Даъватты көтөрүп чыккан бурадарыбыз Жихад Абдулкадим Заллумдун көз жумганы тууралуу кабар

291
0

Басма сөз баянаты

 Даъватты көтөрүп чыккан бурадарыбыз Жихад Абдулкадим Заллумдун көз жумганы тууралуу кабар

﴿مِّنَ الْمُؤْمِنِينَ رِجَالٌ صَدَقُوا مَا عَاهَدُوا اللَّهَ عَلَيْهِ فَمِنْهُم مَّن قَضَى نَحْبَهُ وَمِنْهُم مَّن يَنتَظِرُ وَمَا بَدَّلُوا تَبْدِيلاً﴾

«Момундар арасында Аллахка берген убадасында бекем турган кишилер бар, алардын айрымдары өз убадасына турушту, айрымдары болсо ынтызар, алар (убадаларын) өзгөртүшкөн жок»

Хизб-ут-Тахрир–Иордания вилаяты бүткүл Ислам Умматына Хизб-ут-Тахрир мүчөлөрүнүн бири Жихад Абдулкадим Заллумдун көз жумганын терең кайгыруу менен маалымдайт. Мурунку амирибиз, маркум шайхыбыз Абдулкадим Заллумдун уулу Жихад Абу Амин хижрий 1442-жылы 14-рабиулаввал, миладий 2020-жылы 31-октябрь күнү Амман шаарында дүйнө салды.

Маркум Жихад Абу Амин даъватты калыс көтөрүп чыккан, бүт өмүрүн даъватка багыштаган жакшы ата-бабалардын жакшы уулу эле. Биз ушундай деп эсептейбиз, бирок эч кимди Аллах алдында күнөөдөн таза деп көрсөтпөйбүз.

Биз ар нерседен улуу, ар нерсеге кудуреттүү Аллахтан Жихад Абу Аминди Өзүнүн чексиз рахматына алышын, барар жайын кең кылып, Фирдаус Аъла жаннатында анбиялар, сыддыктар, шахиддер жана салихтер менен бирге кылышын сурайбыз. Аларга шерик болуу кандай гана улуу бакыт. Аллахтан маркумдун үй-бүлөсүнө көңүл айтып, сабыр тилейбиз.

﴿إِنَّا للهِ وَإِنَّا إِلَيْهِ رَاجِعُونَ﴾

«Албетте, биз Аллахтын пенделерибиз жана албетте биз Ага кайтуучубуз»         [2:156]

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here