Ислам фалсафасы

254
0

بِسْمِ اللَّهِ الرَّحْمَنِ الرَّحِيمِ

 Ислам фалсафасы

Фалсафа – бул хикматты жакшы көрүү. Хикмат – бул аклий хужжат. Демек, фалсафа аклий хужжатташууну жакшы көрүү. Фалсафий талкууларда өз пикиринин тууралыгы үчүн да, каршы пикирлердин каталыгын да аклий далилдөө негизиндеги талкуулар болот. Бул философдордун фалсафага берген аныктамасы. Мындай хужжатташуу Исламга тескери эмес, балким Ислам талап кылган негиздерден, Аллах Таала айтат:

أَمْ اتَّخَذُوا مِنْ دُونِهِ آلِهَةً قُلْ هَاتُوا بُرْهَانَكُمْ هَذَا ذِكْرُ مَنْ مَعِي وَذِكْرُ مَنْ قَبْلِي بَلْ أَكْثَرُهُمْ لَا يَعْلَمُونَ الْحَقَّ فَهُمْ مُعْرِضُونَ

“Же Аны коюп (башка) «кудайларды» таап алыштыбы?! (Эй Мухаммад), айткын: («Эй, Аллахтын өкүмдөрүнө кайтпаган мушриктер (демократтар), мына ушул ширктериңер чындык экендигине) хужжат-далилиңерди көрсөткүлө! Мына мени менен бирге болгон (момундардын) эскертмеси (т.а. Куран) жана менден мурункулардын эскертмелери (т.а. Тоорот, Инжил. Мына ушул китептердин кайсы биринде Аллахтан башка да мыйзам чыгаруучулар бар экендигине хужжат-далил бар?!)» Жок, алардын көпчүлүгү Акыйкатты билбей туруп, (Андан) баш тартуучулар”.[21:24]

وَمَنْ يَدْعُ مَعَ اللَّهِ إِلَهًا آخَرَ لَا بُرْهَانَ لَهُ بِهِ فَإِنَّمَا حِسَابُهُ عِنْدَ رَبِّهِ إِنَّهُ لَا يُفْلِحُ الْكَافِرُونَ

“Ким өзү үчүн эч кандай далил болбой туруп Аллах менен бирге башка бир кудайга дуба кылса, демек, анын эсепкысабы Роббисинин алдында болот. Албетте кафир болгон кишилер нажат таппайт-кутулбайт”. [23:117].

Фалсафаны түшүнүүнү жеңилдештирүү үчүн үйдү, кадимки эле үйдү, мисалы өзүңүз жашап жаткан же курмакчы болгон үйдү мисал келтиремин. Сиз жашап жаткан үй өз ордунда турат. Анын сүрөтүн (фотосун), видеосун же планын көрсөтүүгө болот. Сиз кеңеш алуу максатында, “ушул үйдүн кемчиликтери, оңдоо керек болгон жерлери боюнча же кошумча кылуу жөнүндө кеңешиңиз керек” деп үйүңүздүн сүрөтүн, видеосун же планын адистерге көрсөтүшүңүз мүмкүн. Булар колуңузда болбосо т.а. курулуп бүтө элек, эми курмакчы болгон үй боюнча кеңеш алмакчы болгонуңузда адистерге үйүңүздү аклий сүрөттөп бересиз. Эгер пикирлерде келишпестиктер болсо, ар бир тарап өз пикири туура экенин о.э. каршы тараптын пикири ката экендигине далил-хужжат келтирүү талап кылынат. Эгер курмакчы болгон үйүнүз кемчиликтерсиз болушун кааласаңыз курулушу көздөлүп жаткан үй жөнүндө да, аны кандай куруу жөнүндө да ишенген адистер менен кеңешип, карама-каршы болгон орундарда далил-хужжаттарга негизделип, анык бир чечимге келишиңиз табигый көрүнүш. Антпесе, ката кетирген болосуз, туурабы?! Кандай үй куруу планын сызып сүрөттөө мүмкүн болсо да, бирок аны кандай куруп бүтүрүүнү фалсафий түшүнөбүз.

Эми сөз коом  жөнүндө болуп жатканда – бул өтө жоопкерчиликтүү тема – бир пикирлеп көрүңүз да, бир үйдү куруу үчүн канча чыгым, канчалаган акча, мээнет кетет. Коомду оңдоо же куруу үчүн болсо, үйгө караганда миңдеген эсеге көп каражат, мал-дүйнө, мээнет талап кылынат. Өзүңүзгө келиңиз да, дагы бир жолу пикирлеп көрүңүз! Пикирлеңиз боордош! Андан кийин далил-хужжат келтириңиз! Адистердин иш планын үйрөнбөстөн коомду куруу сыяктуу жоопкерчиликтүү ишти өз мойнуна алган адамды ким деп ойлойсуз?! Үммөт ошондойлордун айынан алсыз болуп калбадыбы, үмүтсүздүккө түшүп калбадыбы?!

