун, кылмыштарын ачыктоодо.

Ошондуктан, биз Роббибизге жана Умматыбызга болгон ишенимибизди жаңылайлы, караңгылыктан кийин жарыктык келери жөнүндөгү башараттарды байкайлы. Караңгылык канчалык караңгы болбосун, таң атышы анык. Жарык күн шексиз келип, дүйнөнү өз нуруна бөлөп, жер жүзүн Аллах Табарока ва Тааланын нуру менен жарык кылат. Биз умматтарды жетектеген макамыбызды кайра колго алалы, бүткүл адамзатты Ислам өкүмдөрү менен башкаралы, аларды куфр зулумунан жана караңгылыгынан Ислам адилетине жана нуруна алып чыгалы. Маъруфка буйруп, мункардан кайтарып, ааламдар Роббиси Аллахка ыйман келтирүү менен кайрадан адамдар үчүн чыгарылган эң жакшы Уммат бололу.

 

Роя гезити

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here