Франциянын Ислам жана мусулмандар туурасындагы кезектеги токтомдору Батыш хазараты «акылынан ажыраганын» ачык көрсөтүүдө

274
0

Басма сөз баянаты

Франциянын Ислам жана мусулмандар туурасындагы кезектеги токтомдору Батыш хазараты «акылынан ажыраганын» ачык көрсөтүүдө

2020-жылы 2-октябрь күнү Франция президенти Эммануэль Макрондун басма сөз конференциясы жарыяланды, Макрон ушуларды баса белгиледи:

«Бүгүнкү жолугушуубуздан эки максат көздөлгөн, биринчиси, проблемаларыбыздын негизги маңызын о.э. бүгүнкү коомубузда республикабызга жана биримдикте жашообузга эмне коркунуч туудуруп жатканын эч бир тыюуларсыз, бирок, жеңил да санабай аныктоо. Экинчиси, биз акыркы үч жылдай убакыт ичинде кабыл алган жана жакынкы апталарда өкмөт менен бирге аяктаган токтомдор ийгиликтүү натыйжа бергенин маалымдоо».

Андан кийин Макрон Францияда жашаган мусулмандардын иш-аракеттери жөнүндө узак сүйлөп, мусуландардын жеп-ичүүдө, кийинүү жана перзенттерине таалим берүүдө жасап жаткан иштери «сепаратисттик ислам» болуп эсептелет, бул француз калкына коркунуч туудурууда деди. Ал Франция мамлекети мусулмандардын мындай иш-аракеттери менен өзгөчө алектенүү максатында ушул жылдын аягында мыйзам чыгарууну пландап жатканын кошумчалады.

Батыштын аң-сезиминде Франция заманбап хазараттын башталгыч борбору болуп эсептелет. Франция мамлекетинин ушул токтому Батыш хазаратынын акыйдасы өлгөнүн о.э. бул хазарат акылдан ажыраганын жарыялоо сыяктуу. Илманий акыйда Батыш калктарын бир бүтүн калкка айланта албады. Мына, өлкөдөгү текчилдикке каршы демонстрациялар жана оңчул партиялардын ашынган саясий иш-аракеттери Батыш борборлорун өз иримине тартууда, Батыш коому ичинде класстык кескин бөлүнүүлөр ачыктап, Батыш өз коомундагы катмарларга канчалык текчил мамиледе болуп жатканын ачыкка чыгырууда. Илманийликтин мусулман өлкөлөрүндөгү абалы мындан жакшы эмес. Бүгүн илманийлик жан берүүдө.

Батыш акыйдасы өлүп, анын хазараты акылдан ажыраганына далилдер көп. Алардын бири – Франция мамлекети белгилүү «1995-жылдагы мыйзамды» кайра талкуулап жатканы. Т.а. алар бул мыйзамды негизинен мусулмандарды кысымга алууга ылайыкташтыра албай жатышат. Негизи, илманийликтин Францияда эң ыйык белгиси ушул мыйзам болуп эсептелет. Мындай маскарапоздуктун жийиркеничтүү көрүнүштөрүнүн бири ушул: Батыштагы илманий идеологдор бөлүнүп кетишкен, бириге алышпайт жана бул Франциянын эки жүздүүлүгүн көрсөтүүдө. Карагыла, бүгүн алар жаңы мыйзам чыгаруу керек экендигин моюнга алып, өзүлөрүнө өздөрү каршы чыгып, «эркиндик, теңдик, боордоштук» сыяктуу эки жүздүү ураандарын актоого урунуп жатышат. Муну менен Батыш хазараты адамзатты бириктире албаганын өздөрү ачыкташууда.

Франция Исламга жана анын символдоруна карата душмандык позициясын карманып жатканы Батыш Ислам жана мусулмандарды канчалык жек көрүүсүн көрсөтүүдө. Көптөгөн батыштык илманий идеологдор мусулмандардын жогорку касиеттерине текебердик менен, маскаралагандай назарда карашат, негизи, мындай көз караш туура инсаний табиятка тескери. Бул көз караштарды бир нерсе менен гана түшүндүрүү мүмкүн, ал да болсо, батыштыктар кресттүү ата-бабалары калтырып кеткен жек көрүүнү кайрадан сокурларча кабыл алышууда.

Батыш мамлекеттерин зыярат кылган киши ушуну түшүнүп жетет: ал жерде айрыкча мигранттардын экинчи жана үчүнчү мууну чыккандан кийин мусулмандардын саны дагы да көбөйүп барууда, андан тышкары, батыштыктар өздөрү да Исламды кабыл алышууда. Батыш борборлорундагы, өзгөчө, ири мамлекекеттердин борборлорундагы көрүнүштөр Ислам жана мусулмандардын касиети жайылып бара жатканын четке каккыс даражада ачык көрсөтүүдө. Бүгүн Батыш калктары мусулмандардагы улуу касиеттерди жакындан көрүп, түздөн-түз байкап жатышат. Мисалы, алар мусулмандардын аялдарындагы уятты, эркектериндеги намысты, жаштарындагы абийирди, мусулмандар намысты кандай коргоп жатканын, үй-бүлө бекемдигин сактап жатканын, жогорку аруу баалуулуктарын коргоо үчүн малын-жанын курман кылууга даяр экендиктерин көрүп жатышат. О.э. мусулмандар мас кылуучу ичимдиктерден жана бузукулуктардан жийиркенип жатышканын, Робби үчүн таквалык менен намаз окуп жатышканын, жамаат намаздарда биригип, жыл сайын көптөгөн мусулмандар ажылык кылууга шыктанып жатышканын, жаман абалга карабастан Аллах буйруган кийимди кийүүнү улуу эсептеп, Пайгамбар ﷺды канчалык сүйүүлөрүн, анын кадыр-баркын коргоодо өлүмдөн да коркпостугун жана башка көптөгөн улуу касиеттерге Батыш калкы күбө болуп жатат.

