“Сөз эркиндиги” атамасы эмнени түшүндүрөт?

223
0

“Сөз эркиндиги” атамасы эмнени түшүндүрөт?

Батыш өз хазаратын мусулмандарга тыгыштыруу учурунда ар түрдүү жылмакай сөздөрдөн пайдаланууга аракет кылат, мисалы “сөз эркиндиги” сыяктуу. Айрым мусулмандар “сөз эркиндиги” дегенде жалаң гана бийликти кеңири мухасаба кылуу (тергеп-тескөө), алар кылып жаткан иштер мыйзамсыз экендигин ачык айтуу, эч кандай кысымсыз саясатчыларды каралоо сыяктуу нерселерди гана түшүнүшөт. Айрыкча, бул түшүнүк бийлик каршысында өз пикирин айта албай турган, айткан күндө да пикири этибарга алынбай турган, бул да жетишпегендей кысым жана куугунтуктарга дуушар боло турган мусулмандар аң сезиминде “сөз эркиндиги” жөнүндө жакшы элестетүү пайда болот. Бул болсо, көпчүлүк мусулмандарда “сөз эркиндиги Исламга тескери эмес” деген түшүнүк пайда болушуна алып барууда.

Негизи, сөз эркиндиги жөнүндөгү мындай пикирлөө өтө эле тайыз пикирлөө болуп эсептелет. Эгер бир аз тереңирээк пикир жүргүзө турган болсо, Батыш сунуштап жаткан “сөз эркиндиги”  Исламга бүтүндөй тескери экендиги белгилүү болот. Себеби, сөз эркиндиги саясатчыларды сындоо менен эле чектелип калбайт. Тескерисинче, “сөз эркиндиги” куфр сөздөрүн ачык айтууну, Исламий акыйдага тескери келе турган ар кандай пикирге чакырууну, сүткордук жаназынакордукка үгүттөөнү о.э. телесериалдар аркылуу ар түрдүү бузукчулукту зыйнаттап көрсөтүүнү жана башка ушул сыяктуу нерселерди өз ичине алат.

Мындан тышкары, Исламда акимдерди мухасаба кылуу сөз эркиндигине кирбейт, тескерисинче, бул нерсе амри-маъруф жана нахий-мункар болуп, мусулмандардын милдети. Эгер сөз эркиндиги болгондо, каалаган адам акимдерди мухасаба кылып, каалабаган адам мухасаба кылбай коюшу мүмкүн болмок. Негизи Расулуллах A:

“مَنْ رَأَى مِنْكُمْ مُنْكَرًا فَلْيُغَيِّرْهُ بِيَدِهِ، فَإِنْ لَمْ يَسْتَطِعْ فَبِلِسَانِهِ، فَإِنْ لَمْ يَسْتَطِعْ فَبِقَلْبِهِ، وَذَلِكَ أَضْعَفُ الْإِيمَانِ”

“Кайсы бириңер бирер жаман ишти көрсө, аны колу менен өзгөртсүн. Буга күчү жетпесе, тили менен өзгөртсүн. Эгер буга да кудуреттүү болбосо, дили менен өзгөртсүн. Мунусу болсо ыймандын өтө алсыздыгы”, – деген. (Муслим риваяты).

Хадис умумий болуп акимдерди мухасаба кылууну да өз ичине алат.

Туура, мусулман кишинин ар кандай иште жана ар кандай маселеде өз пикирин билдириши мубах. Бирок, ал өз пикирин билдирип жатып Исламий акыйданын алкагынан чыкпашы шарт. Мисалы, “өз пикирин билдирүү мубах” деген негизде шаръий өкүмдөр караланышына жол берилбейт.

А бирок эстен чыгарбай турган нерсе, Батыш мусулмандарга тыгыштырып жаткан “сөз эркиндиги” алдоо жана айла-амалдан башка нерсе эмес. Батыш качан мусулмандарды акаарат кылса “сөз эркиндигин” бетке кармайт, ал эми өздөрүнө келгенде болсо “сөз эркиндигин” унутат. Мисалы, бүгүнкү күндө Пайгамбарыбыз Aдын карикатурасын сөз эркиндиги деп сайрап жатышат. Ал бирок, тарыхчы Дэвид Ирвинг яхудийлер өрттөлгөн нацистердин крематорийлерин четке каккандыгы жана холокост маселесине каршылык билдиргени үчүн үч жылдык камак жазасына өкүм кылынды. Француз философу Роже Гароди да сионисттердин сөздөрүн четке какканы үчүн камак жазасына өкүм кылынды, мында “сөз эркиндиги” эсепке алынбады.

Айта кетүүчү нерсе, БУУнун эл аралык укуктар кеңеши 2008-жылы атайын резолюция кабыл алган. Ал резолюциянын 19-беренеси “Ислам динин акаараттоого ашыкча эрк берип жиберүүнү тыюу” жөнүндөгү талаптарды четке кагуу үчүн чыгарылды. Бул берене ар кандай адамга диндерди эч кандай кысымсыз, эркин сындоо укугун берет. Бирок, ошол эле резолюциянын 20-беренесинде “дискриминация, душмандык, зулумга үгүттөөнү билдире турган улуттук, расалык жана диний кастыкка болгон ар кандай чакырыкка тыюу салынат”, деп айтылган.

Муну караңыз, качан Исламга чабуул кылуу, аны акаарат кылуу жана аброюна шек келтирүү жүз берсе, же Расулуллах A карикатура кылынса 19 –беренедеги сөз эркиндиги бетке кармалат. Ал эми Ислам өкүмдөрүн жашоого алып келүүгө даъват кылынса 20-берене боюнча башка диндерди акаарат кылуу деп табылып, дароо тыюу салынат. Мына ушундан көрүнүп тургандай, сөз эркиндиги сыяктуу жылмакай сөздөр жана эл аралык мыйзамдар колонизатор Батыш мамлекеттеринин кызыкчылыгына кызмат кылуу үчүн колдонулуучу бир курал болуп эсептелет. Ошондуктан, мусулмандар көздөрүн дагы да чоңураак ачып, мындай жалгандарды четке кагып, Исламдан башкасынан баш тартышы керек.

Киямуддин Шариф

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here