Жапаров ШКУ саммитинде темир жол куруу маселесин көтөрдү

213
0

Жапаров ШКУ саммитинде темир жол куруу маселесин көтөрдү

Кыргызстандын президентинин милдетин аткаруучу, өкмөт башчы Садыр Жапаров Шанхай Кызматташтык Уюмунун 10-ноябрда өткөн кезектеги саммитинде Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу долбоору боюнча маселени көтөрдү.

Анын айтымында, пандемия аймактык масштабда транспорттук-логистикалык инфратүзүмдү өнүктүрүүнүн маанилүү экенин көрсөттү. Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушу келечекте аймакты Жакынкы Чыгыш жана Европа мамлекеттери менен байланыштырып, өз ара сооданын өсүшүнө шарт түзөт.

Эске салсак, 2002-жылы Бээжин долбоордун техникалык-экономикалык негиздемесин тактап, багытын аныктаган. Ал негиздеме боюнча темир жол Торугарт аркылуу Арпа жайлоосуна түшүп, Өзгөн районунан Кара-Сууга барып, андан ары Өзбекстанга өтмөк. Каттамдын узундугу 268 чакырым деп эсептелген. Ага 6-6,5 млрд. доллар каражат кетери болжолдонгон. Бирок бул долбоор стратегиялык жактан Орусиянын кызыкчылыгына каршы келгендиктен, улам артка сүрүлүп келген.

Бүгүнкү күнгө келип, Орусия бул долбоорду ишке ашырууга аргасыз макул болуп турат. Анткени, долбоорду ишке ашыруу алкагында казылган кен байлыктарды колго алууга жана долбоор ишке киргенден кийин түшө турган пайдага жетүүгө мүмкүнчүлүк жаралды. Мындай келишим Орусия президенти Путиндин Кыргызстанга болгон расмий визитинин алкагында түзүлгөн. Ага ылайык, долбоорду орус компаниясы “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасы менен бирге түзө турган болгон. Демек, Орусия Кытайдын “Бир алкак – бир жол” стратегиялык долбооруна кошулуу менен эл аралык абалда өнөктөшүнүн кызыкчылыгына ээрчүүдө. Ошондой эле Борбор Азия кендерин ташып кетүүдө Кытайдын экономикалык кубатынан пайдаланып калмакчы. Ал эми Кытайдын дымагы Орусияныкынан да күчтүү болуп, стратегиялык долбоорун ишке ашырууда Борбор Азия өлкөлөрүн өз кызыкчылыгында пайдаланып, экономикалык жактан кишенге салып барууда.

Түпкүлүгүндө, темир жол Орто Азия мамлекеттери үчүн пайдалуу. Себеби, темир жолу дүйнөдө деңиз аркылуу жүк ташуудан кийинки орунда турган, стратегиялык жактан өтө маанилүү жана өздүк баасы арзан багыт болуп эсептелет. А бирок, жогорудан да маалым болгондой, куфр түзүмү биздин өлкөлөргө колонизаторлук көзү менен карайт. Ошондуктан, Кытайдын Борбор Азиядагы экономикалык, саясий а түгүл, темир жолдун курулушу артынан аскерий таасири артышына жол ачып берүүдөн этият болушубуз керек. Борбор Азия мусулмандары мушрик Кытай бийлиги Чыгыш Түркистанды кандай жол менен басып алганын жана учурда алар кандай зулумдук чегип жатканын эстен чыгарбашыбыз керек. Андыктан, бийлик төбөлдөрүнүн ар бир аракетине дыкат көз салып, аларды саткындык иш-аракеттерден токтотуп калуу шарт. Өзгөчө бийликтин бүгүнкүдөй алсыз абалында колонизаторлордун таасири артышына жол бербешибиз керек!

Мумтаз Маверанахрий

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here