Ошондуктан, Ислам жана мусулмандарды сокурларча жек көргөн батыштыктар абдан ачууланып, мусулмандарды дининен чыгаруу үчүн болгон күчтөрүн жумшап жатышат. Ал тургай, бул үчүн чындыкты бурмалап көрсөтүүгө, аруулукту кемсинтүү, уятты мыйзамсыз дегенге туура келсе да мусулмандарга каршы күрөшүп, мындан башка чара таба албай жатышат!

Аллах Таала айтат:

﴿فَمَا كَانَ جَوَابَ قَوْمِهِ إِلاَّ أَن قَالُوا أَخْرِجُوا آلَ لُوطٍ مِّن قَرْيَتِكُمْ إِنَّهُمْ أُنَاسٌ يَتَطَهَّرُونَ﴾

«Коомдун: «Лутту ээрчиген адамдарды шаарларыңардан чыгарып жиберпгиле, себеби, алар чектен ашык тазасынган адамдар экен!», – дештен башка жообу болбоду»                 [7:82]

Макрондун Ислам бүткүл дүйнөгө проблема болуп жатат деген сөзүнө келсек, бул Ислам Умматын жаманатты кылып көрсөтүү аракети болуп эсептелет. Бүгүнкү күндө Уммат тартып алынган өз бийлигин кайра колго алуу үчүн күчтүү толкууда. Негизи, Умматтын бийлигин тартып алгандардын бири Франция болот. Франция каргашалуу Сайкс-Пико келишими аркылуу Умматтын бийлигин тартып алган. Ушул себептен улам, Макрон басма сөз конференциясы учурунда Франциянын жакында Шам өлкөлөрүндө жана Жээк регионунда (Африкада) Халифалыктын кайра тикеленишин алдын алганын айтып, анын өлкөсү Халифалык мамлекетине душман экенин билдирүүнү унутпады. Акыйкатта болсо, Макрон ал жерлерде француз армиясы Халифалыкты жарыя кылган бир уюмду гана жок кылган, ал уюм чыныгы Халифалык болбогонун өтө жакшы билет. Чыныгы Халифалык тикеленгенде ага бүткүл жер жүзүндөгү Исламий Умматтын жүрөгү умтулат жана ал бүткүл дүйнө калктары башынан өткөрүп жаткан бактысыз абалга хазарий альтернатива болот.

Эй Батыш өлкөлөрүндө кеңири жайылган мусулмандар!

Улуу Исламыңарда бекем тургула жана «французча ислам» деген нерсеге таптакыр макул болбогула, себеби, Аллах акысы, ага ыраазы болуу – кыйроо. Бул илманийлер силерди аябай жаман көрүп жатышканынын себеби – силер Исламды бекем кармап жатканыңар жана алардын бузгунчу хазаратына сиңишип кетпегениңер. Исламдын күч-кубаты, Аллахтын уруксаты менен, шексиз кайра тикеленет, ошондой болгон соң, Аллахка тобокел кылгыла жана диниңерде бекем тургула. Аллах Таала айтат:

﴿وَمَا لَنَا أَلاَّ نَتَوَكَّلَ عَلَى اللَّهِ وَقَدْ هَدَانَا سُبُلَنَا وَلَنَصْبِرَنَّ عَلَى مَا آذَيْتُمُونَا وَعَلَى اللَّهِ فَلْيَتَوَكَّلِ الْمُتَوَكِّلُونَ﴾

«Бизди жолубузга баштаган Аллахка эмне үчүн тобокел кылбайбыз, албетте, биз силер жеткирген азарларга сабыр кылабыз, тобокел кылуучулар Жалгыз Аллахка тобокел кылышсын»

                                                                                                                                 [14:12]

Эй мусулмандар!

Франция мамлекети француз калкынын каалоосун өлкө ичинде да, сыртында да зордоп өткөрүп жатканын көрбөй жатасыңарбы?! Эгер француздардын мамлекети болбогондо ушундай кыла алышат беле?! Демек, биз силерди Халифалык мамлекетин кайра тикелөөгө чакырып жатабыз. Негизи, мамлекет – Аллах Уммат үчүн белгилеген мыйзам болуп, Уммат ушул мамлекет аркылуу өзүн сактап калат жана өз хазаратын дүйнөгө жаюуга жетишет. Ошондуктан, биз силерди Пайгамбарлык минхажы негизиндеги экинчи рошид Халифалык мамлекетин тикелөө үчүн биргеликте аракет кылууга чакырабыз.

Убай ибн Каъб Расулуллах ﷺдын мындай дегенин риваят кылат:

«بَشِّرْ أُمَّتِي بِالسَّنَاءِ وَالرِّفْعَةِ وَالتَّمْكِينِ فِي الْبِلَادِ…»

«Умматка ушул кушкабарды жеткиргин: ал албетте бийиктикке, улуулукка жана жер жүзүндө үстөмдүккө жетишет».

 

Мухандис Салахиддин Азаза

Хизб-ут-Тахрирдин

борбордук маалымат бөлүмүнүн төрагасы

 

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here