УКМК: Кыргызстанга берилген 1 млрд доллар аткаминерлердин чет өлкөдөгү банктарына түшкөн

221
0

УКМК: Кыргызстанга берилген 1 млрд доллар аткаминерлердин чет өлкөдөгү банктарына түшкөн

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин Коррупцияга каршы күрөш кызматы 1993-жылдан 2002-жылга чейин өлкөнүн башында турган мамлекеттик органдар жана кызматкерлер чет элдик банктар менен макулдашып кымырып алган фактыларды аныктады. Бул каражаттар негизинен тамак-аш, жеңил өнөр жай, фармацевтика, тоо, кен, таштандыны кайра иштетүү боюнча заводдорду өнүктүрүү максатында алынган карыздар болгон. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирүү таркатты.

Маалыматка ылайык, бир катар ишканалар Кыргызстандын өкмөтүнүн кепилдиги менен жалпы суммасы бир миллиард АКШ долларынан ашуун суммада 40тан көп насыя алган. Күрөө катары өлкөдөгү алтын резервинин бир бөлүгү көрсөтүлгөн. Бирок, алынган насыялар өлкөгө келбей, чет элдик банктар менен өз ара макулдашылып, башка өлкөдөгү банктарга которулуп турган. Насыя алгандар акыры банкрот деп жарыяланып, ишканаларынын каттоосун жок кылышкан. Насыянын мөөнөтү өтүп кеткенде чет элдик банктар алтын менен коюлган күрөөнү алып турушкан. Бул насыялардын бир бөлүгү азыркыга чейин төлөнүп жатат.

Белгилей кетсек, учурда Кыргызстандын мамлекеттик карызы, тышкы жана ички карыздарды кошкондо, 378 миллиард сомду (4,8 миллиард доллар) түзөт. Анын 86,6% – тышкы карыз жана бул сумма 328 миллиард сомго барабар (4,1 миллиард доллар).

Мына ушундайча Кыргызстан калкы чет элдик колонизаторлор менен бирге аларга табакташ аткаминерлердин зулумдугу астында күн кечирүүдө. Бир жагынан тышкы каржылык уюмдар мамлекетти дагы да жакырлыкка түртө турган милдеттемелер менен карыз берет. Башкача айтканда, алынып жаткан карыздар эч кандай экономиканы көтөрө турган ишканаларды ачуу үчүн эмес, айлык-акы, пенсия жана жөлөк-пулдарды берүү үчүн гана берилет. Натыйжада, бийлик ар дайым ички карызды төлөө үчүн тышкарыдан карыз алууга мажбур болуп калат. Экинчи жагынан, аны алган аткаминерлер жогорудагы сыяктуу махинациялар менен өздөрүнүн сол чөнтөгүн толтурушат. Буга карыз берген колонизаторлор да кызыктар. Анткени, өлкө жакыр абалда, тилемчилик менен жашашы аларга болгон көз карандылыкты дагы да күчөтөт.

Буга кошумча ар бир төңкөрүштө жетекчи топ алмашканы менен башкаруу системасы өз ордунда калууда! Башкача айтканда, эски жана жаңы жетекчи топтордун бардыгы бир саясий чөйрөнүн өкүлдөрү болуп, алардын бардыгы куфрга негизделген капиталисттик башкаруу системасын колдонушат. Жаңы жетекчи топ мурункулары сыяктуу эле атаандаштарын сындыруу үчүн бир катар иштерди кылышат. Мындай коррупция механизминен ушул күнгө чейин бир топ элита өкүлдөрү пайдаланып келе жаткан болсо, калгандары сүкүт сактоо менен ыраазы болушкан.

Жыйынтыктап айтканда, Кыргызстанда чиновниктерден баштап, сот, прокуратура, коопсуздук кызматы, күч түзүмдөрүнүн бардыгы коррупцияга белчесинен батып калган. Бул режим – коррупцияга каршы коррупциялык жол менен күрөшүп жаткандай, башкача айтканда, өздөрү баткакта туруп баткак менен күрөшмөкчү болууда. Буга кошумча, өлкөдөгү коррупциялык схемалар эл аралык капиталисттик түзүмдүн коррупциялык аракеттерине байланган.
Негизи коррупция проблемасы – жеке адамдарда же чиновниктерде эмес, тескерисинче бардык нерсени материалдык кызыкчылык үсүтүнө курган капиталисттик түзүмдө. Себеби, бардык чиновниктер жана саясатчылардын көздөгөнү убактылуу ээлеп турган кызматынан пайдаланып калуу болуп, алар элдин эсебинен байып кетүүдөн башка нерсени билишпейт. Алар Аллахтын алдында да, адамдардын алдында да жооп бериштен коркушпайт. Коррупционерлерди көзөмөлдөөчү органда иштегендердин өздөрү да ушул балээге кириптер болушкан. Капиталисттик түзүм колдонулуп жаткан соң, коррупция балээси элдин канын сүлүктөй соро берет.
Коррупция балээсинен кутулуунун бирден-бир жолу – бул исламий мамлекетти тикелөө. Исламда саясат адамдарды камкордук менен башкаруудан турат. Мамлекет жетекчилери үммөт тарабынан тынымсыз көзөмөлдөнөт, керек болгон учурда махкаматул мазолим мекемелеринде жоопко тартылышат. Мындан тышкары, аларды акыретте эң катуу эсеп-китеп күтөт. Себеби, Исламдагы саясат – бул пайдалануу эмес, тескерисинче, Аллах Тааладан корккон абалда аткаруу керек болгон аманат.

Мумтаз Маверанахрий

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here