Тажикстандагы президенттик шайлоодо учурдагы ажо «анык» алдыда келе жатат.

293
0

Тажикстандагы президенттик шайлоодо учурдагы ажо «анык» алдыда келе жатат.

Sputnik Тажикистандын кабарлашынча, 11 октябрда өткөн президенттик шайлоодо учурдагы ажо Эмомали Рахмон 90,92% добуш алды.
Эмомали Рахмон 68 жашта, ал бешинчи мөөнөткө талапкерлигин койгон. Бул саясатчы дээрлик 1994-жылдан бери өлкөнү башкарып келет.
Мыйзам боюнча Тажикистанда бир талапткер эки мөөнөттөн ашык президент болушу мүмкүн эмес. Бирок, ага карабай, 2016 – жылы конституцияга өзгөрүүлөр киргизилип, Эмомали Рахмон «журт атасы» аталгандан бери, ага каалаганча талапкерлигин коюу мүмкүнчүлүгү берилген.
Апрель айында ажонун уулу Рустам Эмомали Парламенттин Жогорку Палатасынын (Межлиси Милли Межлиси Олий) төрагасы болуп дайындалган. Ошентип ал Тажикстандагы экинчи фигурага айланган. Учурдагы ажонун өлүмү же кызматтан кетүүсү же башкаруудан баш тартуу учурунда Рустам шайлоо болгуча башкарууга укуктуу. 2016 бери президенттин администрациясын ажонун кызы Озода Рахмон башкарып келет.
БШКнын шек жаратуучу билдирүүсүнө каршылай, чынында, тажик элинин көпчүлүк бөлүгү Рахмондун тактыдан кетүүсүн каалайт. Себеби, ал, иш жүзүндө 28 жылдан бери диктатордук режим орнотуу менен бирге мамлекеттик байлыктардын эсебинен өзүнүн жана санаалаштарынын капчыктарын толтуруу менен алек. Ал, 2009 – жылы ишке ашырам деп 2006-жылы эле убада кылган стратегиялык максаттарынын бири да ишке ашкан жок, алар: азык-түлүк коопсуздугу, энергетикалык коопсуздук, коомуникациялык тунгуюктан чыгуу жолдору ж.б. Андан бери коп жылдар өтсө да элдин калың катмары кедейликтин сазында күн өткөрүп келет. Аялдардын көпчүлүк бөлүгү толук кандуу тамактанууга муктаж, 5 жашка чыга элек балдардын 30 % дан көбүндө физикалык жактан өөрчүшү начар абалда. Тажикстанда азык-түлүк дефицити көнүмүш адатка айланган. Энергетикалык маселелерге келсек, жыл сайын мамлекет ага чектөө киргизет жана айрыкча эл муктаж болгон кыш мезгилинде электр энергиясы маал маалы менен өчүрүлүп турат. Коммуникациялык тармакта дагы деле жылыштар жок, өлкөнү түштүк тараптагы коңшулары менен байланыштыруучу темир жолдор курула элек. Индустриализация процесстери дагы деле төмөн деңгээлде, ал эми жумушсуздуктун айынан миллиондон ашык эмгек мигранттары чет жактарда кор болуп жүрүшөт.
Рахмондун диктатордук режими элдин мойнуна үлкөн салыктарды жүктөп, экономиканын кирешелүү бир катар тармактарына ээ болуп, анын балдары, кыздары, күйөө балдары жана башкалары менен биргеликте элдин эсебинен эбегейсиз байып келишет. Миллиарддаган акчалар чет жактарга чыгарылып кетип жатат. Буга каршылык билдирген жарандарды эл душманы кылып, террорист жана экстремист деген куру доомат артууда.
Мындан тышкары, бул режим Исламдын бардык көрүнүштөрү менен күрөшүн улантууда. Мыйзам деңгээлинде жашы18 ге жете элек балдар жана өспүрүмдөргө мечитке барууга тыюу салынган. Ал эми ажылык милдетин өтөө үчүн жарандар 40 жашка чыккан болушу зарыл. Диний билим берүүгө тыюу салынган. Ар кандай формадагы даават иштери да ооздукталган. Мына ошондуктан да, Ислам динине душман Россия Рахмонго жан тартып, колдоп кубаттап турат. Мунун баары өлкө ичиндеги социалдык чыналуунун, коңшу өлкөлөрдөгү (Кыргызстан, Белоруссия) толкундоолордун коштоосунда болуп жаткан окуялар. Демек, Эмомали Рахмон Россия үчүн Исламга каршы бир тосук жана Тажикстандагы мусулмандардын өсүп өнүгүшүнө каршы койгон диктатору. Ал эми тажик коомунун Исламга болгон умтулуусу, талпынуусу жарандык согуш убагында, андан кийин Хизбут-Тахрирдин бул региондо иш алып баруусунда даана көрүндү.
Эй, Тажикстан мусулмандары! Сиздер динди жашоодон ажыратуу акыйдасына негизделген демократия чүмбөтүнө жамынган капитализм системасынан баш тартышыңыздар керек! Анткени бул түзүм жалаң гана капиталистерге жана империалист-колонизаторлордун жүгүртүктөрү болгон диктатор-малайлардын элдин эсебинен байып жашоосуна кызмат кылат. Мындан кутулуунун жападан жалгыз жолу – Ислам мабдасын кайрадан тикелеп, эки дүйнө бактысына жетүү!
Абдулла Туркистани

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here