Коомдун соо-саламат же бузук экенин билүү аклий хужжатташуу негизинде гана болот  т.а. фалсафий негизде болот. Бузук коомдун бузук экенин көрсөтүүдө да, курмакчы болгон коомубуздун туура жана кемчиликсиз экенин далилдөөдө да аклий хужжатташуу негизинде түшүндүрүлөт. Биз жашап жаткан коомдогу түзүмдөрдүн туура же ката экендиги, бузук коом болсо, анын кайсы тармагы, эмнелери бузук экени аклий хужжат келтирүү жолу менен гана болот. Себеби, коомдун негиздери төртөө (адамдар, пикирлер, туйгулар жана мыйзамдар) болуп, алардын бузук же соо-саламат экенин фото же видео аркылуу сүрөттөө мүмкүн эмес. Бир гана аклий хужжат келтирүү жолу менен түшүндүрүү, далилдөө мүмкүн. Коом кандай болушу жөнүндөгү тасаввур о.э. аны вакиъде пайда кылуу, бузулуп кетишинин алдын алуу же башка өлкөлөргө да жаюу жөнүндөгү тасаввур фалсафа деп аталат. Фалсафанын аныктамасы о.э. вакиъси мына ушундай!

Коом жөнүндө баш катырып жаткан, анын туура, соо-саламат же ката, бузук коом экенин текшермекчи болгон о.э. коом бузук болсо, оңдоо үчүн аракет кылуучу же ката болсо, оңдоочулар өздөрү каалап жаткан коом жөнүндө толук тасаввурга ээ болуусу же ушул тармакты жакшы билген адамдарды ээрчиши керек, антпесе, бейпайда күч жумшамакчы болгон акмактар сыяктуу болуп калышат. Кандай үй кылууну билбеген о.э. кандай курууну билбеген адам үй курууга киришсе, андай адамга кандай баа бересиз?! Ошондой аферист “уста”га чогултуп койгон курулуш материалдарыңызды ишенип тапшырасызбы?! Албетте, жок. Үй куруудан мурда устаны жакшылап текшересиз. Коом да жашообузга бекем байланган жалпы “үйүбүз”. Аны өзгөртүү, оңдоо көпчүлүк менен ишке ашат. Ошондуктан, кандай коомдо жашашыбыз жөнүндө бир пикирге келмейинче өз коомубузду кура албайбыз. Себеби, коомго бардыгы белгилүү бир деңгээлде таасир өткөрөт. Аны бузуу үчүн эмес, оңдоого, бейпилдигине, өнүгүшүнө салым кошуусу үчүн өнүккөн коомду толук тасаввур кылышы, жок дегенлде алар ээрчип жаткан жетекчилерде бул тасаввур болушу зарыл. Биз өзүбүз үчүн ыраазы боло турган коом жөнүндө бирдей пикирлер болушу менен ким коомду бузмакчы, ким өнүктүрмөкчү экенин ажыратуу негизи пайда болот о.э. коомду өнүктүрүү үчүн активдүүлүк көрсөтүп жаткандар “элдик баатыр” деген наамга татыктуу болуп, элдин алкышы менен кубаттана турган, коомду бузууга аракет кылып жаткандар болсо, эл душмандары, саткындар экени белгилүү болуп, коомдон куула турган бирдей туйгулар коомдо өкүмдар болот. Ушул пикир жана туйгулар өкүмдар болгон коомду тартипке салып туруучу мыйзамдар да дал ушул пикирлерге негизделиши шарт. Ошондо гана баардыгы коомду өнүктүрүү үчүн бир денедей аракет кылышат, коомду өнүктүрүү үчүн салым кошууга шашылышат. Себеби, коомдогу өкүмдар пикир жана туйгулар ар кандай адамды кайдыгер таштап койбойт. Мыйзамдар болсо, жакшылык кылуучуларга жардам берет, бузукуларды темирдей түзүм менен тыйып коёт.

Биз азыркы коомго ыраазы эмеспиз, муну оңдош керек, себеби ал ката негизге т.а. адамдар ойлоп тапкан түзүмдөргө негизделген кайры исламий коом. Бул коомдордун негизи – Демократия – куфр болуп, ага эътикад кылгандар кафирлер болуп эсептелишет. Алардын тамактары арам, алар менен момундар куда-сөөк болуусуна Аллах Таала тыюу салган. Демек, алар менен нике келишими сахих болбойт, төрөлгөн балдары “валадизина”(зынадан жаралган балдар) болот. Термизий чыгарган хадисте Адий ибн Хотам айтты: «Мен Набий(с.а.в)дын алдына келдим – мойнумда алтындан хоч (крест) бар эле. Ал зат мага: Бутту алып ташта, – деди жана «Бароат» сүрөсүнөн мына бул:

اتَّخَذُوا أَحْبَارَهُمْ وَرُهْبَانَهُمْ أَرْبَابًا مِنْ دُونِ اللَّهِ

Алар Аллахты коюп өздөрүнүн даанышмандарын, рахибдерин жана Масих ибн Марямды кудайлар деп билишти.[9:31] аятты окуп, мындай дегенин уктум: «Туура, адамдар рохибдерге ибадат кылышпаган, бирок рохибдер бир нерсени адал дешсе, адамдар аны адал эсептешкен, бир нерсени арам дешсе аны арам эсептешкен». Демократиядан баш тартып, Аллах Тааланын өкүмдөрүнө кайтуу момундук болуп эсептелет. Демократтар кафир экенин мен ойлоп тапкан жокмун, Аллах Таала айтып жатат:

وَمَنْ لَمْ يَحْكُمْ بِمَا أَنزَلَ اللَّهُ فَأُوْلَئِكَ هُمْ الْكَافِرُونَ

Кимде-ким Аллах түшүргөн дин менен өкүм кылбаса, анда алар кафирлер. [5:44].

Биз кабыл алган пикирлер да, ыраазы-нааразы болушубуз негизи болгон туйгуларыбыз да, өз ара иштерибизди тартипке салып туруучу мыйзамдарыбыз да Расулуллах(с.а.в) алып келген рисолат негизинде болушу момундуктун шарттарынан. Аллах Таала айтат:

فَلَا وَرَبِّكَ لَا يُؤْمِنُونَ حَتَّى يُحَكِّمُوكَ فِيمَا شَجَرَ بَيْنَهُمْ ثُمَّ لَا يَجِدُوا فِي أَنفُسِهِمْ حَرَجًا مِمَّا قَضَيْتَ وَيُسَلِّمُوا تَسْلِيمًا

 “Жок, Роббиңе ант, тээ алар өз ортолорунда чыккан келишпестиктерде сени өкүм чыгаруучу кылышмайынча жана сен чыгарган өкүмдөн дилдеринде эч кандай мүчүлүштүк таппай, толук моюн сунушмайынча эч качан момун боло алышпайт[4:65]. Аллах Таала бардык нерсени баян кылуучу рисалатты түшүргөн, мындан шектенүү да кафирлик болуп эсептелет:

وَنَزَّلْنَا عَلَيْكَ الْكِتَابَ تِبْيَانًا لِكُلِّ شَيْءٍ

Сага — бардык нерсени баян кылып берүүчү Китепти-Куръанды түшүрдүк”. [16:89]. Даркутний риваят кылган хадисте Расулуллах(с.а.в) мындай деди:

«كُلُّ أَمْرٍ لَيْسَ عَلَيْهِ أَمْرُنَا فَهُوَ رَدٌّ»

“Биз амрибизден болбогон ар бир иш кайтарылган”.

Бул далилдер иштерибиз туура болушу, коомубуз бейпил болушу о.э. өнүгүшүбүз үчүн Исламды үйрөнүшүбүз шарт. Муну менен адам белгилүү бир ишти кылып жаткан жана Аллахка болгон байланышын идирек кылып жаткан убакта ушул идирекке ылайык ошол ишке кадам коюу же андан баш тартуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот. Себеби, ал иштин түрүн, сыпатын жана кыйматын билет. Биз шахадат калимасын айтып жатканыбызда Жаратуучуну эле эмес, жашоодогу бардык иштердин чечимин Ал Заттан алууну моюнга алганбыз. Сахабалар момундуктун негизи болгон “ЫЙМАН”ды аныктап алуу үчүн Расулуллах(с.а.в)дан сураганда Расулуллах (с.а.в.) төмөнкүдөй жооп берген:“Ыйман жетимиш канча же алтымыш канча бөлүк болот, эң жогоркусу “ла илаха иллалах” сөзү жана эң төмөнкүсү жолдон азарды кетирүү,  уят (да) ыймандын бир бөлүгү”– деген.

Мына ушундан белгилүү болгондой, Ислам фалсафасы материяны рухка – Аллахты билип турууга – аралаштыруудан т.а. иштерди Аллахтын амру-нахийлерине ылайык кылуудан турат. Бул фалсафа ар бир иш үчүн – ал канчалык аз же көп, кичине же чоң болушуна карабастан – зарыл жана туруктуу фалсафа. Бул фалсафа ошол эле учурда жашоонун көрүнүшү. Исламий акыйда жашоонун негизи, фалсафасынын негизи болгону үчүн исламий дүйнөкараш т.а. Ислам көз карашындагы жашоо жөнүндөгү түшүнүктөр топтому бир гана рухий негизге т.а. акыйдага курулат. Анын жашоону сүрөттөшү материаны рухка аралаштыруу. Анын назарында бактылуулуктун мааниси Аллахтын ыраазылыгы.

Гариб Муслим

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here