Венада адамдарды өлтүргөн жихадчы жалгыз аракеттенген
Венада 2-ноябрь күнү төрт кишини өлтүргөн жихадчы террордук аракетти өзү жалгыз ишке ашырган. Бул тууралуу Австриянын ички иштер министри Карл Нехаммер билдирди.
Нехаммер 3-ноябрь күнү полиция террордук уюмга байланышы бар деп шектелген дагы 14 адамды кармаганын билдирди. Расмийдин билдиришинче, алар Бангладеш, Түндүк Македония, Түркия жана Россиянын 18 ден 28 жашка чейинки жарандары.
Полиция 2-ноябрдагы террорго шектелип жаткан адамды атып өлтүргөн. Атып өлүтүрүлгөн адам теги түндүк македониялык Австрияда туулган Куйтим Фейзулла экендиги кабарланды.
Кабарда келишинче, Куйтим Фейзулла өткөн жылы апрелде “Ислам мамлекети” тобуна кошулуу үчүн Сирияга кеткени жатканда кармалып, 22 айга камалган.
“Илам мамлекети” тобу Венадагы кол салуу үчүн жоопкерчиликти мойнуна алган.
2-ноябрда Венадагы синагога, яхудий борбору жана эки ресторанга кол салуу болгон. Кол салуунун натыйжасында эки эркек жана эки аял каза болуп, 22 адам жабыркаган.
Сереп: Учурда Ислам жана мусулмандардын душманы яхудий же насроний диндеринин өкүлдөрү эмес! Жалпысынан азыр дүйнө жүзүндө диндер аралык кагышуу же согуштар жүрүп жаткан жери жок. Андай согуштар болушу мүмкүн эмес. Себеби, ал диндерде мабдаъ (башкаруу системасы) жок. Ал диндердин өкүлдөрү (учурдагы мусулмандар сыяктуу эле) капитализм системасынан келип чыккан демократия дүйнө карашынын таасири астында жашап келишет. Демек, биздин аларга каршы материалдык же аскерий аракеттенишибиз саясий ката болот.
Батыш дүйнөсү Европадагы өнүгүп бара жаткан исламий баалуулуктарга жана ал баалуулуктарды алып жүрүүчүлөр болгон мусулмандарга бир катар тоскоолдуктарды коюу жана миграцияны чектөө максатында, атайылап провокацияларды уюштуруп жатышат.
Демократия баалуулуктары боюнча, ал тургай мусулмандын да эркиндиги корголушу керек. Ошондуктан, Макрон мусулмандарды кылмышка тартуу максатында Пайгамбарыбыз саллоллоху алайхи вассаллам акаарат кылынышына ката позициядан аралашып, ачык провокацияны баштады. Анын максаты, мусулмандардын туйгуларын козгоп, жергиликтүү калктар, диндер жана баалуулуктар аралык кагышууга үндөө болчу.
Франция сыяктуу ири мамлекеттер ушундай абалдан пайдаланып, өз максаттары жолунда жикчилдикке жол ачып алмакчы болушат. Ошентип, мусулмандардын өз баалуулуктары менен жашашына чектөөлөрдү коюуга жетишет. (11-сентябрь окуясын шылтоолоп Ирак жана Афганистанды басып алышканы сыяктуу.)
Ушулардан келип чыгып мусулман боордошторубузга кайрылабыз: Эй боордоштор, провокацияга алдырып куфрдун ыплас максаттарына жол ачып берүүдөн этият бололу. Душманды туура аныктап, мамлекеттерди башкарып жаткан башкаруу системасына каршы пикирий жана саясий күрөштү күчөтөлү! Алар бизди башка дин өкүлдөрү менен кагыштырып, бизди диндер аралык кастык пайда кылуучулар кылып көрсөтмөкчү болушат.
Негизгиси, биз капиталисттик система тарабынан болуп жаткан зулумдарга өчөшүп, бизге, биздин исламий Халифалык башкаруу системабыздын адилеттүүлүгүнө муктаж болуп турган башка дин өкүлдөрүнө зулум кылып коюудан сактаналы.
Абдураззак Муъмин.